СУЛТАН: "Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыкканы адилеттүү чечим болду"

Мурдагы элчи
Кылычбек Султандын пикиринде, учурда коом адилеттүүлүккө суусап турат.
"Бул суроого менин жообум кыска эле: адилеттүү чечим болду. Азыр коомубуз адилеттүүлүккө суусап турганда бийлик тараптан ушул сыяктуу адилеттүү чечимдердин көп болушу – жалгыз туура жол", - деди Султан.
ЖОЛДУБАЕВА: "Эл Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыгуусун эмес, депутаттык мандатын тапшыруусун күткөн"

КСДПнын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаева депутат Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгуу тууралуу арызы КСДПнын катчылыгына келип түшө электигин айтты.
"Мен КСДПнын расмий өкүлү болгондон кийин бир нерсе айтсам партиянын позициясы экен деп ойлоп калышат. Ошондуктан кыска эле айтат элем. Ар бир КСДПнын мүчөсү партиядан чыгууга укугу бар. Бирок Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгуу тууралуу арызы келип түшө элек. Негизи биздин катчылыкка келип, партиядан чыгуу боюнча арыз жазуусу керек. Ал эми Жээнбековдун партиядан чыгуу тууралуу билдирүүсүн парламенттин трибунасынан билдиргени - атайын жасалган саясат. Жээнбеков Жогорку Кеңештеги чоң трибунаны пайдаланып, саясий билдирүү жасады. Ал адамга коомчулукта нааразычылыктар көп. Эл арасында "Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырып берсе болот эле" деген кептер байма-бай айтылып келет. Эл Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыгып кетүүсүн эмес, мандатын тапшыруусун күтүп жаткан", - деди Жолдубаева.
ЫБРАЙЫМОВ: "Эгер Асилбек Жээнбеков "агам президент болсо, мандатымды тапшырам" десе, анда сөзүнө туруш керек"
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымовдун айтымында, Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыкканына эки жактан караса болот. "Аны жаран катары карасак, ал партиядан чыгабы же чыкпайбы, өзүнүн иши. Ал эми саясатчы катары карасак, Жогорку Кеңештин трибунасынан партиядан чыкканы тууралуу билдирүү кылганы туура эмес деп ойлойм. Жээнбеков "мен партиядан чыктым" деген билдирүүсүн партиянын съездинде айтса туура болмок. Президенттик шайлоонун алдында Асилбек Жээнбеков "агам президент болсо, мандатымды тапшырам" деп убадасын берген, деген кептерди партиялаштары айтып келишет. Эгерде Жээнбеков чындыгында жогорудагыдай убада берсе, мандатын тапшырышы керек эле", - деди Ыбрайымов.
ШАКИЕВ: "Учурдагы КСДПдагы жийиркеничтүү абал Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгышына түрткү болду"

Коомдук ишмер
Нурланбек Шакиев КСДП партиясынын беделдүү мүчөлөрү
Асилбек Жээнбековдун артынан партиядан чыгышы толук мүмкүн экенин белгиледи.
"Учурдагы КСДПдагы жийиркеничтүү абал Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгышына чоң түрткү болду. Анткени Жээнбеков өз сөзүндө деле "КСДП партиясынын азыркы абалына зээним кейип жатат" деп айтты. Анын партиядан чыгып кеткени туура эле болду. Себеби кыйыр жана түз түрдө "КСДПнын чачыранды абалга түшүп калганына Асилбек Жээнбековдун салымы чоң" деген айыптоолорду Алмазбек Атамбаев жана анын тегерегиндегилер айтып келишти. Мындан ары да аталган партиянын мүчөсү болуп келген беделдүү инсандардын КСДПдан чыгышы толук мүмкүн. Буга Асилбек Жээнбеков жол ачып берди деп ойлойм", - деди Шакиев.
АЛТЫМЫШЕВ: "Асилбек Жээнбеков экиге бөлүнгөн партияны таштап кеткенден эч нерсе утпайт"

Журналист
Тынчтык Алтымышев Асилбек Жээнбеков партия аркылуу мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалаганын белгилеп өттү.
"Асилбек Жээнбеков КСДПны эң оор учурда таштап кетти. Өзү айткандай, ал партияга кан-жаны менен берилген, эң оор кырдаалдарда партиянын туусун көтөргөн, ошону менен катар партия аркылуу мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалаган эле. Андыктан, ал экиге бөлүнгөн партияны таштап кеткенден эч нерсе утпайт. Тескерисинче кырдаал мынчалык чыңала электе мандатын тапшырып, бирок КСДПнын ажырабай сакталып калышына жан үрөсө болмок. Азыр кеч, партиядагы процесс ага көз каранды эмес. Анын үстүнө ал партиядан кетип, фракцияда калганы абдан талаштуу болду", - деди Алтымышев.
Ал эми Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутат Асия Сасыкбаева, медиа-эксперт Гүлнура Төралиева жогорудагы суроого жооп берүүдөн баш тартышты.