КҮНСОБОЛ: Эртең Жээнбековдун президенттик кызматына киришкенине бир жыл болот. Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?

Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталы "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген собол салды.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Коррупцияга каршы күрөшүүдө ЖЭБге байланыштуу адамдар гана камалып жатканы эсимде калды"

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев Бишкек ЖЭБиндеги авария эсинде калганын айтты.

"Эсимде калганы бул Сооронбай Жээнбековго байланыштуу эмес, Бишкек ЖЭБиндеги авария. Ошол авариядан буга чейинки бийликтин өкүлдөрүнүн баарынын коррупцияга баткандыгынын бети ачылып калды. Мына ушундан баштап Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда карама-каршылык өрчүдү. Ошого күнөөлүү деп мурунку президенттин куйруктары камалып кетти. Сырттагыларга президент көп деле тийишпей, ЖЭБге тиешелүү адамдар камалып жатат. Көзгө көрүнөлөрлүк иш ошол болду, андан башка жыргаткан эч нерсени көргөн жокмун. Инвестициянын келиши 30 пайыз кыскарды деп айтып жатышат. Ал канча экенин так билбейм. Анткени Кыргыз мамлекетинде инвестиция келип жатабы же насыя келип жатабы жарыяланбайт", - дейт Чолпонбаев.

КАПТАГАЕВ: "Жээнбеков Атамбаев түзгөн жеке кландык бийликти үздү"

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Сооронбай Жээнбеков президент катары жасаган эки окуяга басым жасады.

"Эсте калган биринчи окуя - бул Алмазбек Атамбаев түзгөн жеке кландык бийликтин үзүлүшү болду. Анын “сырттан туруп башкарам” деген схемасынын талкаланышы мамлекет үчүн чоң иш болду. Экинчи окуя - бул корррупцияга каршы күрөш ачылып, ири мыйзам бузуулар аныкталды. Бул кадамдардан кийин элдин акыйкаттыкка болгон ишеними кайтты. Жыл ичиндеги негизги окуялар ушулар", - деди Каптагаев.

ДҮЙШӨБАЕВ: “Жээнбеков “мародёр”, “сасыткы” деп эч кимди маскаралаган жок”

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев президент үчүн бир жылда экономикалык-социалдык көйгөйлөрдү чечүү кыйын деген пикирин айтты.

“Жалпы мекендештерибиз кабыл алгандай эле Сооронбай Жээнбековдун биринчи иш жылдыгында өзүнүн толук ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча жасаган иштери болду. Бир топ сындарды айтты, эч кимге көз каранды болбогон мамлекет башчысы катары толук кандуу саясат жүргүздү деп ойлойм. Коррупцияга каршы күрөштүн жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн белгилейт элем. Албетте, эл арасында кадр маселеси, экономикалык-социалдык жааттагы көйгөйлөр тууралуу көп сөз болуп жатат. Баарын бир жылда чечүү кыйын. Сооронбай Жээнбековдун жасаган кадамдарынын ичинен “сасыткы”, “мародёр”, “ууру” деп эч кимди маскаралабай, бирөөлөрдүн абийирине шек келтирбей, ынтымакка, биримдикке алып келгенин чоң кадамдарынын бири деп айтып кетсем болот”, - деди Дүйшөбаев.

НАРЫН АЙЫП: "Жээнбековдун бир жылынын жарымынан көбү Атамбаевге каршы күрөшүүгө кетти"

Журналист Нарын Айып Сооронбай Жээнбековдун реформалары жай жүрүп жатканын айтты.

"Жылынын жарымынан көбү Атамбаевге каршы күрөшүү менен өттү. Президенттин коомдук уюмдар менен жолугушуп жатканы жакшы. Кээ бир сотторду кызматтан алып, кылмыш иштерин ачты. Биринчи жылында эле Жээнбеков Бириккен улуттар уюмунун жыйынына барып келди. Атамбаев болсо кызматтан кетеринде 1 жолу барган. Бирок бийликтен кетип жаткан адам менен эч ким сүйлөшпөйт да. Сотторду тазалаганы жакшы. Бирок жалпы жараян жай жүрүп жатат. Эски бийлик бардык жерде Жээнбековго бут тосууда. Мартка чейин такыр эле иштеткен жок. Сапар Исаков премьер болуп туруп президент бошоткон Болот Сүйүмбаевди кеңешпестен башка кызматка койду", - деди ал.

ТУРДУКУЛОВ: "Кадрдык маселе дагы деле суроо бойдон калууда"

Жарандык активист Адил Турдукулов президенттин бир жылдык ишин мурунку президент менен салыштырып айтып берди.

"Бизде жаңы келген президентти мурунку президент менен салыштырган адат бар. Биринчиден, ал мурунку президентке караганда бүт саясий күчтөр менен ачык диалог түзгөнгө аракет кылганы кубандырат. Экинчиден, өзгөчө тышкы саясатта коңшу мамлекеттер менен мамилени турукташтырып саясат жүргүзгөнү деп айтсак болот. Үчүнчүдөн ал коррупцияга каршы күрөшүү ишин баштады. Бирок ошол коррупцияга каршы күрөшүү канчалык негизде саясий өңүттө болбой, чыныгы коррупциялык схемалар бузулабы же бузулбайбы, бул дагы деле суроо бойдон. Төртүнчүдөн, аймактык балансты түзүүгө аракет жасаганы жакшы иш болуп саналат. Бешинчиден, массалык маалымат каражаттарына карата жеңилдетүү, доо арыздарды алып, сөз эркиндигине системдик басым болбогону жакшы жөрөлгө.

Кадрдык маселелер дале суроо бойдон калууда. Айдоочу же жан сакчылар орчундуу орунга коюлган жок. Бирок кээ бир дайындоолор ачык эмес жана түшүнүксүз болууда. Мисалы, Ош жана Бишкек шаарынын мэрлеринин шайланышы. Ош шаарынын мэри Орус жараны экени айтылды. Мисалы, Кубанычбек Кулматов түрмөдө отурат, ал эми бул кадр эмне үчүн мэр болуп отурганы түшүнүксүз. Шаардык кеңештер үстүнөн түшкөн буйрукту кынтыксыз аткарып Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашовду мэр кылып шайлаганы чоң суроо туудурат. Жергиликтүү бийликтин өз күчүнө таянып, өз саясатын жүргүзгөнгө кудурети жетпегени өкүнүчтүү. Бул дагы системдик реформаларга байланыштуу. Эгерде системдик реформалар болбосо ушундай боло берет", - деди Турдукулов.

МОЛДОКМАТОВ: "Президент "балп" этме эмес, оор басырыктуу жүрүм-туруму менен жакшы маданиятты көрсөттү"

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бийлик бутактарын баалоонун алдында Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде баа берип алуу керектигин айтты.

"Бийликти баалоонун алдында Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде баа берип алышыбыз керек. Биздин Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары тышкы саясатка тийиштүү. Демек, тышкы саясат боюнча жагдайды билебиз. Ал эми жарандык коомду мурункудай оппозиция, позиция деп бөлбөй, бардыгын бирдей чакырды. Мындан тышкары экс-премьер-министрлер жана экс-төрагалар менен президенттин жолукканы жакшы жөрөлгө болду.

Ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн башаты башталды. Эми аягына чыгарып, камакта жаткандардын жообун бериши керек. Аларды актап чыгаруу керек же соттош керек. Жыйынтыгында коррупция менен күрөш саясий куугунтукка айланып кетпеши зарыл. Президент жаңы саясий маданиятты көрсөтө алды. Тактап айтканда, "балп" этме эмес, оор басырыктуу жүрүм-туруму менен жакшы маданиятты көрсөттү. Эң орчундуу Борбор Азиядагы демократиялык аралча деп аталганга байланыштуу сөз эркиндигине басмырлоодон алыс болду. Мурунку бийликтен запкы жеген, куугунтукталган жана миллиондорго жыгылган журналисттердин соттору жакшы деңгээлде жана адилетүү каралганы жакшы иш деп эсептейм" - деди Молдокматов.

МАМБЕТОВ: "Президент бир жыл ичинде "Кумтөр" маселесин чечүүгө батына алган жок"

Экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов президент өлкөдөгү көйгөйлөрдүн кайсынысын биринчи кезекте чечүү керектигин аныктап алган жок деген пикирин айтты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков мурунку президент сыяктуу эле өлкөнү кантип башкарса боло турганы жөнүндө айтып бере алчу Кыргыз элитасынын үнүн уга алган жок. Мындан сырткары “Кумтөр” маселесин чечүүгө батына албай жатат. Бул адамдарды кыжырдантат. Ал тез арада алдамчылык жол менен чет элдик компанияларга берилип кеткен 39 алтын кенинин маселесин карап чыгышы керек эле. Алардын ичинде Кеминдеги "Талды-Булак", Таластагы "Жер-Үй", Чаткалдагы "Иштамберди", "Терек-Сай", Ала-Букадагы "Бозумчак", Кара-Буурадагы "Жамгыр", "Шыралжын" кендери бар. Бул көйгөйлөрдү чечүү менен ал элден колдоо тапмак. Бирок биз муну көрө элекпиз. Ал бир жыл аралыгында Атамбаев менен болгон көйгөйлөрүн чечүү аракетинде болду. Жарды бюджеттин маселесине кайрылган жок. Ал бюджетти өлкөгө жетиштүү деп эсептеген. Бирок постсоветтик өлкөлөрдүн арасында Кыргыз бюджети жарды болуп келет", - деди Мамбетов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан