КҮНСОБОЛ: Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?
Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. SUPER.KG порталы "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген собол салды.
НУРБАЕВ: "Дүйнөлүк практикада анклавдарды алмаштыруу жолу менен чек ара маселеси чечилгенин билбейт экенмин"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев бул маселе боюнча парламент сөзсүз өз баасын берерин айтты.
"Бул маселе боюнча расмий маалымат парламентке келе элек. Мен да маалыматты интернет булактарынан эле окудум. Жогорку Кеңеш жумушка чыккандан кийин бизге өкмөт документтерди берсе, ошол боюнча карап чыгып, кеңири позициябызды, пикирибизди билдиребиз.
Дүйнөлүк практикада анклавдарды алмаштыруу жолу менен чек ара маселеси чечилгенин билбейт экенмин. Бул боюнча ошол аймакта жашаган элдин оюн угуп, жеринин аянтын өлчөп жана башка керектүү маалыматтарды алышыбыз керек. Андан кийин гана бул иш боюнча так чечим чыгаруубуз зарыл. Эгер өкмөт келишим түзгөн болсо, анын толук шарттарын карап чыгуу зарыл. Менимче, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы толук корголгон болсо, алмаштырса болчудай", - деди Нурбаев.
БААТЫРБЕКОВ: "Такталбаган маалымат менен дүрбөлөң сала бербешибиз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун айтымында, бул маселе боюнча расмий такталганга чейин ызы-чуу салбай туруу керек.
"Бул маселе эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү жолу менен гана чечилет. Эгер алмаштыруу ыкмасы тандалса, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, иш алып баруу менен чечилиши керек. Мындай ыкма дүйнөлүк практикада да болгон. Ал үчүн эки өлкө тең жер алмаштырууга макулдугун бериши зарыл. Бул үчүн бир топ жараяндар бар. Бирок азырынча такталбаган булактарга таянып эле дүрбөлөң сала бербешибиз керек. Бул кадамыбыз ушул багытта иш алып барып жаткандарга терс таасирин тийгизет", - деди Баатырбеков.
АКМАТАЛИЕВ: "Өкмөттүн чабалдыгы маселени элге толук түшүндүрбөгөнүндө болууда"
Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жер алмашуу маселелеринде өкмөт коомчулукка маалыматты ачык бериши керек дейт.
"Бул маселенин кандай чечилиши эки тараптын оюна, достугуна байланыштуу болот. Эгер алмаштырууга ошол аймактарда жашаган жарандар каршы болбосо, бул туура эле кадам. Аларга жер берип, башка жерге көчүрсө же макул болгондор ошол мамлекет жарандыгына алса кадам туура эле ишке ашат.
Анклав - негизи татаал маселе. Бул шартта ийкемдүү саясат жүргүзүлсө жакшы болмок. Болбосо көгөрүп жата беребиз. Ошол эле эл кыйнала берет. Жер маселеси кулакка орой, кооптуу, катаал угулат. Бирок муну элге түшүндүрүү менен, ачык-айкындык менен чечсе болот. Өкмөт элден жашырбасын. Бийлик бул кадамдын терс жагын да оң жагын да ачык айтсын. Эми жерди сатып жибергидей эски бийлик да, жаңы бийлик да элине душман эмес. Дүйнөлүк практикада мындай ыкма бар. Өкмөттүн чабалдыгы маселени элге толук түшүндүрбөгөнүндө болууда", - деди саясат таануучу.
МАМЫТОВ: "Дүйнө жүзүндө чек арага жакын жайгашкан аймактарды алмашып чек ара маселесин чечкен мисалдар көп"
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, 2013-2014-жылы Барак анклавы маселеси өтө орчундуу болгон.
"2013-2014-жылдары Барак анклавы өтө орчундуу маселе болгон. Өзбек мамлекети менен чек аралардын, көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин баары жабык болуп калган. Ошондо Барактын эли аябай кыйналган. Эл Ошко Кызыл-Кыя аркылуу гана каттап калган. Азыркы президент ошол кезде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болчу, мен өкмөттө иштечүмүн. Ал экөөбүз Барактын эли менен жолукканга барганбыз. Анда эл бизге эки маселе койгон. Биринчи "биз бул жерден кетебиз, бизге Ош облусунан ылайыктуу, суусу бар, жакшы жер бергиле, үй салабыз" деп кайрылган. Алар ооруканага, пенсия алганга бара албай, Ошто, Бишкекте окуган балдары ата-энелерине бара албай жатканын айтышкан. Биз "бул Кыргыз мамлекетинин жери, силер көчүп кетсеңер болбойт" деп айтканбыз. Анда алар "силер ушул жерди алмашкыла" деп экинчи маселесин айтышкан. Бул маселени өкмөттө талкуулаганбыз. Парламенттин дагы тийиштүү комитетине кайрылганбыз. Эл кандай чечим кабыл алса, эл менен бололу деп ушуга макул болуп сүйлөшүү процесстерин баштаганбыз. 3-4 жылдан бери сүйлөшүү процесси жүрүп жатат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин чыга элек.
Дүйнө жүзүндө чек арага жакын жайгашкан айрым аймактарды алмашып, чек ара маселесин чечкен мисалдар көп. Орусия менен Прибалтика өлкөлөрү, Орусия менен Казакстан, Казакстан менен Өзбекстан, Кытай менен Тажикстан, Индия менен Пакистан, Бангладеш менен Индияда да ушундай практика болгон. Кыргыздар эле ойлоп тапкан жок. Мындай практиканы дүйнө жүзү таанып, колдоп келет", - деди Мамытов.
КОЧКОРОВ: "Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн жерлерди алмаштыруу керек, мындан башка жол жок"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров чек ара чырын чечүү үчүн жер алмаштырууну колдой турганын билдирди. Бирок ал жерлердин стратегиялык маанисин эске алууну баса белгиледи.
"Чек ара маселесин чечүү канчалык кечеңдеген сайын биз уттуруп жатабыз. Чек арада жайгашкан же Өзбекстандын аймагындагы жерде жашаган тургундардын социалдык маселеси чечилбей жатат. Аларга жумуш орун түзүлбөй, жашоо шарттары кыйын болгон үчүн алар жашаган жерин таштап башка жакка көчүүгө аргасыз болушууда. Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн жыш жайгашкан аймактагы тургундары бошогон жерлерге көз артып, биздин жерлерге кирип кетип, чек арада чыр-чатактар жаралууда.
Биз ошол көйгөйлөрдү чечебиз, чек арадагы чыр-чатактарды токтотобуз десек, анда жер алмашуу кадамына баруубуз зарыл. Мындан башка жол жок. Бирок негизги көңүл бура турган нерсе - алмаштырылып жаткан жерлердин тең салмактуулугу бири-бирине ылайык келери атайын дайындалган комиссия тарабынан аныкталуусу шарт. Кийин жергиликтүү тургундар тарабынан нааразычылыктар жаралбаш үчүн жерди салыштыруучу комиссиянын курамына жергиликтүү жамааттар да кошулуусу абзел. Анткени алар ошол жерлердин артыкчылыгы менен кемчилигин жакшы билишет.
Тең салмактуу дегенде жерлер бири-бирине көлөмү жана шарты жактан дал келсе эле алмашып салган да туура эмес. Эң башкысы, жердин стратегиялык маанисин эске алуу керек. Мисалы, коңшу өлкөлөр көз артып келген суу бөлүштүргөн жана насостук станция турган жерлер бар. Ошолорду берип коюп, алардын сууга болгон муктаждыгын чечип, өзүбүздүкүлөрдү суусуз калтырбагыдай болушубуз керек. Жердин көлөмү туура келди деп эле алмаштыра бербей, анын стратегиялык маанисин да эске алуу керек", - деди Кочкоров.
ИСАКОВ: "Чек ара маселесине бийлик жетекчилери олуттуу мамиле кылуусу керек"
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков чек ара маселесин чечүүнүн эки жолуна токтолду.
"Чек ара маселеси ар бир өлкө үчүн эң орчундуу маселе болуп эсептелет. Биздин Баш мыйзамда "Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис" деп жазылган. Ошон үчүн чек арага байланыштуу маселеге бийлик жетекчилери олуттуу мамиле кылышы керек.
Чек арага тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүнүн бир топ жолдору бар. Алардын эң жакшы эки жолу бар. Биринчиси, бул коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүп биздин тургундар жана алардын тургундары анклавдарга кыйналбай кирип чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган коридорлорду ачып берүү зарыл. Анткени ошол аймактарда илгертеден бери жашап келген тургундар Ата Журтун таштагысы келбейт. Ал жерлерде ата-бабасынын сөөктөрү көмүлгөн, көчүп кеткен учурда да бабаларга багыштап куран окутуу үчүн киндик каны тамган жерлерге барып турушат.
Ал эми экинчи жолу жергиликтүү тургундар ар кандай кыйынчылыктардан жана муктаждыктардан улам ал жерлерде жашабай башка жакка көчүп кетип жатышса, анда эки мамлекет макулдашып, жерлердин шартын жана көлөмүн салыштырып анан алмашууга барганы да туура. Муну туура эле кабыл алуу керек", - деди Исаков.