2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деп собол салды.
БААТЫРБЕКОВ: “Быйыл аймактарды өнүктүрүү иши улантылат”
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков бул жыл былтыркы жылдагыдай эле багытта жарыяланганын эске салды.
“Быйыл аймактарды өнүктүрүү иши улантылат. Союз убагында ички резервди колдонууну үйрөнүшүбүз керек деп айтып калчубуз. Тышкы инвестиция дебей айылдарды өнүктүрүүдө ошол эле аймактардан чыккандардын потенциалын жумшаганды үйрөнүү зарыл. Ошондой эле санариптештирүү боюнча да маселе турат. Мектептерди интернет менен камсыздап, тейлөөнүн бардык түрүн электрондук түрдө кылып, коррупциялык механизмдерди жоготуу иштери аткарылат деген ойдомун. Эң негизгиси мамлекетте тынччылык болуп, “мага мамлекет эмне жасады?” деп эмес, “мамлекетке мен эмне жасадым?” деп иштешибиз керек”, - дейт Баатырбеков.
ТОКТОШЕВ: “Президент Сооронбай Жээнбеков дагы деле коррупция менен күрөшүүнү улантат”
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев президент мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык иштерди катуу көзөмөлгө алат деген ойдо.
“Президент Сооронбай Жээнбеков дагы деле коррупция менен күрөшүүнү улантат. Өткөндө жолугушууда дагы “мен президенттик мөөнөтүм бүткөнгө чейин коррупция менен күрөшөм” деп айтты. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштер быйыл улантылат. Анткени жөнөкөй эле киши үй салса бир жылда бүтпөйт. Бул мамлекеттин чоң ишин бир жылда аягына чыгаруу кыйын.
Өлкөнү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө өлкө бюджетинен чоң суммадагы каражат каралган. Ушул жылдын аягына чейин санариптештирүүнү ишке ашырып алсак, Кыргыз мамлекети үчүн эң чоң ийгилик болот. Жылды атап эле коюу жетишсиз, андан майнап чыгаруу керек. Мындан тышкары мамлекеттик кызматтагы кадрлардын коррупциялык иштерге катыштыгы болсо, алар менен катуу иштерди жүргүзөт деп ойлойм. Буга Жогорку Кеңеш да жардам беришибиз керек”, - деди Токтошев.
МАМАТАЛИЕВ: “Өлкө башчы быйыл аймактарды санариптештирүү иштерине басым жасайт”
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев президент Сооронбай Жээнбеков быйыл региондорду өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурарын айтты.
“Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды. Өлкө башчынын бул багыты туура деп ойлойм. Анткени санариптик технологияларды колдонуу аркылуу коррупция менен күрөшүү боюнча көптөгөн механизмдер жокко чыгарылат. Кыргыз мамлекетинин 60-70 пайызын аймактар түзөт. Алардын жашоо-турмушу жакшырса, өлкөнүн экономикалык абалы оңолот. Ошондой эле калкты тейлөөнүн бардыгын электрондук тармакка өткөрсөк, биздин жарандарыбызга жеңилдиктерди алып келет.
Азыр ар бир министрликте каалайбызбы, каалабайбызбы советтик маалдагы, ХХ кылымдагы иш жүргүзүү калып калган. Анын баарын 21-кылымга байланыштырып санариптик технологияны колдонсок, бул биздин өлкөдөгү чоң реформалардын бири болуп саналат. Ал эми республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүүгө каражаттарды көбүрөөк бөлүшүбүз керек. Тилекке каршы, учурда шаардын борборлору менен эле токтоп калуудабыз. Быйыл өлкө башчы ушул иштерди жасоого көбүрөөк басым жасайт деп ойлойм”, - деди Маматалиев.
МОМБЕКОВ: “Өкмөт экономика жаатында эффективдүү иш көрсөтө албай жатат. Бул боюнча президент өкмөткө тапшырма бериши керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков белгилегендей, президент мамлекеттеги туруктуулукту сакташы керек.
“Мамлекеттин туруктуулугун сактоо - бул президенттин түздөн-түз милдети. Президент Кыргыз өлкөсүндөгү үч бийлик бутагынын башындагы арбитр, Конституциянын кепили болгондон кийин мыйзам алкагында болуп жаткан иштерди мындан ары дагы күчөтүшү зарыл. Мамлекет башчы “коррупция боюнча күрөштү аягына чыгарам” деп жатат, ушул багытта темпти күчөтүүсү шарт. Өкмөт экономика жаатында эффективдүү иш көрсөтө албай жатат. Бул боюнча президент өкмөткө тапшырма бериши керек.
Административдик реформаларды жасоо абзел. Кичинекей Кыргыз мамлекетине 7 облустун деле кереги жок. Кичи райондордун баарын бириктирип, бир чоң район кылып, облустарды жоюп салуу шарт. Ошондой эле жаңы жыл башталбай жатып жаңжалдарды жаратып жаткан жаңы кодекс боюнча жумушчу топ түзүүгө тапшырма берүү зарыл. Бул боюнча президентибиз тез арада чара көрүшү керек. Андан сырткары быйыл өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин ийгиликтүү өткөрүп, коңшу мамлекеттер менен мамилени жогорку деңгээлге көтөрүү абзел”, - дейт Момбеков.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Бул жыл президент үчүн оор болот"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 2019-жылы өлкөдө жана президенттин айланасында кандай саясий окуялар болушу мүмкүн экенин айтып берди.
"2019-жыл президент Жээнбеков үчүн оор болот. Оппозиция жанданып, коомдук нааразычылык күчөйт. Тоо-кен тармагы, Кытай маселеси активдешет. Өкмөт отставкага кетиши мүмкүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин тарап кетиши да күтүлүүдө. Экономика начарлап, инвестиция азаят, мындан улам митингдер, нааразычылыктар күчөйт. Ушул нерселердин баары менен президент күрөшүүгө, чечүүгө, сүйлөшүүгө туура келет. Коомдук, саясий басымдын негизинде бийлик кээ бир реформаларга, кадрдык өзгөрүүлөргө барууга мажбур болот. Негизги багыт - бюджетке каражат, экономикага инвестиция издөө жана коом талап кылган өзгөрүүлөрдү жасоодо болот", - дейт Жээнбеков.
СУЛТАН: "Жээнбеков бул жылды реформалардын эмес, репрессиялардын жылына айлантып алганын өзү байкабай калышы мүмкүн"
Мурдагы элчи Кылычбек Султан эгерде Өмүрбек Бабанов жеңишке жетишкенде азыр чечкиндүү реформалардын күбөсү болмокпуз деген пикирде.
"Жээнбеков үчүн бул жыл тагдыр чечүүчү жыл болот деп ойлойм. Карапайым эл ар дайым президенттен реформаларды күтөт. Азыр элде андай үмүт өчүп баратканы байкалууда. Өткөн жылды "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп жарыялаганы менен, чындыгында өзүн бийликке алып келген санаалаштарына каршы күрөшүү жылы болду. Эгерде Бабанов жеңишке жетишкенде азыр чечкиндүү реформалардын күбөсү болмокпуз, анткени Бабанов реформатор экенин премьер кезинде далилдей алган.
Менин чочулаганым, Жээнбеков бул жылды реформалардын эмес, репрессиялардын жылына айлантып алганын өзү байкабай калышы мүмкүн. Анын аягы жакшылыкка алып барбашы баарыбызга эле белгилүү", - дейт ал.
САРЫБАЕВ: “Быйыл күчүнө кирген кодекстер президенттин ишине таасирин тийгизет”
Экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев президенттин быйылкы ишмердүүлүгү өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды деген пикирин айтты.
“Кендерге байланыштуу чырлар чыкпаса, чет өлкөлүктөр үчүн иштеген чалгынчылар эл арасында чагымчылдыкты чыгарбаса, айрым күчтөр жайында өтө турган саммитте мамлекет башчынын башын жер каратып, уят кылбаса президенттин иши алдыга чыгат. Өлкөдө тынчтык, туруктуулук болсо, мыйзам үстөмдүк кылса, өнүгүү болот.
Быйыл күчүнө кирген кодекстер бул жылга эле эмес, келечегибизге да таасирин тийгизет. Алар кылмышкерлердин жоопкерчилигин азайтат. Коомчулукту тартипке чакырган айып пулдар эч нерсе эмес. Кылмышкерлерге гумандуулук деп алардын жаза өтөө мөөнөтүн азайтуу бизге окшогон өлкөлөргө оффшордук мыйзамдарды даярдап берүү дегендикке жатат. Бул азыркы президенттин, өкмөттүн ишине таасирин тийгизет”, - деди Сарыбаев.
ЖОРОЕВ: “Президенттин өкмөттүн ишине канааттанбай жатканы билинбей жатат”
Саясат таануучу Эмилбек Жороевдин пикиринде, 2019-жылы парламенттик шайлоого карата бир топ өзгөрүүлөр болот.
“Президент быйыл идеологиялык жактан жаңы пландарды көп деле угузган жок. Негизги умтулуу, аракеттер азыр да коррупцияга каршы күрөштө болуп турат. Ошол уланчудай. Жаңы идеялар элге сунушталса жакшы болмок. Экономикада, эл аралык саясатта күтүлбөгөн нерселер болуп кетет деп айтуу кыйын. Албетте, саясий өңүттөн алып караганда “жаз сезону”, “күз сезону” башкача болушу мүмкүн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык, саясий бөлүнүүлөр, биригүүлөр ишке ашат. Бирок анда президенттин орду канчалык экенин айтуу кыйын. Ал эми өкмөттүн отставкага кетишине азырынча түздөн-түз түрткү жок. Президенттин өкмөттүн ишине канааттанбай жатканы билинбейт. Өкмөткө кескин түрдө нааразычылык болсо, анда алардын жоопкерчилигин карап, курамын өзгөртүп коюу оңой эле”, - деди ал.
МОЛДАЛИЕВ: "Коррупция менен эле күрөшүп отура бергенге болбойт"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев президент акыркы маалымат жыйынында 2019-жылга карата пландарын айтпаганын эске салды.
"Бул жылы чоң нерселерди деле күтпөйм, себеби өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө да кароо керек. Декабрь айынын аягында президенттин катышуусундагы жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында 2019-жылы жасала турган иштер тууралуу көп айтылган жок. Мына жакында 2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланганы жалпыга маалым болду. Туура, аймактарды, айыл-чарбаны өнүктүрүү керек. Бирок өнүктүргөн нерселерди сата албай жатпайбызбы. Кыргыз мамлекетинде эч кандай эл аралык деңгээлге жооп берген лаборатория жок, ошол себептен өлкөнүн ичинде өндүрүлгөн продукцияны сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк аз. Чынын айтканда, учурда эл өзүн-өзү эле багып жатат.
Өлкөнү өнүктүрүү үчүн өлкөдөгү заводдорду ишке киргизүү керек. Эгер бул багытта тиешелүү иш-аракеттер жасалса, көп нерсе өзгөрүлөт. Чынында, өлкөнүн азыркы абалы боюнча айтсам арабаны аттын алдына байлап алгандай эле болуп жатабыз. Коюлган максаттар бар, эмне жасалышы керектиги белгилүү, бирок ошол нерсени жөнгө сала албай жатат. Тиешелүү мекемелерде коррупция менен күрөш болуп жатат. Бирок коррупция менен эле күрөшүп отура бергенге болбойт. Себеби бул багыт менен эле тирешүү өлкөнү өнүктүрбөйт. Транспорт маселесин чечүү керек, бул багытта жаралган маселелерди бийлик чечип, тартипке салып берип койсо көп нерсе ордуна келет", - дейт Молдалиев.
ШЕСТАКОВ: “Президент кадрдык жактан пайдубалын бекемдөөнү улантат”
Саясат таануучу Игорь Шестаков быйыл да коррупция боюнча чуулгандуу кылмыш иштери козголушу мүмкүн деген пикирин айтты.
“Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери коррупция башкы көйгөй болуп калган. Былтыркы жылдагы коррупция боюнча кармалуулар бул олуттуу көйгөйдүн акыркы чекити болду деп айтууга болбойт. Менин оюмча, 2019-жыл дагы мурдагы жогорку кызматтагы адамдарга байланыштуу чуулгандуу кылмыш иштерин көрүп калышыбыз мүмкүн. Бул жылды парламенттик шайлоого чейинки жыл деп атасак болот. Президенттин таасири менен дагы кадрдык өзгөрүүлөр болот. Президент мурунку өлкө башчыларга салыштырмалуу азырынча партиядагы адамдарды айланасына алып келе элек. Мурун КСДПдан келген кадрлар басымдуулук кылып келген. Президент кадрдык жактан пайдубалын бекемдөөнү улантат. Бизде кадр маселеси көп нерсени чечет. Экономикалык тармак - президент үчүн тааныш эле маселе. Жээнбековдун ишмердүүлүгү экономикага байланыштуу болот деп ойлойм”, - деди Шестаков.
ТУРДУКУЛОВ: “Президент өкмөттү алмаштырышы керек”
Жарандык активист Адил Турдукулов бийлик 2018-жылы ишенимди актай албаганын айтты.
“2018-жыл экономикалык жактан жакшы жыл болгон жок деп ойлойм. Себеби Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча Кыргыз өлкөсү артта калды. Бул абдан жаман тенденция. Мурдагы жылы эл бийликтен алгылыктуу иштерди, идеяларды күтүп жаткан. Бирок андай болбогондуктан өкмөткө жана алардын демилгелерине карата нааразычылыктар өсүп жатат. Мисалы, жаңы кодекстер, коомдук транспорттун баасы, Кытай маселеси анын далили. Менимче, президент өкмөттү алмаштырышы керек. Өкмөт болсо коалициялык негизде түзүлүшү зарыл деген ойдомун. Жаңы өкмөт түзүлүп, бирок бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталбаса, коррупциялык системдер азыркыдай болуп кала берсе, эч нерсени өзгөртпөйт деп ойлойм”, - дейт ал.