Бүгүн, 12-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.
Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишинин тегерегинде чоң чуу чыкканы турат. Соңку окуялар байкабастыктан, балким, атайылап элдин башын айлантуу максатында башаламан берилип жаткандыктан жаңжалдын чыгышына жем таштаган жагдайды хронологиялык тартипте эске түшүрсөк...
9-декабрь. “Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди” деген маалыматтар тарады. Бул маалымат көп өтпөй Зилалиевдин жактоочусу тарабынан ырасталды. Анын айтымында, Зилалиевди 7-декабрда Бишкектеги үйүнөн кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зилалиевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
10-декабрь. Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалышы боюнча УКМК маалымат жана видео таратты. Жарыяланган маалыматка ылайык, Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылган, УКМКнын маалыматы боюнча ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталган, андыктан 7-декабрда Зилалиевге карата “мыйзамсыз байыган” деген айып менен кылмыш иши козголгон. УКМК жарыялаган видеодо Зилалиевдин үйүн тинтүү учуру тартылган.
11-декабрь. УКМК дагы бир видео таратты. Анда банктагы ячейкалардын биринен Дүйшөнбек Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Эң кызыктуусу – УКМК жарыялаган бул видеодо Зилалиевдики делген ячейканы ачкан адам 15-август деген датаны атаган. Видеого түшкөн адамдардын жайкы кийимчен жүрүшкөнү бул видеого карата суроолорду жаратты.
12-декабрь. УКМК бир күн мурда тараткан видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялады. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирди. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүлүп берилгенин кошумчалады. УКМК эмне үчүн банктын кадимки иш процессиндеги бир жыл илгерки видеону оперативдик иш-чарада атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан жакынкы күндөрү тартылгандай контекстте берип жатат? Мындай суроолорго УКМК комментарий берүүдөн баш тартты.
Окуянын өнүгүшүнөн көрүнүп тургандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети декларацияга киргизилген эмес деген дээрлик 1 миллион долларга жакын каражат учурда барбы, бар болсо, ал акча кайда экендиги боюнча суроо жаралат. УКМК эмне үчүн банк эсебинен акча чыгарылып жаткан видеону өз видеосу сыяктуу, оперативдик материал катары жарыялады? “Оптима банк” видеону тартканына бир жылдан ашуун убакыт өтсө, УКМК видеону эмне үчүн азыр элге жайылтып жатат? Дагы бир суроо жараткан жагдай: банк видеону тарткандан кийин, тагыраагы, 2017-жылы видеону да, акчаны да ээсине тапшырса, эмне себептен УКМК акча 2018-жылдын сентябрь айына чейин банкта сакталган деп маалымат таратты? Эгерде банк акчаны ээсине тапшырса, ал эми үйдү тинтүү учурунда андай суммадагы акча табылбаса, дээрлик 1 миллион долларга жакын акча кайда? Чындык ким тарапта: УКМКдабы же банктабы?
Акчадан тышкары банк билдирүүсүндө тараткан убакыт да көңүл бурдурат. Банк видеодо көрсөтүлгөн окуяга бир жылдан ашуун убакыт болгон деди, демек, видеодо айтылган дата 15-август - бул 2017-жылдын 15-августу. Былтыркы жылы август айында Дүйшөнбек Зилалиев кайда эле? Ал 2017-жылдын 25-августунда вице-премьер болуп дайындалып, президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгына бекитилген. Зилалиев 2017-жылдын сентябрь айында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго ачык үгүт жүргүзгөнү үчүн катуу сынга кабылган. Ал Баткен облусунун активи менен жолугушууда: "Президенттин саясатын улантуучу - Сооронбай Шарипович. Бюджеттен айлык алып жатасыӊар, суу ичкен кудугуӊарга түкүрбөгүлө", - деп Сооронбай Жээнбековго үгүт жүргүзгөн. Банктагы ячейкадан 889 миң 900 доллар чыгарылган 2017-жылдын август айы менен Зилалиевдин бул убакта президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы болуп турганы жөн гана дал келүүчүлүк эмеспи? Мындан улам, жогорудагы ири көлөмдөгү акча шайлоого жумшалбады бекен деген ой туулат...
"Менин милициям мени коргобойт" өңдүү пикирлерди жаратууга дагы бир чуулуу окуя себеп болду. 2-декабрга караган түнү Бишкекте инспектор жолдон унааны токтотуп, унаанын ичинде кыйкырып жардам сурап жаткан аялды көрүп туруп көңүл бурбастан, унаанын айдоочусу менен басып кеткен. Бул окуяны 9-декабрь күнү жергиликтүү телеканалдардын бири көрсөтүп, милиция кызматкеринин бул мамилеси кызуу талкууга алынууда. Эртеси Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы окуя боюнча комментарий таратты. Ага ылайык, автоунаада милиция кызматкеринен ыйлап жардам сураган аял өзү (!) башкармалыкка келип, өзүн Камилла деп тааныштырып, аны эч ким сабаган эместигин, жолдошу экөө уруша кетип, автоунаанын ичинде отурушканын айтып кетиптир. "Камилла жарандык никедеги жолдошу менен ошол күнү түнкү клубда уруша кетишкен, күч колдонуу же ур-токмокко алуу болгон эмес жана милиционерлерге нааразычылыктары жок. Ал эми инспектордун иш-аракети боюнча кызматтык иликтөө башталды", - деп жазылат милиция кызматынын жообунда. Андан бери 2 иш күнү өттү, иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек. Ошол видеодогу жардам сураган аял өзү келип “эч ким мени сабаган жок” деп айтып кеткенине коомчулук ишенген жок. Сабоо болбогон күндө да милиция кызматкери жардам сурап кайрылган жаранга ошол маалда көңүл бурушу зарыл.
Бул окуя быйылкы жылдын эң чуу жараткан Бурулай Турдали кызынын өлүмүн эске салды. Жигит аны унаага салып ала качып баратканда инспекторлор тарабынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган жигит 20 жылга кесилди. Ал эми облустук деңгээлдеги милиция жетекчилери кызматтан алынып, бир нече милиционер тартиптик чарага тартылып кутулушту. 5 милиция кызматкерине "шалаакылык" беренеси боюнча иш козголуп, соттук процесси учурда жүрүп жаткан кези. Милиция кызматкерлери ала качуу кылмышына шектелип кармалган жигит менен жабырлануучуну бир камерага эмне себептен камап коюшканын, дегеле жабырлануучуну эмне себептен камерага камашканын жөндүү түшүндүрүп берише элек.
Унаада аялдын кыйкырып жардам сурап жатканына инспектордун көңүл бурбаганы Бурулай Турдали кызынын өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуядан милиция кызматкерлери дегеле сабак алышпагандыгын көрсөттү. Буга кошумча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тараткан комментарийде унаада инспектордон кыйкырып жардам сураган аялды тартип сакчысынын коргоосуна муктаж жаран катары эмес, жарандык никеде жашаган аял катары көрсөткөн позициясы да акылга сыйбайт. Адам жардам сурап кайрылган учурда тартип сакчылары тарабынан ошол учурда тийиштүү жооп болушу кажет, ал адам жарандык никедеби же штамп басылган никедеби, дегеле эч кандай никеси жокпу, айырмасы жок.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы – эң көп реформага кабылган мамлекеттик түзүмдөрдүн бири. Ошого карабай, ал реформалардан эч кандай жыйынтык болбогону элементардык түрдө токтотулган унаадан кыйкырык салган жаранга жардам бербегени аркылуу оркоюп көрүндү...