КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген собол салды.

СООРОНКУЛОВА: "Жогорку Кеңеш бир жыл майда-чүйдө саясий маселелер менен гана алектенди"

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулованын айтымында, азыркы парламент кесипкөйлүк жагынан өтө төмөн деңгээлде.

"Парламентте көрүнүктүү жетишкендик болду деп айтуудан алысмын. Жогорку Кеңештин негизги функциясы жана иши бул мыйзам чыгаруу болуп саналат. Ал жагынан караганда, Жогорку Кеңеш тарабынан жыл сайын 100-120 мыйзамдын тегерегинде кабыл алынат. Бул жаатта Жогорку Кеңештин салымы деле жок, себеби мыйзам долбоорлор көбүнчө өкмөт тарабынан иштелип келет.

Экинчи багытты ала турган болсок, бул парламенттик көзөмөл. Мыйзам жагынан Жогорку Кеңешке бул чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок ушул күнгө чейин ал мүмкүнчүлүк толук кандуу пайдаланылган жок. Өзгөчө Жогорку Кеңештин регламенти, ага ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө керек болчу. Ал эми чындыгында мыйзамдар кабыл алынат, бирок ошол бойдон көзөмөлдөнгөн жок. Мындан сырткары, парламенттик тергөө деген да жакшы механизм бар, өзгөчө коомдогу маанилүү окуялар, фактылар болсо парламент алдында комиссиялар түзүлүп иштеши керек. Эгер эң башынан карап чыга турган болсок, жалпысынан 40тан ашык депутаттык комиссия түзүлгөн, бирок алардын натыйжалуулугу болгон жок.

Бул жылы майда-чүйдө саясий маселелер менен гана алектенип келди. Жогорку Кеңештин акыркы кадамына "жакшы" деген баа берет элем. Бирок ал кадамында кесипкөй адамдар аз экендигинен кабар берип койду. Азыркы парламентти жалпылап айтканда, кесипкөйлүк жагынан өтө төмөн деңгээлде", - дейт Сооронкулова.

САСЫКБАЕВА: "Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууда шашылып кеттиби деген суроо туулуп жатат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын айтымында, күнөөсү бар экс-президенттерди жазасыз калтыруу кийинки башчыларга жаман үлгү болуп калышы ыктымал.

"Негизи бул татаал суроо. Себеби бүгүнкү күндө экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууда шашылып кеттиби деген суроо туулуп жатат. Юристтер айткандай, процедуралардын бузулган жерлери бар экен. Бирок негизи бул кадамга барыш керек болчу деген ойдомун.

Себеби өлкөнү башкарганга келген ар бир президент коррупционер болсо, анын кол тийбестигине тийбесе, жаңы келгендери “боло берет турбайбы” деген ойдо калышы мүмкүн. Анын жанындагылар да ал ойду карманып, бул коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзөт. Өлкөнү башкарууда тарых барактарын карай турган болсок, буга чейин канчалаган жерлер берилип, мамлекеттин мүлктөрү сатылып, өлкөдөн ири суммадагы акча каражаттар чыгарылып кетти. Бирок бүгүнкү күндө ал президенттер чет жакта жыргал жашоо көрүүдө. Бул жагынан караганда туура деген ойдомун", - дейт Сасыкбаева.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Жогорку Кеңеш президентке кызмат кылган көз каранды, кошоматчы мекеме бойдон калды"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, Кыргыз парламенти өмүр бою президенттин айтканын мыйзамдаштырып, ага кызмат кылып келе жатат.

"Бийлик тараптагы көптөгөн саясатчылар, эксперттер жана бийликтен кызмат алгысы келгендер Жогорку Кеңештин бүгүнкү кадамдарын, айрыкча Атамбаевди куугунтуктооcу "тарыхый" деп баалап жатышат. Мен бул баа менен макул эмесмин. Эч кандай тарыхый кадам эмес. Мен муну Кыргыз парламентинин, Кыргыз саясий элитасынын көпчүлүгүнүн, өмүр бою бийликке кызмат кылган жана мамлекеттин реалдуу абалын, келечегин ойлобогон адамдардын кадамы деп ойлойм.

Биздин парламент президенттин айтканын мыйзамдаштырып, маданиятташтырып, президентке гана кызмат кылып келе жатат. Азыркы парламенттин абалы 10 же 20 жыл мурда кандай болсо, жалпысынан ошол бойдон. Тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок. Күчтүү оппозиция жана эгемендүү парламент жарата алган жокпуз.

Парламент тарыхый маселелерди чечүүдө дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттердегидей президентке карама-каршылык көрсөткөн, президенттик бийликке жана өкмөткө баланс жараткан негизги бийлик бутагына жана борборго айлана алган жок. Жогорку Кеңеш мурдагыдай эле көз каранды, кошоматчы жана президентке кызмат кылган мекеме бойдон калды", - деди Жээнбеков.

ШЕСТАКОВ: "Атамбаев депутаттарды сындап, парламенттин ишмердүүлүгүнө кызыгууну жаратып жатты"

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, акыркы жыл парламент үчүн саясий активдүү болду.

"Жылдын биринчи жарымы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган мыйзам актыларын кабыл алууга арналды. Андан соң аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чуу жаратты. Дал ушул маселе менен парламент коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда. Ал эми Атамбаев депутаттар тууралуу кескин сын-пикирлерин айтып, парламенттин ишмердүүлүгүнө кызыгууну жаратты. Калган убакта парламент катардагы иштери менен алек болду", - деди Шестаков.

АКМАТАЛИЕВ: "Депутаттар чоң жана терең реформалардын демилгечиси боло алган жок"

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин айтымында, парламенттин VI чакырылышы "мыйзам алдында баары бирдей" деген тарыхый чечимди кабыл алды.

"Учурдагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө орто баа берем, себеби өтө жаман да, өтө жакшы да иштеген жок. Аракеттерди жасап жатат. Баары депутаттардын колунда эмес. Парламент бир топ жакшы иштерди жасады. Мисалы, ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия абдан жакшы иштеп берди. Экс-президенттин кол тийбестигин алып, "бардыгы мыйзам алдында бирдей" деген тарыхый чечимди кабыл алышты. Ошол эле маалда чоң жана терең реформалардын демилгечиси боло алган жок", - деди Акматалиев.

САРИЕВ: "Жогорку Кеңеш өз алдынча бийлик бутагы болду деп айтуу кыйын"

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Жогорку Кеңештин иши канааттандырарлык эмес.

"Бул парламенттин Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратканы - тарыхка кирген окуя, бирок Жогорку Кеңеш өз алдынча бийлик бутагы болду деп айтыш кыйын. Парламент анча деле жакшы иштеген жок. Премьер-министр же башкы прокурор боюнча маселелерди чечип жатканда, парламент өзүнчө бийлик бутагы болбой эле Ак Үй менен бир багытта жүрдү. Бул туура эмес болду деп ойлойм. Азыркы чечкен маселелери туура болсо деле, өз алдынча кабыл алынган жок. Жогорку Кеңештин иши канааттандырарлык эмес", - деди Сариев.

КАРАСАРТОВА: "Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну өлкөдөгү эң маанилүү маселе катары көрсөтүп коюшту"

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, парламент өнүгүү жааттагы маселелерге эч кандай көңүл бурган жок.

“Экс-президент макамын ажыратууда 3 күн аралыгында атайын депутаттык комиссия чечим чыгарып, Башкы прокуратура баарын 3 күндө изилдеп чыкса, жыйында 40 киши отуруп, 100 киши добуш берди болуп жатса, аябай эле “сонун” болуп калды. Бирок ошол эле учурда Жогорку Кеңеш “КТ мобайл” же өнүгүү жааттагы башка маселелерге эч кандай көңүл бурган жок. Карапайым калкка эки президенттин ортосундагы тирешти маанилүү маселе кылып көрсөтүп, 120 адам парламент боло албай калганын дагы бир жолу далилдешти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге "КТ Мобайл" боюнча "моралдык жоопкерчилик каралсын" деген чечим чыгарышты, бирок анда деле бир дагы суроо берилген эмес. Мындай айтканда “унчукпай койсок болбой калат” деп комиссия түзүмүш болуп коюшту", - дейт Карасартова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан