КҮНСОБОЛ: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда. Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.

ТУРСУНБЕКОВ: "Парламентти таркатууга негиздерди табууга, айтууга болот, бирок биз саясатты эмес, экономиканы ойлонушубуз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, элдин нааразычылыгы парламентти таркатуу ойлоруна түртөт. "Экономиканы, калган убакытты ойлосок парламентти таркатуунун кажети жок. Парламентти таркатууга ар кандай негиздерди табууга, айтууга болот. Бирок азыр саясатты эмес, көбүрөөк экономиканы ойлонушубуз керек", - дейт Турсунбеков.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Эл Жогорку Кеңештин ишине ынанбай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев парламент бийликтин бутагы катары өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтө албай жатат деген пикирде.

"Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылышы Конституцияда белгиленген. Анын эки жолу бар. Эгерде өкмөт менен парламенттин кандайдыр бир маселеде келишпестиктери болсо өкмөттү же Жогорку Кеңешти таркатууга жол бар. Ички демилге, белгиленген регламент менен кол топтоп Жогорку Кеңешти таркатууга болот.

Жогорку Кеңештин аброю өтө жакшы эмес экени эл арасында айтылып жүрөт. Эл Жогорку Кеңештин ишине ынанбай, элге маалымат жетпей жатат. Ошондой эле парламент бийлик бутагы катары өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтө албай жатат. Башка өлкөлөрдө коомдук басым болсо парламенттин ичинен чечим кабыл алынып, өзүн-өзү таркатат", - дейт Жээнчороев.

МОЛДОКМАТОВ: "Азыркы Жогорку Кеңеш президентке, өкмөткө эң ыңгайлуу болгондуктан алар парламентти таркатууга кызыкдар эмес"

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматовдун пикиринде парламент таркабайт. "Биринчиден, бул эл ичинде айтылып жаткан сөз. Айрым учурларда парламенттин депутаттарынын өздөрүнөн дагы чыгып жаткан сөз бар. Менин оюмча, парламент быйыл таркабайт. Буга чейин парламенттин таркашы боюнча коркунуч бар эле, азыр өтүп кетти. Экинчиден, бул парламентке эбегейсиз чоң суммадагы акча коротулуп, депутаттар Жогорку Кеңешке келгенин эсибизден чыгарбайлы. Андыктан акчасын берип, мандат алган депутаттар ордун бошотуп таркап кетет дегенге көп ишене бербейм. Үчүнчүдөн, бул парламент жалпы сөзгө, эпке келген парламент болуп жатат. Мындай ыңгайлуу парламент жок го дейм. Президентке, өкмөткө эң ыңгайлуу парламент болгондуктан алар Жогорку Кеңешти таркатууга кызыкдар эмес", - дейт Молдокматов.

АБДРАХМАТОВА: "Парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз жок"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова парламентти таркатууга негиз жоктугун айтты. "Биздин элге 120 эмес, 45 депутат болушу керек деген жана башка сөздөрдү айтып жатышат. Жогорку Кеңештин толук кандуу иштебешине чоң салым кошкон биздин мурдагы президентибиз болуп жатпайбы. Шайлоо системин реформалоо боюнча мыйзам президенттин алдындагы жумушчу топтон, сот системин, милиция кызматын реформалоо боюнча мыйзамдар президенттик аппараттан түшкөн. Конституция боюнча сунуштарды өкмөт иштеп чыгып, парламентке алып барышы керек болчу. 120 кишини кетирип башкасын алып келгенде эч нерсе өзгөрбөйт. Шайлоо учурунда шайлоочулар өздөрүнүн туугандарына же акча берген адамга иштешет. Башка депутаттар келсе эле жашоо өзгөрүп кетпейт", - деди Абдрахматова.

ТУРДУКУЛОВ: "Парламенттин ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес, бирок Жогорку Кеңеш таркайт деген божомолдор ишке ашпайт"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов мындай божомолдор буга чейин айтылып келгенин эскертти. "Бул сөз азыр гана чыккан жок. Божомолдор ишке ашпайт деген ойдомун. Шайлоо кийинки жылы болот. Чыңалуу Атамбаев менен байланыштуу болгон. Ошонун негизинде парламент таратылышы мүмкүн, кандайдыр бир элдин нааразычылыгы чыгып кетет деген сөздөр айтылган. Азыр болсо бул актуалдуулугун жоготту. Парламент мөөнөтүнөн мурда таркабайт деген ойдомун. Жогорку Кеңештин иши канааттандырарлык эмес. Биринчиден, буга аларды шайлаган элдин жоопкерчилиги, экинчиден, азыркы мыйзамдын чийкилиги себеп болду. Жаңы мыйзам дагы атаандаштык негизде чыныгы элдик депутаттарды шайлоого мүмкүнчүлүктү ачкан жок. Босоголук чекти 9 пайызга чейин көбөйткөнү, ачык тизмени киргизбегени элдик депутаттарды шайлагандын мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошондуктан кийинки парламент азыркы депутаттардан жакшы болот дегенге шегим бар", - дейт Турдукулов.

ТАЛГАРБЕКОВ: "Парламенттин тарап кетишине чоң негиз жок"

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Жогорку Кеңешти таратууга күч жок экенин айтты. "Парламент тарасын деп айрымдары айтышы мүмкүн. Бирок аны таратабыз деген саясий күчтү көргөн жокмун. Булар өздөрү эле интрига уюштуруп, тарап кетиши мүмкүн. Жылдан жылга парламент коомчулукка жаман көрүнүп жатат. Кайра депутат болуп келгенге кызыкдар болгондор көп болуп, ушундан пайдаланып, тарап кетиши ыктымал. Атамбаев таратам деп аракет кылып жаткан, бирок анын өзүнүн соодасы бүтүп калды. Азыркы чакырылыштагы депутаттарга кандайдыр бир деңгээлде нааразычылык бар, бирок чоң негиз бар деп айта албайм", - дейт Талгарбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан