КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталууда. Колдоого алынышы керекпи?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып жатат. Бул боюнча демилге коомдук талкууга коюлду. Анда бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталууда. Колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.

КАРАШЕВ: "Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушун колдойм. Аялдар дагы жогорку кызматтарды ээлеши керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мындай сунушту колдой турганын айтты.

"Мен буга туура көз караштамын. Сөзсүз түрдө гендердик баланс болушу керек. Биз светтик мамлекетпиз. Аялдар дагы жогорку кызмат орундарын ээлеши керек. Мындай демилгеге каршылыгым жок. Бир эле өкмөттүн курамында эле эмес, бардык жерде гендердик квотаны киргизүү керек", - дейт Карашев.

АЛТЫБАЕВА: "Гендердик квотаны киргизүү сунушун колдоого алыш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бул демилгени колдоого алыш керектигин айтты.

"Мен бул демилгени колдойм. Тилекке каршы, мамлекеттик кызматтарда, муниципалдык кызматтарда аялдардын саны абдан төмөн. 7 аймакта бир да губернатор айым жок. Райондордо да бир да аким аял жок. Ошондуктан өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүүнү колдош керек", - дейт Алтыбаева.

САСЫКБАЕВА: "Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн кырдаалда мындай демилгени колдоо керек"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева мындай демилгени колдоого алыш керектигин айтты.

"Анткени азырынча биздин мамлекетте демократия өнүгө элек. Эркектер үстөмдүк кылып жатат. Ошондуктан аялдарды аткаруу бийлигине алып келиш керек. Бул нерсени дискриминация деп айтышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн кырдаалда мындай демилге туура. Демократия, мамлекет өнүгүп калганда башкача болсо болот. Азырынча гендердик квота болсо жакшы болмок", - дейт Сасыкбаева.

ЖОЛДОШОВА: "Аял киши деп эле тажрыйбасы жок, бирөөнүн тууганын же болбосо партиялык систем аркылуу кызматка алып келүү туура эмес"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова аял киши деп эле тажрыйбасы жок, бирөөнүн тууганын же болбосо партиялык систем аркылуу кызматка алып келүү туура эместигин айтты.

"Кызматтарга тажрыйбалуу киши барса башка маселе. Анан аял киши деп эле тажрыйбасы жок, бирөөнүн тууганын же болбосо партиялык систем аркылуу кызматка алып келүү туура эмес. Мамлекеттик кызматтарда, депутаттардын арасында эркекпи, аялбы тажрыйбалуу, өлкө үчүн күйгөн адам иштеш керек. Ансыз деле өлкөбүздүн чайкалып турган мезгили. Кадрлар баарын чечет деген сөз бар. Начар кадрлар келип, чайкалып турган өлкөбүздү башкача айтканда, төгүп, чачып салат", - дейт Жолдошова.

ОШУРАХУНОВА: "Өкмөткө гендердик квота сөзсүз түрдө киргизилиши керек"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова өкмөткө гендердик квота сөзсүз түрдө киргизилиши керек деген пикирде.

"Кыргыз мамлекетинин калкынын санынын жарым пайызын аялдар түзөт. Бизде гендердик квотаны жакшы түшүнүшпөйт. Көпчүлүк аялдар социалдык маселелер боюнча гана иштей алат деп ойлошот. Бирок ошол эле укук коргоо органдарында 100 пайыз болбосо да 90 пайыз эркектер болууда. Эркектер зомбулукка туш болгон аялдарга жакшы жардам бере албай жатышат. Укук коргоо органдарына зомбулукту көргөн айымдар, балдар менен иштеген аялдар көбүрөөк керек болуп жатат. Гендердик квотаны сөзсүз түрдө колдош керек. Анткени бизде бийлик органдарында аялдар аз. Парламентке гендердик квота деп киргизип коюшту. Бирок гендердик квотаны ошол жерге келген депутаттар өздөрү түшүнбөй жатат. Ал жерге иштей алган лидер аялдар барышы зарыл. Жөн эле аял катары аны киргизип коюп, эч кандай иш жүргүзбөсө, квота жакшы иштебейт", - дейт Ошурахунова.

НИКИТЕНКО: "Бул демилгени колдоо керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бул демилгени колдоо керектигин айтты.

“Бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгү боюнча бизде азыр деле мыйзам бар. Бирок иш жүзүндө бул мыйзам иштебейт. Мыйзам башкаруу тармагында, министрликтерде иштебейт. Ошондуктан бул демилгени колдойм. Ошол эле учурда кадрларды тандоодо гендердик квота жалгыз гана негиз болбош керек. Биринчи маселе аткаруу бийлигин сапаттуу, тажрыйбалуу кадрлар менен камсыздоо зарыл”, - дейт Никитенко.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан