"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында борбор калаанын Бөкөнбаев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган алгачкы камералар тесттик режимде иштетиле баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында ушул жылдын 10-февралына чейин баш калаадагы он жерге атайын видеокөзөмөл жабдыктары орнотулат. Камералар күнү-түнү иштейт. Жабдыктар орнотулган көчөлөрдүн кесилиштеринин инфраструктурасы толугу менен иретке келтириле турганы жазылат маалыматта.
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу 4 этап менен жүрөт. Экинчи этап ушул жылдын март айынан башталат", - деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
2019-жылдын 10-февралына чейин видеокөзөмөл камералар орнотула турган даректер:
Бөкөнбаев-Абдрахманов,
Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары,
Чүй-Фучик
Чүй-Бейшеналиева,
Жибек Жолу-Фучик,
Чүй-Жаш Гвардия бульвары,
Жибек Жолу-Абдрахманов,
Чүй-Курманжан датка,
Москва-Абдрахманов,
М.Горький-7 апрель көчөлөрүнүн кесилишине коюлуусу пландалууда.