17-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 181 миң 584 болсо, алардын ичинен 7 139 адам каза болду.
Коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан тарта жабык турат. Ал эми Өзбекстан менен чек ара толугу менен жабылса, Казакстандын чек арасына чектөө киргизилди.
Кыргыз өкмөтү тарабынан тойлорду, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, соода, оюн-зоок жайларынын ишине чектөө киргизилди. Ошондой эле кинотеатрлар, түнкү жана компьютердик клубдарды жабуу боюнча чечими кабыл алынды. Бул тыюу салуу, чектөөлөр ишкерлерге оор келе турганы айтылууда.
SUPER.KG порталы "Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөт бир топ чектөө жана тыюуларды кабыл алып жатат. Ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү шарт?" деген собол салды.
ПИРМАТОВ: "Ишкерлерибиз чоң чыгашага дуушар болуп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов ишкерлер чоң чыгашаларга дуушар болуп жатканын айтты.
"Мен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында биринчи кезекте ишкерлердин насыяларынын туумун токтотуш керек деп айттым. Экономика министри "мындай мүмкүнчүлүктөр бар" деп жооп берди. Бүгүнкү күнү ишкерлерибиз чоң чыгашаларга дуушар болуп жатат. Мындай учурда ишкерлерге жардам берүү керек", - дейт Пирматов.
МАМАТАЛИЕВ: "Кризиске каршы чараларды иштеп чыгышыбыз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кризиске каршы чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.
"Азыркы кризисте бир топ экономикалык оорчулук болот. Экономикалык кризис болобу же чектөөлөр киргизилеби ар бир мамлекет чараларын иштеп чыгат.
Бизде дагы кризиске каршы чараларды иштеп чыгышыбыз керек. Ошол үчүн республикалык штаб түзүлгөн. Штаб чектөөлөрдү киргизип жатканы туура нерсе. Бирок ошол эле учурда кризис тууралуу маселени чараларды көрүшүбүз керек. Кайсы азык-түлүктөр башка өлкөдөн кирбей калды? Ошолорду кайсы мамлекеттен алсак боло турганын карашыбыз керек.
Ата мекендик ишкерлерге жардам берүү шарт. Мисалы, бут кийим тигүүчү фабрикалар бар. Алар буга чейин Кытайдан товар келгендиктен атаандаш боло алчу эмес. Бет кап даярдагандарга окшогон нерселерге акча бөлүп берүү керек. Ишкерлерге ыкчам түрдө эң арзан насыяларды бергенге шарт түзүп берүү зарыл", - дейт Маматалиев.
ТУРСУНБЕКОВ: "Коронавируска байланыштуу иштери токтоп калган ишкерлерге жардам берүү боюнча өкмөткө сунуштар айтылды"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков коронавируска байланыштуу иштери токтоп калган ишкерлерге жардам берүү боюнча өкмөткө сунуштар айтылганын белгиледи.
"Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде ишкерлерди колдоо боюнча маселелер көтөрүлдү. Өзгөчө коронавируска байланыштуу иштери токтоп калган ишкерлер тууралуу сунуштар айтылды. Ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарыл. Бул боюнча өкмөткө сунуштар айтылды, эми маселе өкмөттүн колунда", - дейт Турсунбеков.
ШАКИЕВ: "Ишкерлерге салык каникулдарга баруудан башка олуттуу көмөк болбосо керек"
Экс-министр Нурланбек Шакиев негизинен Кыргыз өкмөтүнүн коронавируска карата ыкчам аракеттери колдоого арзый турганын айтты.
"Башкысы негизги азык-түлүктөрдүн баасына кызыл кулактыкка жол бербей тизгиндеп турганы да жакшы көрүнүш.
Ал эми ишкерлердин тарткан чыгымынын ордун толтурууга каржылык көмөк көрсөтүү жагы өкмөткө чоң кыйынчылык алып келет. Анткени өлкөбүздүн экономикасынын чама-чаркы чектелүү. Ашыкча каржы запасыбыз жок. Бюджет тартыштыгы ансыз да чоң болчу. Сырткы эл аралык каржы институттарынын көмөгүнө өтө муктажбыз. Салык жыйымдары буга чейин эле толук өлчөмдө чогулбай жаткан. Андыктан салыктардын айрым түрлөрүн кыскартууга мүмкүн эмес. Болгону салык каникулдарга баруудан башка олуттуу көмөк болбосо керек. Жок дегенде салыктарды жеңилдетүүнү караштырыш керек. Эң башкысы алдын ала чектөөлөр менен тыюулар аргасыз чара. Экономикалык зыяны минималдуу болгондой жагын караштырбасак кесепети абдан оор болот", - дейт Шакиев.
Орозова: "Ата мекендик ишкерлердин насыясын төлөө мөөнөтүн узартууну карап чыгуу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова ата мекендик ишкерлердин насыясын төлөө мөөнөтүн узартууну карап чыгуу керектигин айтты.
"Албетте, элибиздин саламаттыгы биринчи орунда турат. Ошондуктан көп чектөөлөр киргизилип жатат.
Ата мекендик ишкерлер насыя алып иштешет. Айрыкча, жаңы курулуш кургандар, жаңы тойкана, ашкана кургандар насыя менен иштешет. Насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну карап чыгыш керек.
Мындан тышкары жеке ишкерлер башка өлкөнүн жарандары менен өнөктөш болуп келет. Башка өлкөгө чыкканда визалар жеңил эмес, оор алынат. Ага каражат кетет. Көпчүлүгү виза алып, карантинге туш келгендерди чет өлкөгө киргизбей же чыкпай калган учурлар болот. Ошолорду эсепке алып визалардын мөөнөтүн жылдырып бериши керек", - дейт Орозова.