5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген собол салды.
БАКИРОВ: “Өкмөт башчы келген программасынын негизинде иш алып барууда”
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун айтымында, өкмөттүн бир жылдык ишине ушул айдын соңунда парламентте баа берилет.
“Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн иштеп жатканына бир жыл болуп калды. Өкмөт келген программасынын негизинде ишин алып барууда. Кайсы тармакта, кандай мүчүлүштүктөр бар экенин өкмөт жалпы отчёту менен 25-апрелде парламенттин чоң жыйынына алып келет. Ошондо суроолор берилип, баа берилет. "Реформа качан ишке өтөт" деп айтуу туура эмес болуп калат. Анткени бир жылдан бери иштеп жатат. Ал эми конкреттүү реформага качан барат десек, өкмөт ар бир тармак боюнча мыйзам долбоорлорун алып келип аракет кылууда. Бирок маанилүү реформаларды өкмөттөн көрө албай жатабыз.
Өкмөт башчы өзү “реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кетти" деп айтты. Балким, алар иликтей турган маселелер бардыр. Абылгазиевдин сөзүнүн төркүнүнөн тоо-кен жана энергетика тармагында реформа болот деп түшүндүм. Бул тармакта кандай реформа болору тууралуу парламентке отчёт берүүгө келгенде суроо берип, тактап алабыз деген үмүттөмүн. Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп баалады”, - деди Бакиров.
МОМБЕКОВ: “Өкмөт эксперимент жүргүзө турган аянтча эмес”
Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, "бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик" деген өкмөт башчы айта турган сөз эмес.
“Абылгазиевди ушул сөзү үчүн деле отставкага кетирүүгө сурантса негиздүү болот. Анткени өкмөт эксперимент жүргүзө турган аянтча эмес. Премьер-министрдин: “Биз кайсы жерде кандай көйгөй бар экенин бир жылдан бери изилдеп эми түшүндүк, кайсы маселени кандай кылып чечиш керек, бюджетти кандай кылып толтуруу керек, “Коопсуз шаарды” кантип ишке киргизүү шарт, чек ара маселесин кантип чечүү зарыл”, - деп отурганы туура эмес. Булар бюджетти аткаруунун үстүнөн иштебей, анализ менен отурган экен да. Өзүм окуп алып, түшүнбөй жатам. Бул нерсени башка эл укса эмне дейт? Абылгазиев бул сөздү байкабай айттыбы же оюндагысын айттыбы, бул өкмөт башчынын айта турган сөзү эмес”, - дейт Момбеков.
КАРАШЕВ: “Өкмөт башчы Жогорку Кеңешке программасын бекитүүгө келгенде эле реформаны баштайм деп айткан”
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев белгилегендей, премьер-министр өкмөттүн иши боюнча отчёт бергенде, андан жыйынтыгын сурашат.
“Өкмөт башчы Жогорку Кеңешке өзүнүн программасын бекитүүгө келгенде эле реформаны баштайм деп айткан. Парламент анын программасын бекитип берген. Программаны ишке ашыруу боюнча Конституцияга ылайык, өкмөт 1-майга чейин отчёт берет. Мүмкүн, ал жыйында жаңы реформасын айткандыр. Бирок ал отчёт бергенде анын программасынын жыйынтыгын сурайбыз”, - дейт Карашев.
ШЕСТАКОВ: "Өкмөттүн азыркы курамы тынч жана уктоо режиминде иштеп жатат"
Саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикиринде, парламенттик фракциялар өкмөттү түзүүгө кийлигише берсе, пайдалуу иштеген министрлер кабинетин түзүү оор болот.
"Абылгазиевдин министрлер кабинети - бул техникалык өкмөт" деп мен башында эле айткан элем. Анткени аткаруу бийлигинде көп жыл иштеген президент үчүн өнүгүүнү туруктуу деңгээлде сактоо маанилүү болгон. Ошондуктан Абылгазиевдин өкмөтү - реформаларды ишке ашырчу министрлер кабинети эмес. Өкмөттүн азыркы курамы тынч жана уктоо режиминде иштеп жатат. Ал мурда эле болуп келген маселелерди чечкенге аракет кылууда. Эң көрүнүктүү мисал: былтыр Айыл чарба министрлиги картошка маселесин чече албагандыктан, президент Жээнбеков өзү киришкен. Бул өкмөттүн деңгээлинин көрсөткүчү.
Мен азыркы өкмөттөн экономикадагы секирик жасоосун күтпөйм. Көйгөй өкмөттө эмес, көйгөй өкмөттү түзүүдө. Анткени парламенттик фракциялар бул ишке аралаша берсе, пайдалуу иштеген өкмөттү түзүү оор болот. Фракциялардын максаты өздөрүнө керектүү адамдарды кызматтарга дайындоо, ал эми экономиканы өнүктүрүү экинчи планда калып калат. Өкмөткө өз тармагын мыкты билген адистер керек", - деди Шестаков.
САРЫБАЕВ: "Өлкөдө кандай көйгөй бар экенин мурун эле билишчү, аны изилдей беришсе жыйынтык болбойт"
Экономист Айылчы Сарыбаев көйгөйлөрдү изилдей бергенден жыйынтык болбойт деген пикирин айтты.
"Өкмөттүн бир жылдык иши тууралуу айтуу деле кыйын болуп калды. Мындан ары кандай кылат билбейм. Өлкөдө кандай көйгөйлөр бар экенин мурун эле билишчү. Ошол көйгөйлөрдү чечебиз деп келишкен. Анан эми жылдап ошол көйгөйлөрдү изилдей беришсе, такыр эле жыйынтык болбойт. Менин оюмча, бул нерсе туура эмес. Биз 30 жылдан бери эле реформа деп келе жатабыз. Кандай реформа жасоо керектиги да айтылган, баары чечилген. Көйгөйлөрдү чечебиз деп жатып кайра көйгөй жаратып бүттүк. Ошондуктан "аны чечүү керек, муну чечүү керек" дегендин өзү туура эмес", - деди Сарыбаев.
АКЫЛБЕК: "Азыр министрликтерди мурда жакшы жыйынтык көрсөтө албаган кадрлар башкарып келет"Саясий серепчи Нурсултан Акылбек өкмөттүн алдында мурдагы өкмөттөрдөн калган көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат деген пикирин айтты.
"Жаңы өкмөт келгенде элибиз өкмөттөн реформаларды, чечкиндүү кадамдарды күтөт. Азыркы өкмөт дайындалганына бир жыл болду. Албетте, убакыт өтүп экономикадагы абалды жаңы пайда болгон оппозиция өз пайдасына колдонгонго аракет кылууда. Азыркы өкмөт башчы абалды өзгөртүүгө аракет кылып жатат. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизгенин өкмөттүн чоң жетишкендиги десек болот. Бирок бул жетишсиз. Өкмөттүн эң башкы максаты экономикадагы абалды өзгөртүү, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн президент менен тыгыз байланышта жумуш алып баруу.
Азыр энергетикалык тармакта тийиштүү реформалар жүргүзүлбөгөндүктөн инвесторлорго кыйын болуп жатат. Бул да өлкөбүздөн капиталдын чыгуусуна себеп болуп калышы мүмкүн. Бирдиктүү терезе принцибин тез арада киргизип, тышкы бизнес жана туризмге өлкөбүздүн эшигин тоскоолдуксуз ачып, коррупция менен чыныгы күрөштү баштап, күч органдардын бизнести тоноосун токтоткондо абал оңолот. Тилекке каршы, кээ бир ведомстволор өз кызыкчылыгын ойлоп, реформаларга бут тосуп келишет.
Өкмөт башчы өзү айткан өкмөттүн түзүмдөрүн өзгөртүп, министрликтердин башына жаңы адамдарды чакыруусу зарыл. Азыр министрликтерди мурда деле жакшы жыйынтыктарды көрсөтө албаган кадрлар башкарып келет. Бул көйгөйлөр бүгүн же кечээ пайда болгон жок. Азыркы өкмөттүн алдында мурдагы өкмөттөрдөн калган көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Албетте, убакыттын тардыгын унутпашыбыз керек", - деди Нурсултан Акылбек.