КҮНСОБОЛ: Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген собол салды.

КУЛОВ: "Учурда бизде ачык айтканда кадр көйгөйү бар"

Экс-депутат Феликс Кулов кадр тандоодо программага басым жасаш керек деген пикирде.

"Учурда бизде ачык айтканда кадр маселеси, кадр көйгөйү бар. Акыйкатчы боюнча айта турган болсом, Токон Мамытов Аскер акыйкатчысы болсо туура болмок, өзү генерал, аскердик чөйрөдө аброю бар. Ал эми жарандык акыйкатчы болгондо генерал, мурдагы УКМКнын башчысы Акыйкатчы институтуна келгени туура эмес болуп калат, коом да ушуну белгилеп жатат. Акыйкатчы болууга таланттуу, кесипкөй балдар бар да.

Соттор алмашып жатат, шаардык кеңешке да жаш бала келди. Булар эми иши менен далилдеш керек. Бизде негизинен программанын атаандаштыгы болушу керек эле. Мисалы, азыркы өкмөттүн деле жалпы программасын өкмөт башчы айтып өттү, ар бир министрдин кандай программасы бар экени белгисиз болууда. Дагы баса белгилеп кетейин, бизде программанын атаандаштыгы болуп, программа иштеш керек", - деди Кулов.

САСЫКБАЕВА: "Кызматка элдин алдында сыйы жоктор келүүдө"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын айтымында, жогорку кызматтарга коррупцияга малынгандар көп келип жатат.

"Кызматтарга элдин алдында сыйы жоктор келүүдө. Андан тышкары коррупцияга малынгандар дагы көп. Мисалы, сотторго коррупцияга малынгандар келип жатат. Куйруктары, аркасы таза эместер кызматтарга дайындалып, элдин кыжыры кайноодо. Мисал катары, мэриядагы кадрлар тууралуу айта алам. Оңолбой жатабыз", - деди Сасыкбаева.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга "2" деген бааны коём"

Укук коргоочу Калича Өмүралиева бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрлар кесипкөйлөр эмес, мамлекеттик кызматтарда иштебеген адамдар деген пикирде.

"Азыркы келип жаткан кадрларга "2" деген бааны коём. Кесипкөйлөр эмес, мамлекеттик кызматта иштебегендер келип жатат. Эч нерсе билбейт. Кагаз жазганды, ооз ачканды билбейт. Жумушун билбегендер иштеп жатат. Ошондуктан биздин бийлик аман эле болсун. Мисалы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова аталган системде бир күн да иштеген эмес. Ошондой эле анын орун басары Лунара Мамытова дагы бул тармакта иштеген эмес. 30 жылдап ошол системде иштеп жаткандар талаада калып жатат. Министр же министрдин орун басары боло алышпаса анда 30 жыл 5 миң сом айлык алып эмнеге иштешти? Бишкек шаарынын мэри кылып курулушчуну койду. Бул, албетте, туура эмес", - деди Өмүралиева.

КАЗАКБАЕВ: "Азыркы келип жаткан кадрларга ишеним бар, иштеп көрсүн"

Саясат таануучу Марат Казакбаев жаңы кадрларды иштетип, иши аркылуу баалаш керек деген пикирде.

"Учурда кадр маселеси механизмдер боюнча туура эле тандалып жатат, бирок келген кадр кандай иштейт, ошого баа бериши зарыл. Негизи кадр маселесин Мамлекеттик кадр кызматы карап, ошолор иш алып барыш керек. Ар бир саясий күч өзүнүн талапкерин өткөрүүгө аракет кылат, ошону тандоону кадр кызматы дыкат кароо абзел. Кимдер, кандай адамдар келип жатат ошолорду көзөмөл кылуу шарт.
Азыркы келип жаткан кадрларга ишеним бар, такыр эле каралап отура бергенде болбойт, иштеп көрсүн, иштесин. Ар бир дайындалган жаңы кадр иштеп, өзүн иши менен көрсөтүшү керек", - деди Казакбаев.

ОШУРАХУНОВА: "Азыркы учурда кызматка тил алчаак, унчукпаган адамдар келип жатат"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова кызматка барган жерин оңдогонго аракет кылбаган адамдар келүүдө деген пикирин билдирди.

"Жогорку кызматтарга клептократтар келип отуруп алышты. Клептократтар - бийликке келип бизнес жасап байыгандар. Элдин акчасына, элдин, өлкөнүн ресурсунан байыганды каалагандар кызматка келип жатышат. Учурда кызматка келгендердин көбү тил алчаактар, унчукпагандар. Аларды биз көрүп жатпайбызбы. Алар коррупциялык иштер болуп жатса көз жумуп, үн катышпайт", - деди Ошурахунова.

АСКАРБЕКОВ: "Жаңы кадамдар ташталбай эле КСДП баягы эски нук менен кетип жаткандай"

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков акыйкатчы кызматына коомчулуктун кыжырын кайнаткан талапкерди алып чыкканын белгиледи.

"КСДП бүгүн мурдагыдай эле түркүн кызматтарга өздөрүнүн адамдарын алып келүү аракетин көрүп жатат. Мисал катары, акыйкатчылык кызматына сунуштаган талапкерин айтса болот. Бүгүн жаңы бийлик, жаңы адамдар, жаңы кадамдар ташталбай эле КСДП баягы эле эски нук менен кетип жаткандай. Акыйкатчы кызматына коомчулуктун кыжырын кайнаткан талапкерди алып чыгышты. КСДПнын ичиндеги айрым депутаттар КСДПнын туура эмес жүргүзгөн кадр саясатына каршы чыгып, өз позицияларын так айтып жатышканы кубандырат", - деди Аскарбеков.

МОЛДОКМАТОВ: "Парламенттеги 6 фракция кызматтарды бөлүп алган"

"Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун пикиринде, бүгүнкү күндө фракциялардын кызмат бөлүштүрүп алуусу ушундай баш аламандыкты жаратты.

"Бийлик сунуштаган кадрлар дегенде биз бийликти бөлүп карашыбыз керек. Баарыбызга маалым болгондой, учурда парламентте 6 фракция отурат, бул 6 фракция ар тармактагы кызмат орундарды бөлүп алган. Бүгүнкү күндө толугу менен жоопкерчилик парламентте. Анткени парламентке келген фракцияларга “карыздан” кутулуу үчүн кызматтарды берип жаткандагысы. Ошонун жыйынтыгында бүгүн кадрдык баш аламандык жаралды. Жөнөкөй тил менен айтканда, мисалы, Айыл чарба министрлигине ал тармактан такыр кабары жок адамды алып келип койсо деле биз таң калбашыбыз керек. Себеби мен жогоруда белгилеген парламенттик фракциялардын орундарды бөлүп алуусунун кесепети.
Биз өкмөт башчыны парламент беките турган болсо, анда премьер-министрге толук укук берип, министрлер кабинетин, агенттик жетекчилерин өзү дайындасын, өзү жооптуу болсун деп башынан бери айтып келе жатабыз.
Акыркы кадрларды кеп кылуунун кажети жок. Мына азыр жетекчилик кызматта иштеген адамдардын терс окуялары чыгып жатат, бул көйгөй, трагедия. Муну ошол кадрдык баш аламандыктын натыйжасы деп айтсак болот.
Мамлекеттик кызматка кызмат бөлүп алуунун, тааныш-билиштин аркасы менен эмес, сынактык негизде татыктуулар тандалып келсе болмок. Бизде канчалаган татыктуу кадрлар бар. Бүгүнкү коомдо талкуу болуп жаткан мамлекеттик кызматкердин терс окуясы эртең да кайталанбайт деген кепилдик жок, себеби бүгүн кадрдык маселе баш аламан абалда", - деди Молдокматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан