КҮНСОБОЛ: Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?

2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Улуттук статистикалык комитети чет өлкөлүк түз инвестициялардын структурасында жеке капиталга кошкон салым жана соода насыяларынан башка бардык тараптан төмөндөө байкалганын маалымдаган.

Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.

Экономика министрлиги ишкерлик активдүүлүктүн төмөндөп кетишине дүйнөлүк экономикадагы туруксуздук себеп болгонун маалымдаган. Дал ушундай шартта өкмөт чечкиндүү кадамдарга барышы керек эле. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?" деген собол салды.

ИСМАИЛОВА: "Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин жасаган иштери тууралуу уга элекмин"

Депутат Аида Исмаилованын айтымында, инвестиция тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулап, чечүү жолдорун аныктоо зарыл.

"Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик бар. Мисалы, мен ошол агенттиктин жасаган иштери тууралуу уга элекмин. Инвестицияны тартуу боюнча белгилүү бир механизмдерди түзүү зарыл. Балким, кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Экономика министрлиги көзөмөлдөөчү орган болуп жатпайбы. Агенттиктердин түзүлүшүнө себептер болуп, алдына кандайдыр бир план түзүшкөндүр. Бирок отчётторун да көрө элекпиз. Мамлекеттик органдар ортосунда бири-бири менен кызматташуу болушу керек. Алар чогулуп инвестиция тармагындагы көйгөйдү чечүү жолдорун аныктап чыгышы зарыл. Мисалы, биз бүгүн мыйзам долбоорун талкууладык. Ага тийиштүү адистер катышканынан жылыш пайда болду. Инвестиция жаатындагы көйгөйлөрдү да талкуулап, чечүү жолдорун карап чыгуу кажет", - деди Исмаилова

КАРАШЕВ: “Инвестиция тартуу боюнча өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес”

Депутат Аалы Карашев инвестиция тартуунун үстүндө өкмөт максаттуу иш алып баруусу керек деген пикирде.

“2018-жылдын башынан баштап инвестициянын келишин карап келдим. Кыргыз мамлекетинде инвестициянын көлөмү абдан азайды. Бир эле Кытай эмес, жалпы эле түз инвестиция келиши төмөндөдү. Жылдын жыйынтыгын толук көрө элекмин, бирок 11 айдын жыйынтыгы менен түз инвестициянын келиши 31,2 пайызга азайды. Бул өкмөт үчүн жакшы көрсөткүч эмес. Инвестиция келип ишканалар, завод-фабрикалар ачылса ошондо гана алдыга жылыш болуп, көрсөткүчтөр бийик болот эле. Ушул тармак боюнча өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес болуп жатат. Инвестиция тартуунун үстүндө өкмөт максаттуу иш алып баруусу керек”, - дейт Карашев.

МОМУНКУЛОВ: "Өкмөткө ишеним төмөн, премьердин реформа кылайын деген аракети деле байкалбайт"

Эксперт, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов грант жана кредит алууну токтотуу керек деген пикирин айтты.

"Өкмөткө ишеним төмөн, премьердин реформа кылайын деген аракети деле байкалбайт. Түкүрүк менен алек болгондой сезим калтырат. Инвестиция тартуу үчүн Орто Азиядагы эң ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек эле. Өзбекстан бул багытта кандай иштеп жатканын көрүп турасыңар . Ички инвесторлор дагы капиталын сыртка чыгарып жатат. Финансы чалгындоо кызматынын дагы демилгелери инвесторлорду чочутту. Экономиканы түшүнгөн, реформатор, чечкиндүү премьер-министр келүүсү керек. Азыркы өкмөт өзүнүн алсыздыгын далай жолу көрсөттү. Коррупция менен күрөшөм деген күч органдары дагы ишкерлерге тоскоолдук жаратууда. Өкмөт Жогорку Кеңеш менен тыгыз иш алып баруусу, реалдуу максаттарды коюп конкреттүү мөөнөттө ишке ашыруусу, инвестиция тартып жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктү иштетүүсү зарыл. Грант жана кредит алууну токтотуу кажет. Азыркы өкмөт советтик доордун аң-сезими менен иштеп жатат. Базар экономикасына ылайык иш алып барышы керек да. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берип, мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, профессионалдарды алып келип айлыгын көбөйтүп берүү кажет", - дейт Момункулов.

КЫДЫРБАЕВ: “Чыныгы инвестордук климат түзүү үчүн ишкерликке тиешелүү мыйзамдарды оңдоп, сот системин жакшыртуу зарыл”

Экономист Улук Кыдырбаев Кытайдан Кыргызга келген инвестиция азайса, башка мамлекеттерден жолдорду карап, тартуу керек экенин айтты.

“Инвестиция тартуу, биринчиден, Тышкы иштер министрлигинин, экинчиден, Экономика министрлигинин милдети болуп саналат. Кыргыз мамлекетине 27 жылдан бери инвестиция тартабыз деп аракет кылып, аларга бейиш түзүп беребиз деп келебиз. Бирок буга чейинки инвестиция тартуудагы тажрыйбада терс мисалдар көп. Себеби кээ бир инвесторлордун мүлк укуктары тебеленип кеткен. Ошондон улам бизге келген инвесторлорду эл аралык соттор аркылуу айыптап, салган инвестициясын тартып алууга иш-аракеттер болгон. Жаңы келген инвестор биринчи өкмөттүн, соттордун ишкерлерге болгон мамилесин карайт. Эгерде соттор мыйзам эрежелерине карабай, өкмөттүн тарабын колдосо кандай болот деген анализ жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө өкмөт, Жогорку Кеңеш биргелешип инвесторго болгон шарттарды оңдошу зарыл. Кыргыз өлкөсүндөгү шарттарга инвесторлор ыраазы болсо, алар башка инвесторлорду тартканга аракет кылышат. Чыныгы инвестордук климат түзүү үчүн ишкерликке тиешелүү мыйзамдарды оңдоп, сот системин жакшыртуу зарыл”, - деди Кыдырбаев.

САРЫБАЕВ: “Инвестициянын азайышына өкмөт эмес, эл күнөөлүү”

Экономист Айылчы Сарыбаев президент башка өлкөлөр менен келишим түзүп, кол алышып, мамилени оңдогонго аракет кылып жатканын айтты.

“Бирок инвестицияга, президентке, өкмөткө каршы өзүбүздүн кыргыздар иштешүүдө. Президент башка өлкөлөр менен келишим түзүп, кол алышып, мамилени оңдогонго аракет кылып жатат. Караңгы, жапайы, акчага сатылган адамдар ар кандай төлөнгөн акчаларга кызыгышып Кытай эле эмес башка өлкөлөрдөн келип жаткан инвестицияга тоскоолдук жаратууда. Башка калк эмес. Менин угушум боюнча, кытайлыктар Кыргыз мамлекетинин ичиндеги абал оңолмоюнча, эли тартипке келмейинче инвестицияны расмий токтотобуз дешкен. Алар чоң-чоң күчтүү фирмаларды Кыргыз мамлекетинен алыс алып кетебиз дегендей кылып жатышат”, - дейт Сарыбаев.

АТТОКУРОВ: “Инвестицияны сактаганга аракеттер аз болууда”

Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров өлкөдөгү эң негизги көйгөй - бул соттун адилеттүүлүгү экенин айтты.
“Инвестицияны тартууга аракеттер көп эле болуп жатат. Тилекке каршы, инвестицияны сактоого аракеттер аз болууда. Мамлекет чет жактан өлкөгө келген инвестицияны коргой албай жатат. Көйгөйлөр өтө көп, “Кумтөр” жана башка кен казуучу компаниялар менен болгон көйгөйлөрдөн улам инвесторлор чочулоодо. Биздин өлкөгө кен казуучу компаниялар көп келет, бирок алардын басымдуу бөлүгү көмүскө компаниялар, дүйнөгө белгилүүлөрү жок. Анан “алдамчы компаниялар” деп элдин буга кыжыры келет. Кытайлык инвесторлор көбүнесе кен казуу, курулуш, жол куруу, соода-сатык жана электр камсыздоо тармагында иш алып барышат. Өндүрүштү кайра иштетүү багытында өтө аз. Өлкөгө өнөр жай, өндүрүш багытында жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө инвестициялар аябай керек. Өлкөдөгү эң негизги көйгөй - бул соттун адилеттүүлүгү. Ошол себептен инвестиция кылуудан коркушат. Инвесторлор биринчи кезекте мамлекеттин жеке менчиги кандай корголоруна кызыкдар. Экинчиси, салган каражатын кайра алып чыгып кете алабы? Оңой болобу же кыйынбы, ошол нерсе алар үчүн бул өтө маанилүү. Үчүнчүсү, бул мамлекеттик кызматкерлердин, саясатчылардын “шапка” сураганы. Кандай гана инвестиция болбосун алар 10 пайыздан 20 пайызга чейин пара талап кылышат. Дал ушул себептерге байланыштуу жакшы инвестициялардын баары коңшу мамлекеттерге кетүүдө. Мисалы, Өзбекстандагы Daewoo, Chevrolet унааларын чыгаруучу завод Ошко завод ачабыз деп келишкен. Бирок “шапкасын” чоң сурашкандыктан алар кетип калышкан. Ушундай эле нерсе убагында Токмокко курула турчу “Goldstar LG” компаниясы менен кайталанган", - деди Аттокуров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан