КҮНСОБОЛ: Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?

Апрель революциясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адам ар кандай жаракат алышкан. Көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.

ТЕКЕБАЕВ: "Эл турмушубуз оңолот деп ойлогон, тилекке каршы, анда коюлган максаттар толугу менен ишке аша элек"

Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев саясий трансформация максаты боюнча Апрель революциясы максатына жетти деген пикирде.

"2005-жылы, 2010-жылы элдик революция деп айтып жүргөн эки чоң саясий окуя болду. Экөөнүн келип чыгышынын себеби бир. Үй-бүлөлүк, кландык, өзүм билем деген жеке бийликке эл каршы көтөрүлгөн. Элдин байлыгын, келечегин өзүнүн менчигиндей көрүп, атадан балага белек, мурас кылып берүүсүнө эл каршы чыккан. 2005-жылкы, 2010-жылкы окуяларды бир окуянын эки этабы деп билем. 2005-жылы өзүм билемдик, жеке бийлик систем демонтаж, реформа болбой калган. Элдин каалоосу, максаты аткарылган эмес. Ошон үчүн эл кайрадан көтөрүлүп чыгып, 2010-жылкы революциянын негизги максаты саясий трансформациялоо болгон. Бакиев өзүм билемдик менен башкарып, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын анын үй-бүлөсү көзөмөлгө алып, көзгө басар мамлекеттик ишканалардын пайдасын менчиктештирип, "Түндүк электр" деген энергетиканын жарымын түзгөн мекеме Максим Бакиевге 3 миллион долларга өтүп кеткен. Максим Бакиевдин кирешесин көбөйтүү үчүн электр энергиясынын баасын бир нече эсеге кымбаттаткан. Максим Бакиев "Түндүк электрди" сатып алгандан кийин Бакиевдердин үй-бүлөсү элдин эсебинен пайда алып турушун камсыз кылган. Мына ушундан эл Бакиевдин режимине каршы көтөрүлдү.

Апрель революциясы максатына жеттиби дегенде биз эмне максат коюлгандыгын так, ачык айтып алышыбыз керек. Эгерде Апрель революциясынын максаты үй-бүлөлүк, кландык, жеке адамдын бийлик чамасын кулатуу, ордуна президентти шайлоо, мыйзам менен алмаштыра турган систем түзүү десек, анда ал аткарылды. Орто Азияда Кыргыз мамлекетинде гана салыштырмалуу ачык, атаандаштык түзүлгөн шайлоо системи бар. Шайлоо жолу менен Роза Отунбаева бийлигин Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди, Атамбаев болсо Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Бир нече жылдан кийин Жээнбеков дагы кийинки келечектеги президентке өткөрүп берет деп турабыз. Шайлоо менен утуп келген партиялар өкмөттү алмаштырып жатат. Бул саясий трансформация максаты боюнча Апрель революциясы максатына жетти. Бирок адамдар саясий системди реформалоону гана максат кылып коюшкан эмес. Саясий систем реформаланса турмушубуз оңолот, жумуш орундары түзүлөт деп ойлошкон, тилекке каршы, анда коюлган максаттар толугу менен ишке аша элек", - дейт Текебаев.

ӨМҮРКУЛОВ: "Саясий жагынан максатка жеттик деп айтсак болот. Бирок коррупция маселеси жасалган иштерге зыянын тийгизди"

Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Иса Өмүркулов азыркы учурда мамлекет үчүн стабилдүүлүк керектигин айтты.

"Саясий жагынан Апрель окуясынын максатына жеттик деп айтса болот. Сөз эркиндиги, парламенттик башкаруу деген багыты боюнча максатка жеттик. Үй-бүлөлүк кландык башкаруу сүрүп чыгарылды. Мунун баары ишке ашты десек болот. Бирок коррупция маселеси жасалган саясий иштерге зыянын тийгизди. Бизге бул чоң сабак болуш керек. Эки революциядан жыйынтык чыгарышыбыз абзел. Бизге жарма патриоттордун кереги жок. Мамлекет үчүн стабилдүүлүк керек. Бүгүнкү күнү ушул багытта иштешибиз зарыл", - дейт Өмүркулов.

САРИЕВ: "Апрель революциясында ойлогон ой, алдыга коюлган максаттардын баарын аткардык деп айта албайбыз"

Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев революциянын максаттарынын бардыгы аткарылды деп айта албай турганын белгиледи.

"Биз 2008-2009-жылдардагы Кыргыз мамлекетиндеги абалды саясий чөйрөдөгү кабыл алынып жаткан чечимдерди, багыттарды эстешибиз керек. Анткени 2009-жылы шашылыш мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо жарыяланып, ал жерде административдик күч колдонулуп, Бакиев 2-мөөнөткө президент болуп шайланган. Ошондон кийин бир топ өзгөрүүлөр пландаштырылган. Биринчиси, экономикадагы эң кирешелүү тармактарды толук көзөмөлгө алуу. Экинчиси, Конституцияны өзгөртүп, шайлоо демократиясынан кеңешме демократиясына өтөбүз деген багыт колдонуп, талкууланып, жакын убакта референдум аркылуу кабыл алынмак. Анда президенттин астында 7 кишиден турган кеңешме түзүлмөк. Ошол кеңешме президент кандайдыр бир себептерден улам өзүнүн милдеттерин аткара албай калса, 7 кишинин ичинен бирөөсү шайлоосу жок эле президент болмок. Ушуга утурлай Максим Бакиев жетектеген борбордук агенттик түзүлүп, бул агенттик өкмөттөн да жогорку бийликке, укукка ээ болуп, алар түздөн-түз өлкөнүн бардык кирешелүү багыттарын, мамлекетке кире турган инвестицияларды көзөмөлгө алууну көздөшкөн. Ушундай абдан чырмалышкан үй-бүлөлүк бийлик орнотула баштаган.

Мына ушул бийликке каршы саясатчылардан, коомдук ишмерлерден турган элдик кыймыл түзүлгөн. Бакиевдин бийлигине каршы туруп, саясатындагы кемчиликтерди көргөзүп турганбыз. Бакиев "бийликтен жөн кетпейм, керек болсо курал колдоном" деп айткан. Таласты күч менен басабыз деп курал колдонушкан. 7-апрелде борбордук аянтка оппозициянын лидерлерин бошоткула, мыйзамсыз ишиңерди токтоткула деген чакырыгына бийлик ок менен жооп берип, ушул Апрель окуясы болуп кетти. Каргашалуу окуя болуп, кыйын болгон.

Башыбызга чоң сыноо келген, бирок кыйын учурда убактылуу өкмөт түзүлүп, жоопкерчиликти өздөрүнө алып, кыска мөөнөттүн ичинде Кыргыз мамлекетиндеги туруктулукту орноткон. Бардыгына бирдей шарт түзөбүз деп шайлоого аттанганбыз. 2010-жылы октябрда шайлоо болуп, 5 партия өтүп келген. Убактылуу өкмөткө кирген партиялардан биз өтпөй калдык. "Ата Мекен" партиясы эң артта калды. Анткени биз таза, ачык бийлик түзөбүз деп умтулганбыз. Бирок ошол убакта кээ бир шылуундар Апрель окуясын, андан кийин июнь окуясын колдонобуз деп ар түрдүү чагымчыл лозунгдарды жайып, элди экиге бөлүүгө аракет кылып, ошонун негизинде бурмалоо жолу менен парламентке келип алышты. Бул дагы ачуу чындык, ошого карабай биз шайлоонун жыйынтыгын тааныганбыз.

Ойлогон ой, алдыга койгон максаттардын баарын аткардык деп айта албайбыз, бирок кандайдыр бир эрежелерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду", - дейт Сариев.

КАПТАГАЕВ: "Революция өзүнүн негизги саясий максаттарына жетип, өлкөдө демократиялык маанай, адам эркиндиги кайтарылып келди"

Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Апрель элдик революциясы үчүн жанын курман кылгандардын каны бекер төгүлгөн жок, алар эркиндик үчүн, элдин-өлкөнүн жаркын келечеги үчүн курман болушту деген ойдо.

"Азыр Апрель окуяларына ар кандай өңүттөн баа берилип, саясий серепчилер ар кандай көз карашатарды, позицияларды, ой-жүгүртүүлөрдү билдирип келет. Революциянын натыйжасында бийликтен кетип, байлыктан ажырап, мурдагыдай ичип-жеп жашай албай калган пенделердин айткандарына көңүл бурбай койсок деле болмок, алар айтып-айтып кала беришмек. Бирок ошол Апрель революциясынын аркасы менен эркиндик алып, демократиялык шарттардан толук пайдаланып жатышкан окумуштуулар, журналисттер, ошондой эле саясатчылар тарабынан карандай калп, негизи жок пикир айтылып, ар кандай гезиттерге байма бай жазылып жатканы зээнди кейитпей койбойт. Алар “Апрель окуяларынан кийин социалдык, саясий жана укуктук чөйрөдө эч кандай өзгөрүү болгон жок, ошондуктан революция болду деп айта албайбыз” дешет. Мындай сөздөрдү саясий сокурлук деп ачык эле айтууга болот. Балким алар кандайдыр бир саясий максатты көздөө менен куйтулук кылып да жатышат.

Апрель революциясы жөнүндө айтуудан, ага саясий сын берүүдөн мурда ошол кырдаалды, 2010-жылга карата калыптанып калган саясий режимди, мамлекеттик башкаруудагы мыйзамсыз түзүмдөрдү, ачыктан-ачык эле жасалып жаткан коррупциялык иштерди, каракчылыкты, канкорлук менен өлтүрүлгөн депутаттарды, журналисттерди, саясатчыларды эстеп, аларга сергек талдоо берүү керек деп ойлойм.

Ошол учурда Бакиев, анын балдары, бир туугандары, аларга жакын болгон, алардын кызматын кылган адамдар мыйзам чегинен сырткары чыгып алышып, “кой деген кожо жок, ай деген ажо жок”, “өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз” деп Кыргыз өлкөсүн эли-жери, бүтүндөй табигый жана башка байлыктары менен басып алышып, өлкөнүн толук кожоюну болуп калышпады беле. Мыйзам чегинде аларды бийликтен кетирүү, жоопко тартуу, алардын талоончулук аракетинен өз бизнесин, мүлкүн коргоп калуу карапайым адамдар үчүн мүмкүн болбой калган. Өйдө карап сүйлөй турган, алардын кыянаттык иштерин ачык айта турган киши дээрлик калбай калганын азыр кантип танабыз. Алар өз бийликтерин түбөлүк орнотуп алгандай пейил күтүп, улуттук байлыктарды сатып, элдин ырыскысын талап тоногону аз келгенсип, президенттик бийликти укумдан-тукумга өткөрүп берүү жолун даярдап, Конституцияга атайын өзгөртүүлөрдү киргизүүгө камынып калышкан. Бакиевдердин бул демилгесин ошол кездеги “Ак Жол” партиясы, алар көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш, а түгүл мыйзамдуулуктун тиреги болгон Конституциялык сот дагы колдоп чыкканы азыр эч кимдин эсинен чыга элек. Мына ушул жагдайдан улам элдин бардык катмарында нааразычылык күчөп, канкор үй-бүлө бийликте турганда Кыргыз мамлекетинин келечеги жок экендигине көз жеткен, келечектен, жакшылыктан үмүт үзүлгөн. Натыйжада эл толкуган.

Мына ушундан улам - Апрель элдик революциясы үчүн жанын курман кылгандардын каны бекер төгүлгөн жок, алар эркиндик үчүн, элдин-өлкөнүн жаркын келечеги үчүн курман болушту – деп так эле айтууга болот. Революция өзүнүн негизги саясий максаттарына жетти. Бакиевдердин канкор бийлиги кулады, өлкөдө демократиялык маанай, адам эркиндиги кайра кайтарылып, уурдалган мүлктөрдүн бир тобу мамлекетке кайтарылды. Буга далил катары текейден арзан сатылып кеткен энергетика тармагын, телекомду, "Мегакомду" жана башка 40тан ашуун мүлк объектилеринин улутташтырылганын, он жыл ичинде 2 жолу башкы бийлик шайлоо жолу менен алмашканын, 2 жолу парламенттик шайлоо, 2 жолу жалпы элдик добуш берүү – референдум өткөнүн, мурдагыдай буюртма киши өлтүрүү токтогонун, адам эркиндиктери менен укуктарынын калыбына келгенин айтууга болот. Булар талашсыз фактылар. Ал эми эл күткөндөй социалдык жана экономикалык өнүгүүгө чыга элек экендигибиз да факт, бийлик түзүмдөрүнүн ишинде коррупциялык элементтерден арыла албай жатканыбыз да факт. Көп нерсе 2011-жылы президент болуп шайланган Атамбаевдин Апрель революциясынын идеяларына чыккынчылык кылганынан улам ошондой болуп калды, анын кесепети абдан эле тийди. Бирок алган багытыбызды улап, өлкөнү коррупциядан тазалай алсак өсүп-өнүгүү да келет, башка өлкөлөрдөгүдөн кем эмес жашоо шарты да болот. Башкысы өлкөдө тынчтык болуп, элибиздин аманчылыгы", - дейт Каптагаев.

ДҮЙШӨБАЕВ: "Апрель революциясы көп максаттарына жеткен жок"

Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев Апрель революциясы көп максаттарына жетпегенин билдирди.

"Революция жакшы тилек, жакшы ой менен жасалган. Алдыга жакшы максаттарды койгонбуз. Элдин астында ант берип, жоопкерчиликти алганбыз. Бийликке Атамбаевди алып келип, президент кылып шайлаганбыз. Ал тескери кетти. Ачыгын айтыш керек, революция көптөгөн максаттарга жетпей калды", - дейт Дүйшөбаев.

ҮМӨТАЛИЕВ: "Революция мамлекеттүүлүктү түп тамырынан өзгөртө алса, ошондо гана революция деп аталат"

Утурумдук өкмөттүн экономика министри Эмил Үмөталиев бийликтин жарандарга мамилеси дагы деле дүйнөлүк жетишкен сапаттуу деңгээлден ылдый деген пикирде.

"Кандайдыр бир өзгөрүүлөр бар. Бардык өзгөрүүлөр менин каалоом боюнча же болбосо дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүүгө умтулушундагы багытта эмес. Ооба, биз кандайдыр бир монополияга умтулган бийликтен кутулуптурбуз. Бирок анын ордуна башка бийлик келип, өзүнүн монополиясын орнотконго аракет кылып, күчү жетти.

Негизгиси ошол жылы Конституция өзгөртүлгөн. Анда мамлекеттүүлүктүн элге көбүрөөк таяна турганы, узурпацияга жол бербейбиз деген ураандар көп айтылган. Ошол узурпацияны чектөө ниетинде Конституция өзгөрүлгөн. Бирок ошол эле айдан баштап бийликти колго алгандар ошол Конституцияны эстеп, ага таянып, аны ишке ашырганга же болбосо өнүктүргөнгө ниеттери болгон жок. Алар Конституцияны кабыл алгандан кийин аны жыйыштырып салып, өздөрүнүн жеке саясий ролун, көздөгөн бийликтен орун алууга аракет кылуудан гана баштары чыкпай калган. Ошентип Конституция дагы четке кагылып, ошол жердеги эң негизги оюнчулар өзүнүн гана кызыкчылыктарын көздөшкөн.

Менин оюмча, ошол жеке тирешүүлөрү бизди ушундай көйгөйгө алып келип таштады. Ошондуктан революция мамлекеттүүлүктү түп тамырынан өзгөртө алса, ошондо гана революция деп аталат. Кээ бир революция элин өнүгүүгө, элдин мамлекеттик органдарга ишеничин түптөйт экен. Бизде болсо, тилекке каршы, бул революция элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеничин кайра түшүрүп койду. Мамлекеттик органдарга болгон ишеничти эң ылдыйкы деңгээлге жеткирди. Биздин өлкөбүздөгү элдин аң-сезими бул окуялар аркылуу өсүп жатат. Эл мамлекеттин ролун өзүнүн турмушунда мурдагыга караганда көбүрөөк таанып турат болуш керек.

Бийликтин жарандарга мамилеси дагы деле дүйнөлүк жетишкен сапаттуу деңгээлден ылдый, мамлекет элге кызмат кылуудан баш тартып, көбүрөөк элди колдонгонго күчү дале жетип жатат", - дейт Үмөталиев.

КАЗАКБАЕВ: "Апрель революциясы такыр эле максатына жетпей калды деп айта албайм"

Убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кемчиликтер болгонун айтты.

"Бүгүн Апрель революциясына 10 жыл болду. Бул Кыргыз мамлекетинде болгон маанилүү окуяны жыйынтыктаганга 10 жыл толук жетишээрлик убакыт. 10 жыл мурун Кыргыз эли ошол убактагы авторитардык режимге каршы чыгып, кыргыз элине зордук-зомбулук, үй-бүлөлүк кландык башкаруу орнотуу мүмкүн эмес экенин бүтүндөй дүйнөгө көрсөтүшкөн. Ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, ар түрдүү саясий лидерлер, элибиз аябай чоң максат коюшуп, Кыргыз өлкөсүн демократиялык жолго түшүрөбүз. Кыргыз мамлекетинде адилеттүү, калыс, мыйзам үстөмдүгү бекем болгон демократиялык, экономикалык жактан өнүккөн, коррупциясы жок алдыңкы мамлекет кылабыз деген чоң максат менен аянтка чыгышкан. Тилекке каршы, ал убакта өзүңүздөр билгендей, ок атылып 100гө жакын жарандарыбыз шейит кетти. Дагы бир канчасы жаракат алды. Бүгүн каза болгондорго таазим кылабыз. Революцияга катышкан лидерлер бийликте, Жогорку Кеңеште бар. Ар түрдүү себептер менен абакта, үйдө отургандар да бар. Ал жакта биринчи максат Кыргыз мамлекетиндеги авторитардык режимди кайра демократияга кайтаруу болчу. Ошондой эле парламентаризмге өтүү максаты коюлган. Мыйзам чыгаруу бийлиги, президент, аткаруу бийлиги ортосундагы тең салмактуу саясий систем куруу боюнча чоң максат бар болчу. Ал убакта парламенттик-президенттик систем керек болгон. Биз толук парламентаризмге өткөн жокпуз. Эми эл өзү чечет. Ар бир бийликтин булагы эл. Апрель революциясы максатына жеттиби же жокпу биринчи бааны эл берет. Ошол убактагы саясий системдин өзгөрүшү боюнча максатка жетти деп айта алам. Бирок Кыргыз мамлекетиндеги коррупцияны түп-тамыры менен жок кылуу, ошол убактагы Кыргыз мамлекетин экономикалык өнүккөн мамлекетке жеткирүү жана сот реформаларын жүргүзүү боюнча иштер толугу менен максатка жеткен жок. Мындай иштер тынбай жүргүзүлө бериш керек. Аны түшүнүп турабыз оңой иш эмес. Апрель революциясында каза болгон баатырларыбыз, алардын жакындарынын ой-максаттары аткарылбай калбаш керек. Ал дайыма эсибизде болушу керек. Ар бир Кыргыз жараны, бийлик бул окуядан чоң сабак алыш керек. Бардыгыбыз ал тарыхты эстен чыгарбашыбыз керек. Мындай убакта жалпы максатыбыз демократиялык, экономикалык жактан өнүккөн мамлекетти куруу болуусу шарт.

Апрель революциясы такыр эле максатына жетпей калды деп айта албайм. Ооба, кемчиликтер да орун алды. Бардыгы ар түрдүү саясий оюндардын тегерегинде болду. Тилекке каршы, ошол убакта ар бир саясатчынын өзүнүн кызыкчылыктары башталды. Саясий оюндардын негизинде кадрдык тандоолордо, ар бир программалардын ишке ашырылышында кемчиликтер болду. Ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин экономикабыз аксап келет, коррупцияга каршы күрөшүү дагы уланып жатат", - дейт Казакбаев.

ШАКИЕВ: "Он жыл аралыгында кыргыз элинин утушунан утулушу көп болду"

Экс-министр Нурланбек Шакиев бийликти же бийликтегилерди эмес, системди алмаштыруу керектигин белгиледи.

"Мындан он жыл мурун чыныгы элдик ыңкылап болдубу же сырткы күчтөрдүн айдагы менен төңкөрүш болдубу аны тарых тактайт. Он жыл аралыгында кыргыз элинин утушунан утулушу көп болду. Өлкөнү Атамбаев баштаган кылмыштуу топ алты жыл каалагандай калчап, экономиканы эле эмес, эл чарбасынын бардык тармагын талкалашты. Элдин жашоосунда өсүш болбой эле, өксүк болду. Өлкөнү билимсиз, тажрыйбасыз адамдар башкарышып, "башкара албаган элди бузат..." болуп элибизди бузду. Өлкөбүздү тышкы карызы эселеп өсүп, элибиздин келечеги туңгуюкка капталды. Бакиевдин бийлигинен эки эсе кейиштүү, бечел, коррупциялашкан систем орноду. Ошонун кесепетинен азыркы күндө да арыла албай жатабыз.

Эми бардык үмүт күздөгү парламенттик шайлоодо. Ошондо кыргыз эли акчага азгырылбай, жердешчиликке, тууганчылыкка моюн бербей, бийлигине карабай, партиялардын программаларына, көз караштарына карап тандоо менен добуш беришсе, балким, келечегибизди түздөп кетебиз. Болбосо дале шорлоп жүрө беребиз.

Биз бийликти же бийликтегилерди эмес, системди алмаштырышыбыз керек. Антпесек азыркыдай бийлик системи менен ай сайын бийликти же бийликтегилерди, тактап айтканда, өкмөттү, министрлерди күнүгө алмаштырсаң да эч нерсе өзгөрбөйт", - дейт Шакиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан