Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
"2019-жылдын 8-январынан тарта монтаждык жана жөндөө-ишке киргизүү иштерди аткаруу үчүн Бишкек шаарынын 10 жол кесилиши үчүн биринчи баскычтын 1-фазасынын жабдуулары толук ташылды. Ошондой эле 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу үчүн келип түштү. Долбоордун биринчи фазасын жүзөгө ашырып баштоого бардык тиешелүү уруксат кагаздары алынган жана буга катар кийинки фазаларга уруксат кагаздарын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө", - деди Шаршембиев.
Ал белгилегендей, 2019-жылдын 12-февралынан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун 1-фазасынын бардык тилкелерин тесттик режимде иштетүү пландаштырылууда.
Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик органдар "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүгө дыкат даярдык жасоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
"Жакын арада бардык уюштуруу-техникалык иштер аяктап, бардык зарыл инфраструктура даярдалышы керек, айып пулдарды башкаруу механизмдерин так иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик органдар, почта кызматтары, банктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, автоинспекторлор жана унаа ээлеринин ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин, алардын ролун жана жоопкерчилигин иштеп чыгуу кажет", - деди Абылгазиев.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине долбоорду ишке берүүгө тыкыр даярдык көрүү маселесине тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.