"Коопсуз шаар" долбоорунун атып сындырылган камерасы Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Вега" компаниясынан билдиришти.
Маалым болгондой, камераны 14-апрелде белгисиз адамдар аткылашкан. "Эртеси 15-апрелде ишке киргизилиши керек болчу. Биз милицияга арыз жазганбыз, бул факты боюнча "мүлккө зыян келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Атып сындырылган камера жараксыз болуп калган, анын ордуна жаңы камера коюлду. Учурда ал иштеп жатат. Келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелүүдө", - дешти компаниядан.