КҮНСОБОЛ: Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?

Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Жүк-200" маселесин жөнгө салуу демилгеси кабыл алынса деле бизде механизм иштебейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул демилге 2013-жылы эле депутаттар тарабынан көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калганын айтты.

“Ачык айтуу керек, “Жүк-200” маселесин киргизүү механизми бизде иштебейт. Мисалы, бир айга чет жакка чыгып жаткан жаран “эмнеге мен камсыздандыруу төлөмүн төлөшүм керек?” десе, экинчиси дагы бир нерсени айтат. Мына ушундай иштерди миграция кызматы кантип аныктайт? Ушул жактан көйгөй жаралат. Аталган демилге туура эле, бирок иштетүү механизмин таба албай жатабыз. Эгерде парламентке келип кабыл алынса деле менин жеке пикиримде иштебейт”, - деди Бекешев.

КАЗАКБАЕВ: "Камсыздандыруу боюнча мигранттардын пикирин угуп, талдап чыгуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

"Негизи эмгек мигранттарына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөдө ооруп калган же каза болгон жарандарыбызды камсыздандыруу маселеси көп жылдан бери талкууланып келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейин кандай чечилгени, кыйын абалга туш болгон мигранттарга мекендештерибиз каражат чогултуп жардам берип келе жатканы да маалым. Миграция кызматынын ичинде фонд бар. Ал жактан каражат берилет. Тилекке каршы, ал каражат аз болуп жатат. Мигранттар чет өлкөгө акча табуу үчүн кетип жаткандан кийин өкмөт жардам бериши керек. Өкмөттүн атынан фонд ачып, аны бюджетке киргизип жардам берип турсак болмок. Ансыз деле мигранттарга олуттуу жардам бере албай жүрөбүз. Камсыздандыруу үчүн 300 сом өлчөмүндөгү төлөм деген сунушту алгач талкууга салуу зарыл. Акчаны бере турган мигранттар өзү эмеспи, алардын пикирин угуп көрүү керек. Ишке ашыруу механизмдери боюнча да маселе көп", - деди депутат.

НУРМАТОВ: "Жүк-200дү" алып келүүгө өзүбүз эле колдоо көрсөтүп, берилүүчү каражатты 100 миң сомго көтөрсөк болмок"

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов Кыргыз өлкөсүнө акча каражатын жөнөтүп жаткан мигранттарга өкмөт жардам берсе болмок деген пикирин айтты.

"Чет өлкөгө чыккандар ар кандай кырсыктарга учурап, түрдүү жаракаттарды алып, айрымдары "Жүк-200" болуп келип жатышат. Ушундан улам Миграция кызматы камсыздандырууну сунуштап жатышкандыр. Мигранттардан бизге 2 миллиард 700 миллион доллардай каражат келет экен. Биздин мигранттарга кылган мамилебиз туура эмес болуп жатат. Каза болгон жарандарыбыздын сөөгүн алып келүүгө бере турган каражат - 50 миң сом. Аны алуу үчүн туугандары ар кандай маалымдамаларды чогултушу керек. Мигранттар үйүндө акчасы жок болгон үчүн, кыйналгандыгынан чет өлкөгө кетип жатышат да. "Өзүбүз деле колдоо көрсөтөлү" деп өкмөттөн бериле турган каражатты 100 миң сомго чейин көтөрүүнү да сунуштаган элем. Ал үчүн токтомду өзгөртүп, кайра карап чыгуу керек", - деди Нурматов.

АСАНБЕКОВ: "Бийлик өкүлдөрүнүн акылга сыйбаган сунуштары, мамлекетибиздин экономикалык шарттары оор коркунучтарга келип такалганын далилдейт"

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков мигранттарга Кыргыз жеринде жумуш орундарын түзүп, экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылуу керек деген пикирин айтты.

"Эмгек миграция агымынын пайда болуу себеби - улуттук экономикабыздын чабалдыгы. Ал маселе аткаруу бийлигинин сапатсыз иштөөсүнөн, мамлекеттик институттардын сабатсыздыгынан пайда болот. Өздөрүнүн социалдык-экономикалык милдеттерин татыктуу аткара албай, карапайым элди миграцияга чыгууга мажбурлап жаткан бийлик өкүлдөрүнүн акылга сыйбаган сунуштары, мамлекетибиздин экономикалык шарттары өтө оор коркунучтарга келип такалганын далилдейт. Бул маселени чечүүнүн туура жолу улуттук экономикабыздын өнүгүүсүнө илимий аныктоолор аркылуу шарт түзүп, социалдык жактан кыйналып жаткан жарандарыбызды татыктуу иш орундары менен камсыз кылуу. Ошондо гана кыргыз элинин улуттук намысын кемсинткен эл аралык уяттан кутулабыз. Мазмунсуз сунуштарды көрсөткөн бийлик өкүлдөрүнө отставкага кетүүнү сунуштайт элем", - деди Асанбеков.

КАДЫРБЕКОВ: "Бул баягы "түкүрүк" айыптай болуп мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгүнө доо кетирет"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков “Жүк-200” маселеси жөнгө салынып кетерине ишенбей турганын айтты.

“Азыр бар мыйзамда салыктарды чогулта албай жаткан өкмөт, жаңы демилгеленип жаткан “Жүк-200” маселесин жөнгө салып кетерине көзүм жетпейт. Бул баягы “түкүрүк” айыптай болуп мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгүнө доо кетирет. Элге жаңы салык же жаңы буйрук берердин алдында өкмөт менен Жогорку Кеңеш өздөрүнүн мыйзамда жазылган функцияларын аткарышса жакшы болмок. Элдин ишенимин алгандан кийин гана жаңы демилге киргизсе болот”, - деди Кадырбеков.

МОЛДОКМАТОВ: "Бул каражат мамлекеттин бюджетин толтурууга кетпейт"

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов "Жүк-200" маселесин ишке ашыруу керек экенин айтты.

“Бул демилге көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Былтыр июль айында сыртта жүргөн мигранттардын катышуусунда тегерек стол жыйыны өткөн. Ал жыйынга мамлекеттик миграциялык кызмат жана парламенттин өкүлдөрү катышып, ошол жерден демилге көтөрүлгөн. Чет жакка мигрант катары кетип жаткан жарандар милдеттүү түрдө өмүрүн камсыздандыруу керек. Ал үчүн жылына 300 сомдон төлөнөт. Бул каражат мамлекеттин бюджетин толтурууга кете турган акча эмес. Эгерде чет жакта жүргөн кыргыз мигранттары капысынан каза болуп калса, алардын сөөгүн мекенине алып келүүгө жумшалат. Сөөктү алып келүүгө мамлекеттик бюджеттен 50 миң сом бөлүнөт. Бул каражат эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан өкмөттүн алдында мигранттардын өмүрүн камсыздандырган кампания болушу керек деп айтылган. Ушул демилгени колдоо керек. Азыр миграция кызматы да колдоп чыкты. Жакын арада парламенттин талкуусуна коюлат деп ойлойм. Учурда “Жүк-200” маселесин жөнгө салуу максатында ар бир кыргыз мигранттын өмүрүн камсыздандырууну кабыл алуу үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Топтолгон колдун саны 8 миңден ашты. Эгерде ушул маселе ишке ашып калса, жакынынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн социалдык тармактарга сүрөтүн чыгарып жардам сурагандар азаят. Мындай норма Европа мамлекеттеринин бардыгында бар. Түштүк Корея, Италия, АКШ, Түркия, Орусия жана башка өлкөлөрдө жүргөн мекендештерден демилгени колдойбуз деген видеокайрылуулар келип жатат”, - деди Молдокматов.

КОШМАТОВ: "Камсыздандыруу механизмдерин так иштеп чыгышса оңой эле болот"

Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу керек деген пикирин айтты.

"Жарандар өлкөдөн чыгып жатканда камсыздандыруу үчүн 200-300 сомдон төлөшсө деген маселени Кыргыз диаспорасы сунуш кылып келебиз. Талаа-түздө, чет жерде жүргөндө бир нерсе болсо мамлекет өз жаранына жардам берип, чыгашаларын төлөп жардам бермек. Механизмдерин туура, так иштеп чыгышса мигранттарга оңой эле болот. Азыркы учурда мамлекет "Жүк-200дү" алып келүүгө 50 миң сом төлөп берип жатат. Бул чындыгында аз. Ал нерсе ишке кирип калса эле эл түшүнөт", - деди Кошматов.

КЫДЫРБАЕВ: "Сыртка кетип бараткан жараныбызга "чөнтөгүңдө 300 сом болушу керек" деген талапты коюу аткарылбай турган нерсе"

Экономист Улук Кыдырбаев чет жакка кетип баратканда кимиси турист, кимиси мигрант экени кандай жол менен аныктала турганы түшүнүксүз дейт.

“Камсыздандыруу төлөмүн алып жатканда мигрантпы же мигрант эмеспи кантип аныкталат? Мен бүгүн же эртең Астанага кетсем мигрант болуп каламбы? Же мен кетип бара жатканда сурап тактайбы, түшүнүксүз нерселер көп. Чет мамлекетке кетип жаткан жараныбызга “чөнтөгүңдө 300 сом болушу керек” деген талапты коюу аткарылбай турган нерсе. Ооба, бир жагынан туура, сыртка кетип бараткан Кыргыз жарандарынын акчасы жок болуп калбасын деп жатышат. Буга чейин жумушка чакырылып, чакырган тарап аларды көчөгө таштап кеткен учурлар да катталган. Ушул окуянын негизинде мигранттарды чакырган тарап алдын ала акча менен камсыз кылсын деген ой болушу мүмкүн же “сенин колуңда акча болушу керек” деген мажбурлоо болуп калабы? Бул демилгени ишке ашыруу оор болот, себеби айланасында суроо көп. Биз жабык мамлекет эмеспиз, чыгуу виза деген нерсе жок. Мисалы, 1996-жылы мен алгачкы жолу чет өлкөгө чыкканда ИИМден уруксат алгам. Кайсы жакка, кандай максатта кетип жатканымды түшүндүргөм. Азыр андай нерсе жок, эч ким токтото албайт", - деди Кыдырбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан