КҮНСОБОЛ: Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?

8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген собол салды.

МАМЫТОВ: "Тергөөчүлөрдүн Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү укугу бар"

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун айтымында, эгер Атамбаев мыйзамды сыйласа, суракка келип актыгын далилдөөсү зарыл.

"Бул иш мыйзам чегинде болушу керек. Ал киши Кыргыз жараны болгондон кийин мыйзамга баш ийиши зарыл. Тергөөчүлөр кайсы бир ишти оюнан чыгарып, чакыруу жаза албайт жана чечим чыгара албайт. Сөзсүз ар тараптуу объективдүү иликтеп чыгуу үчүн Атамбаевдин өзүн суракка чакырыш керек. Ошон үчүн ал суракка барып, жакшы адвокатын алып, актыгын далилдеп, фактыларды негиздеп көрсөтүүгө тийиш. Мыйзамда талаптар ошондой.

Эгер тергөөгө тоскоолдук кылса, анда мыйзам чегинде Жаза-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, тергөөчүнүн аны суракка мажбурлап алып келүү боюнча токтом чыгаруу укугу бар. Бирок андайга эч ким жеткирбейт деп ишенем", - деди Мамытов.

АСАНОВ: "Атамбаевдин айласы кетип калды, ал эптеп камалбаштын амалын издөөдө"

Саясатчы Бектур Асановдун айтымында, иш мыйзам чегинде болсо, бийлик чагымчылдыкка алынбай так иштесе, эч нерсе болбойт, саясий кырдаалга таасир этпейт. "Алмазбек Атамбаев камалганы менен саясат токтобойт, себеби анын жактоочулары, колдоочулары митинг уюштурат, чогулуштарды өткөрөт. Мындай айтканда, саясий күрөш улана берет. Бирок бул нерсе чоң саясий окуяга алып келбейт.

Учурда Атамбаевдин айласы кетип калды, ал эптеп камалбаштын амалын издөөдө. Саясатчы катары, жигит катары деле сотко барышы керек, акталса акталып, күнөөсүз экенин далилдеши керек. Ал эми сотко ишенбей жаткан болсо, аны убакыт жана тарых актайт. Суракка барбай качып жаткандыгынын бир себеби корккондугунда деген ойдомун", - дейт Асанов.

НЫШАНОВ: "Атамбаев суракка барбай жүрө берсе, өлкөнүн экономикасына зыян кылышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, мындай кырдаалда мыйзам талаасына түшүүдөн башка жол жок.

"Ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керек. Атамбаевдин адвокаты "Жогорку Кеңештин чечими мыйзамсыз" деп айтып жатат. Эгер мыйзамсыз деп эсептесе, анда "бул иш мыйзамсыз, мен акмын, суроолоруңар болсо жооп берем" деп суракка барып койсо жакшы болмок. Биз 21-кылымда жашап атабыз, кайра 16-17-кылымга кетпешибиз керек.

Эгер Атамбаев суракка барбай жүрө берсе, инвесторлорду чочутуп Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян кылышы ыктымал. Бутуна туруп келе жаткан өлкөнүн аксап калуусуна шарттарды түзүп коюшу мүмкүн. Бирок акыры келип мыйзам талаасына түшөбүз деп ойлойм. Башка жолубуз жок", - деди Нышанов.

СООРОНКУЛОВА: "Атамбаев суракка баруудан баш тартып, карапайым калкка жаман үлгү көрсөтүп жатат"

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулованын айтымында, мыйзамдын алдында баары тең болушу керек.

"Мыйзамга баш ийүү зарыл, ал эми качып жатканы, албетте, туура эмес. Эгерде мыйзамга баш ийбей турган болсо, баш тартып жатса, ал мажбурлап алып келинет. Буга чейин Алмазбек Атамбаев "мыйзам бузулуп жатат" деп айтты, эгер анын кандайдыр бир дооматтары, нааразычылыктары болсо, сот турат, ага кайрылса болот.

Менимче, учурда суракка баруудан баш тартып жатканы туура эмес, себеби ал мурунку өлкө башчы катары карапайым калкка жаман үлгү көрсөтүп жатат. Буга чейин "көп тармакта реформа жасадым, башкасын кылдым" деп айтып келген, ал эми учурда эмнеден коркуп жатат?" - дейт Сооронкулова.

ТУРСУНБЕКОВ: "Атамбаевдин айланасындагы кырдаал консенсус менен бүтөт деп ишенем"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун айтымында, ар бир кызмат мыйзам чегинде өз ишин аткарышы керек.

"Алмазбек Атамбаевдин позициясы баарыбызга түшүнүктүү. Түзүлүп калган кырдаал консенсус, өз ара түшүнүшүү менен бүтөт деп ишенем. Ар бир мамлекеттик орган мыйзам чегинде иш алып барышы керек. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", - деди Турсунбеков.

СУЛТАН: "Адилетсиз бийлик менен күрөшүү - бул адал иш"

Экс-элчи Кылычбек Султан "Эгерде бийлик адилетсиз болсо, коррупциялашкан болсо, андай бийликти таануудан баш тартуу, андай бийлик менен күрөшүү - бул адал иш" деп жооп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан