27-июлда Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Ал учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы жазылган. Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланууда. 2014-жылы Апрель окуясы боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы элди атууга катыштыгы бар деп мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүм сот тарабынан чыккан. 2016-жылдын 29-июлунда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Курманбек Бакиевге карата чечимди өзгөртүп, аны 30 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан. Апрель окуясында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталы "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген собол салды.
ИСАКОВ: "Данияр Үсөновду алып келүүгө азыркы бийликте толук мүмкүнчүлүк бар"
2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков мыйзамдуулукту аткарабыз десек, анда мындай иштерде тийиштүү органдар ыкчам аракеттерди көрүшү керектигин билдирди.
"Азыркы бийлик мыйзамдуулукту так аткарам деп келген болсо, кылмыш иши козголгон адамдар менен иштеген УКМК, Башкы прокуратура аларды алып келгенге, жазага тартканга чоң аракет жасашы керек, негизги милдет ушуларда. Өзүнүн мыйзамын сыйлаган өлкөлөрдө мындай нерсеге катуу чара көрөт, биз дагы тийиштүү өлкөлөргө маселени кабыргасынан коюп, "өткөрүп бергиле, алардын кылмышка катыштыгы бар адамдар" дегенде бир жыйынтык чыкмак. Азыр маалыматтар чыкты, учурдагы бийлик ойлонуп, туура маселени жүргүзөт деп ойлойм. Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүптүр, бул дагы бүгүнкү бийликтин иши. Мындан кийин тийиштүү кызматтар өз аракеттерин көрүшү керек. Бизде да эки тараптуу келишимдер бар, ошолордун негизинде алып келүүгө аракет жасашы керек", - деди Исаков.
НУРБАЕВ: "Жоопко тартуу боюнча соттун чечими чыккан болсо, анда алып келүү боюнча жолдор бар"
Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Данияр Үсөновду алып келүүгө мыйзамдуу жолдор бар.
"Бийлик 2010-жылдагы Апрель окуясына күнөөсү барларды жоопко тартууга кызыкдар. Биздин Тышкы иштер министрлиги Беларустун Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүптүр. Ошонун жообун күтүп турушубуз керек, жообун угалы, кандай болор экен. Бул маселе күздө да парламентте көтөрүлөт. Буга чейин биздин бийлик Үсөновдун кайда экенин так билбеген болуш керек, азыр Беларуста экендиги белгилүү болгондон кийин нота жөнөтүп жатышат, бирок буга чейин эле эл аралык издөө жарыяланган. Кыргыз сотунун чечими болгондон кийин булар сөзсүз жоопко тартылышы керек. Биздин өлкө менен Беларустун ортосунда өткөрүп берүү келишими жок болуп калса, анда биздин дипломаттар эл аралык нормаларды колдонуу менен иш алып барышы керек. Жоопко тартуу боюнча соттун чечими чыккан болсо, анда алып келүү боюнча жолдор бар", - деди Нурбаев.
МЕДЕТБЕКОВ: "Апрель окуясында адамдардын өлүмүнө күнөөлүү дегендерди жоопко тартуу керек"
2010-жылы Апрель окуясынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков адамдардын өлүмүнө күнөөлүү деген адамдарды тынч уктатпоо керек деген пикирде.
"Апрель окуясы Кыргыз мамлекети үчүн аябай чоң кайгылуу окуя болгон. Анда кандайдыр бир деңгээлде баш аламандык болгон. Ошол төңкөрүштө "Ала-Тоо" аянтында кан төгүлгөн жерде башында эки жактан тең атышуу болуп кеткен. Канча сот процесстери болсо дагы элди атууга буйрук берген адам белгисиз. Ал эми буйрукту аткарган жөнөкөй аскерлер, ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери жазасын алып, соттолгондор дагы бар. Буйруктун артында тургандар ошол эле күнү Убактылуу өкмөттүн жардамы менен өлкөдөн чыгып кеткен. Соттун чечими менен бир нече адамга издөө жарыяланган. Бирок издөөдө жүргөндө чет мамлекетте бизнес куруп, жыргап жашап жүрүшөт. Атамбаевдин бийлиги учурунда издөө иштери кагаз түрүндө эле калып калды.
Кыргыз мамлекети 7-апрелдеги окуядан сабак алып, кыянаттык кылган, мыйзамды бузуп качып кеткендер жоопкерчиликке тартылуусу зарыл. Аларга тынч уктоого мүмкүнчүлүк бербеш керек. Тиешелүү адамдар жазасын алуусу шарт. Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар. Бирок 6-7 жылдын ичинде Апрель окуясында кан төгүүгө тиешеси бар адамдар ар кандай кызматтарда, кээ бири депутат болуп жүрөт. Аларды жоопко тартуу үчүн ыкчам топтор түзүлүп атайын иштерди жүргүзүү зарыл", - деди Медетбеков.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Азыркы бийлик Апрель окуясына катышы барларды кармап келүүгө колу кыска"
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев азыркы бийлик кылмышкерлерди кармап келүүгө кызыкдар болсо да, бийликтин колу кыска экенин айтты.
"Башка өлкөлөр менен биздин өлкөнүн эки тараптуу келишимдери бар. Ошолордун негизинде кандай гана маселе болбосун аны кабыргасынан коюп, издөөдөгү кылмышкерлерди биздин өлкөгө өткөрүп берүү боюнча башка өлкөлөрдөн талап кылууга толук укугубуз бар. Азыркы бийлик Апрель окуясына тиешеси бар деп издөөдө жүргөн адамдарды кармап келүүгө канчалык кызыкдар болсо да тиши мокок, колу кыска болуп жаткандай сезилет. Бирок башка өлкөнүн издөөдөгү кылмышкерлерин кармап берип, алардын өтүнүчүн аткарат да, биздин издөөдөгү кылмышкерлерди ала алышпайт. Мисалы, Апрель окуясына катышы бар делген адамдардын баары кылмышкер деп жарыяланып, аларга карата тиешелүү өкүм чыккан. Ага карабай укук коргоо органдары тарабынан иштер аткарылбай жатат. Биздин укук коргоо органдары жана күч органдары тиешелүү деңгээлде иш алып барып, бул иштердин аягына чыгуусу керек деп эсептейм. Бирок бул иштердин аткарылышына күч органдарынын компетенттүүлүгү, иш билгилиги жетишпей жаткандай ой калтырат. Ал эми саясий жагын айтсам, мен көп жылдан бери укук коргоо иштеринен алыстап калганым үчүн саясий себептерин ичинен билип айта албайм", - деди Дүйшөбаев.
Масалиев: "Азыркы бийликпи, кечээги бийликпи, айтор, эч ким күнөөкөрлөрдү издеген жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, Апрель окуясы боюнча соттун өкүмүн бийлик эмес, тийиштүү органдар ишке ашырышы керек.
"Азыркы бийликпи, кечээги бийликпи, айтор, эч ким күнөөкөрлөрдү издеген жок. Снайпер аткан дешти эле, бирок бул иштер да аягына чыккан жок. Аталган иште эки тарап тең күнөөлүү болгон. Данияр Үсөнов жөнүндө соттун өкүмү бар. Башкы прокуратура, сот аткаруучулары аларга чыккан өкүмдү аягына чыгарышы керек болчу. Бул алардын милдети. 2010-жылдагы окуяга байланыштуу толук аракеттер жасалбай жатат", - деди Масалиев.
АБДРАХМАНОВ: "Буга чейинки 2 президент чын дилинен Апрель окуясынын күнөөкөрлөрү менен күрөшкөндө аягына чыкмак"
Коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов учурдагы бийлик бул маселе боюнча алдыда чара көрүлөрүнө ишене турганын билдирди.
"Менин оюмча, учурда бийлик башка маселелер менен алаксып калды. Коррупция менен күрөшкө, аймактарды өнүктүрүүгө катуу көңүл бурулуп, Апрель окуясы козголбой жаткан. Буга чейин да 2 президент кетти. Алар чын дили менен Апрель окуясынын күнөөкөрлөрү менен күрөшкөндө аягына чыкмак. Атайын кызматка тапшырма берсе, айыптууларды кармайт эле. Албетте, Данияр Үсөновдун башка ысым алып жүргөнү өкүнүчтүү. Мен 2005-жылкы, 2010-жылкы саясий окуяларга жакындан катышып жүргөм. Менимче, Убактылуу өкмөткө мүчө болгондор Апрель окуясына тийиштүү күнөөкөрлөрдү кармап, жазалоого аракет кылбайт. Алардын кызыкчылыгы жок деп ойлойм", - деди Абдрахманов.
Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов жана Апрель баатыры, мурдагы жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов ар кандай себептерден улам аталган суроого жооп берүүдөн баш тартышты.