Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген собол салды.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Чалгындоо органынан тергөө функциясын алып коюу туура эмес”
Депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында УКМКны реформалоо маселеси сот-укуктук реформанын алкагында да каралган.
“УКМКны реформалоо маселеси учурда талкууда. Бул түзүм башында түзүлгөндө анын мазмуну, багыты башкача болчу. Жалпы мамлекеттин коопсуздугуна боло турган чалгындоо, каршы чалгындоо маселелери каралышы керек эле. Бирок ал эл аралык террордук уюмдар менен күрөшүү жана ошол жакка чакырыктар боюнча кызмат эле. Өткөн жылы сот реформасынын алкагында УКМКнын экономикалык кылмыштар менен алектенүү функциялары алынган. УКМК көзөмөлдөй турган маселелер - бул чалгындоо жана эл аралык террордук уюмдардан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо. Кылмыштарды тергөө, ыкчам аракеттерин жүргүзүү функцияларын толугу менен алып коюу туура эмес. УКМКга ошол кылмыштар менен күрөшүү ишин жүргүзүүдө, ыкчам тергөө алып барганга ыйгарым укуктар керек”, - дейт Жээнчороев.
МЕДЕТБЕКОВ: “Акыркы 8 жылда УКМКнын төрагасы болуп жөнөкөй жан сакчылардан баштап журналисттерге чейин дайындалышты”
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков заман, саясий-коомдук түзүлүш өзгөртүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты.
“Бүгүнкү күндө УКМКны эле эмес, бүт укук коргоо органдары, сот системи реформаланышы керек. Себеби заман өзгөрүп жатат, саясий-коомдук түзүлүш көп өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Комплекстүү реформа болбосо, бул биздин бүгүнкү күндөгү саясий-коомдук түзүлүштөрдө, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө тоскоолдук болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө УКМК Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан бардык коопсуздукту, туруктуулукту сактоого болгон аракеттерин жасап жатат. Дүйнө жүзүндө, бардык мамлекетте атайын кызматтын түзүмдөрү, өкүлдөрү мамлекеттин коопсуздугун жана аны сактап калууга аракет кылышат. Бизде акыркы 28 жыл ичинде, тилекке каршы, мамлекет башчылары үй-бүлөлүк кландарын же болбосо тегерегиндеги адамдарды бийликке жакындатып, алар аркылуу укук коргоо органдарын башкарып, саясат түзүүгө тескери иштерди жасап келгени баарыбызга белгилүү. Учурда УКМК буга чейин болуп кеткен ар кандай тескери таасирлерден чыгууга аракеттерин жасап жатышат.
Акыркы 8 жылда УКМКга кимдер гана дайындалган жок. Билими барбы, армияда кызмат өтөгөнбү, айтор жөнөкөй жан сакчылардан баштап журналисттерге чейин дайындап келишти. Алар атайын окуу жайын окубаса, армияда кызмат өтөбөсө, коопсуздук боюнча түшүнүктөрү начар болсо, албетте, бул тармак аксай баштайт. Азыр УКМКнын кадр саясаты жакшы демилге менен өзгөрө баштады. Бирок бул аздык кылат. УКМКда реформа кылуу үчүн биринчи кезекте чалгын, каршы чалгын, терроризмге каршы күрөшүүдө жана өздөрүнүн ишин алып барууда абдан чоң иштерди жасаш керек. Укук коргоо органдарында кандайдыр бир атаандаштык болушу шарт. Укук коргоо органдары биргелешип, бири-бирине жардам берип, чогуу иш алып барышы керек. Алар партия, фракциядан тышкары болуп, мыйзам чегинде иштеши зарыл”, - дейт Медетбеков.
МАМЫТКАНОВ: "Чалгындоо - УКМКнын негизги иши, ал эми коррупция менен күрөшүү - таптакыр башка маселе"
УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамыткановдун айтымында, жалпы мамлекетте реформа болуп жатканда УКМКда да реформа болушу керек.
"Жаңы шартта жаңы маалыматтык технологиялар келип, геосаясатка аралашкан ар кайсы коркунучтар өсүп жаткандан кийин УКМКнын иши ошого жараша сөзсүз түрдө өзгөрүшү зарыл. Кандай реформаларды жасаш керек - бул өтө татаал маселе, анткени, УКМКда чалгындоо иштери бар. Чалгындоо иштери эч качан ачык жасалбайт. "Көмүскө жана жашыруун иштерди УКМК кандай жасайт?" деген маселе көтөрүлүп жатат.
Чалгындоо УКМКнын негизги жасай турган иш-аракети, ал эми коррупция менен күрөшүү - таптакыр башка маселе. Чалгындоодон тергөө функциясын алып салуу сунушу туура эмес. УКМКнын чалгындоо органы Кыргыз мамлекетине чыккынчылык жасагандардын же өзүбүздүн ичибизде жүргөн тыңчыларды кантип кармайт? Ошолорду кармагандан кийин алардын тергөөсүн ким жүргүзө алат? Ошондуктан УКМКда өзүнүн тергөө бөлүмдөрү болушу керек", - деди Мамытканов.
ЧОТБАЕВ: "УКМК реформага муктаж эмес, бирок анда иштин көзүн билбеген айрым кадрлар бар"
Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаевдин пикиринде, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын президенттин карамагына өткөрүү зарыл.
"Менин оюмча, УКМК реформага муктаж эмес, дурус иштеп жатат, бирок иштин көзүн билбеген айрым кадрлар бар. УКМКны реформалоону талап кылган укук коргоочулар - чет өлкөлүк агенттер, алар өз кожоюнунун тапшырмасын аткарып жатышат.
Эгер менин эрким болгондо, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын президенттин карамагындагы орган кылмакмын. Ошондо коррупция менен күрөшүүдөн жыйынтык чыкмак. Ал эми учурда Коррупцияга каршы кызматынын үстүндө УКМКнын төрагасы, премьер-министр, Жогорку Кеңеш турат. Президенттик аппарат, парламент анын ишине таасир этүүдө", - деди Чотбаев.
МАКЕНБАЕВА: "Чалгындоо менен тергөө эки башка нерсе, коррупция менен күрөшкөн орган ачык болушу керек"
Эксперт Бурул Макенбаева көп ыйгарым укуктардын бир органга берилиши туура эмес деген пикирин айтты.
"УКМКны реформалоо керек. Чалгындоо менен тергөө эки башка нерсе. Негизи коррупция менен күрөшкөн орган ачык болушу шарт. Жабык орган коррупция менен күрөшө албайт. Өтө көп ыйгарым укуктарды бир органга берген коркунучтуу болот. УКМК эң биринчиден жабык орган болуп жатат. Бүт күч органдары парламентке отчёт берип турушу керек. УКМК парламенттин көзөмөлүндө болбой жатат. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк көп түзүлүп калып жатат", - деди Макенбаева.
ЖУРАБАЕВА: "УКМКга байланыштуу кырдаалды тереңирээк талдап чыгышыбыз керек. Бир эле көрүнүштүн артында дагы башка иштер болушу мүмкүн"
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева да УКМКга парламенттик көзөмөл болушу керек деген пикирин айтты.
"УКМК жабык орган, ошондуктан ал ачык-айрым боло албайт. Коомчулук үчүн ачык болгон систем коррупция менен күрөштү эффективдүү кыла алат. "Белизгейтти" эстеп көрөлү. Жадакалса парламент УКМКдан маалымат ала алган эмес. Документтерди көрсөтө алышкан эмес. "Коомчулук алардын ишине көз сала албагандан кийин, иштердин жыйынтыгы кандай болгонун билбегенден кийин УКМКнын ишин ким көзөмөлдөйт?" деген суроо пайда болот. Атайын кызматтарда көзөмөлдүн жоктугу коррупцияны пайда кылат. Менин далилим жок, бирок кайсы бир учурда алар өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабы деген ой келет. Анна Капушенкону мисалга алсак, кылмыш иши козголсо деле күбөнүн үйүн эмнеге тинтүүгө алышат? Биз бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу тереңирээк талдап чыгышыбыз керек. Бир эле көрүнүштүн артында дагы башка иштер болушу мүмкүн. Азыр алдыда коркунуч жарата турган нерселердин бир гана бөлүгү, УКМК кимдин калкалоосунда иштейт? Буга чейин Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бар экени айтылган. Балким алардын дагы таасири болгондур. Биз өз алдынча көз карандысыз мамлекетпиз да. Өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз бар. Алар - санариптик Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү, бизнес коомчулуктун потенциалын жогорулатуу, шарттарды түзүү. Бул жерде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ролу маанилүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы иштебей жатканына ачуум келди", - деди Журабаева.