Бишкектин айрым бөлүктөрүндө абанын булганышы нормасынан 6 эсе ашып кетти

18-февралда Бишкектин айрым бөлүктөрүндө абанын булганышы нормасынан дээрлик 6 эсеге ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин 5 жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга болот.

Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушундагы учурдагы көрсөткүч - 55 микрограмм. Сутка ичиндеги орточо көрсөткүчү 145 микрограммга жеткен. Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 5,8 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда сутка ичинде орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 40 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 98)

Чыгыш-5 району - 29 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч 71)

Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши - 21 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч 78)

Көк-Жар кичи району - 33 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 68)

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан