Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Анда мамлекеттик башчы экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбош керектигин айтты. Ал экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын билдирди.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камоо керек эмес деди. Келтирген зыянын ордуна келтирүү жетиштүү жазабы?" деген собол салды.
ОРМОНОВ: "Келтирген зыянды ордуна келтирүүнү биринчи кезекке коюу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов келтирген зыянды ордуна келтирүүнү биринчи кезекке коюу керектигин айтты.
"Кылмыштын түрлөрү бар. Бири документке туура эмес кол койгондуктан болсо, айрымдары атайлап кылган кылмыштар болот. Кылмыштын суммасына жараша жазасын тартышы шарт. Президенттин сөзү туура. Буларды камап, кайра бага берген туура эмес, келтирген зыянды төлөтүүнү биринчи кезекке коюу зарыл", - дейт Ормонов.
СУЛАЙМАНОВ: "Экономикалык кылмыш жасагандар мыйзамга ылайык жооп бериши керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов экономикалык кылмыш жасагандар мыйзамга ылайык жооп бериши керектигин айтты.
"Күч органдары, сот экономикага зыян келтирген адамдарды мыйзамдын негизинде жазалайт да. Президент дагы мыйзамдарга таянып айтып жатса керек. Экономикалык кылмыш жасагандар мыйзамга ылайык жооп бериши зарыл", - дейт Сулайманов.
НЫШАНОВ: "Экономикалык кылмыш жасаган адамды дароо камап койбой, келтирген зыяндан 2-3 эсе көп каражат төлөтүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов президенттин айтканын колдой турганын белгиледи. "Экономикалык кылмыш жасагандарды дароо алып барып камап койгон туура эмес. Аларды мамлекет багып жатат. Бул билинбегени менен бюджетке чоң зыян келтирет. Президенттин демилгеси келтирген зыянды төлөтүү болуп жатат. Бул нерсени колдойм. Келтирген зыяндан 2-3 эсе көп каражат төлөтүп, коё берүү керек. Бизде камап коёт да ал үч ай өткөндөн кийин келтирген зыянды төлөбөйт. Бул бюджетке зыянын тийгизет", - дейт Нышанов.
МАМАШОВА: "Экономикалык кылмыш жасагандар бир канча убакытка чейин мамлекеттик жумуштан четтетилиши керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова экономикалык кылмыш жасагандар бир канча убакытка чейин мамлекеттик жумуштан четтетилиши керектигин белгиледи.
"Зыянды ордуна келтирүү зарыл. Ошондой эле бир канча убакытка чейин аларды жумуштан четтетүү керек. Бул башкаларга үлгү болушу шарт. Коррупцияга малынган киши болсо, биринчи орунда акчаны төлөп бериши керек. 3-5 жылга чейин мамлекеттик жумуштан четтетүү зарыл. Ал өзүнүн катасын кабыл алыш үчүн түрмөгө отурбаса дагы катуу чара болушу керек", - дейт Мамашова.
ГАЙПКУЛОВ: "Экономикалык кылмыштар үчүн келтирген зыяндан тышкары айып пул салуу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов экономикалык кылмыштар үчүн келтирген зыяндан тышкары, айып пул салуу керектигин белгиледи.
"Бюджеттин акчасын жеп койсо кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Аларды камагандын ордуна ошол суммага кошумча айып пул салуу шарт. Президент ишкерлерди айтып жатат. Ишкерлерге айып пул салуу менен жазалоо керек. Бул багыт туура", - дейт Гайпкулов.