Быйыл Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктайт. Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Азыртадан баштап партиялар иштерин жандандырууда. Коомчулукта дагы партиялардын тизмелери, кайсы саясатчы кайсы партия менен парламенттик шайлоого аттанары талкууланууда.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы партиялардын кайсынысы кийинки чакырылышка шайланып келүүгө моралдык укугу бар?" деген собол салды.
МАДУМАРОВ: "Партиянын лидеримин" дегендер көрүнгөндүн эшигин каккылап, "мени тизмеге киргизип койгула" деп жүрүшөт"
Саясатчы Адахан Мадумаров азыркы Жогорку Кеңештеги партиялардын бирөөсү да өтпөй турганын айтты.
"Азыркы Жогорку Кеңештеги партиялардын бирөөсү да парламенттик шайлоодон өтпөйт. Ошон үчүн КСДП деп кыйкырып жүргөндөрдүн бардыгы бүгүн "Биримдик" деп кыйкырып жатышат. Мындайча айтканда, кийимдерин алмаштырышат. Андан кийин жаңы жүздөр болуп, жаңы бет кап кийип келишет. "Партиянын лидеримин" деген азаматтар бүгүн көрүнгөндүн эшигин каккылап, "мени тизмеге киргизип койгула" деп жүрүшөт", - дейт Мадумаров.
МАМАШОВА: "Ар бир партиянын шайлоого аттанууга укугу бар"
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова белгилегендей, партия Жогорку Кеңешке өтөбү же жокпу эл чечет.
"Менин оюмча, ар бир партиянын шайлоого аттанууга укугу бар. Ар бир партиянын шайлоого катышууга ою бар болсо аттанышы керек. Бирок шайланабы же жокпу бул нерсени шайлоочулар чечет. Моралдык укугу барбы же жокпу бул нерсени биздин шайлоочулар добушу менен чечишет", - дейт Мамашова.
ШАКИЕВ: "Бизде депутаттар көбүнчө ач-кыйкырык, куру убадаларды, популисттик маанайдагы сөздөрдү айта берет"
Экс-министр Нурланбек Шакиев негизинен 120 депутаттын баарысынын эле кийинки чакырылышка барууга укугу бар деген пикирде.
"Жогорку Кеңештеги азыркы партиялардын дээрлик көпчүлүгү шайлоого барууга ар тараптуу чама-чаркы жетишпейт. Ошон үчүн азыркы депутаттардын көпчүлүгү башка партиялар менен барышат. Деги эле бизде партиялык принцип, идея, позиция деген түшүнүк жок. Жеке кызыкчылыктар, саясий чайкоочулук күч. Карасаңар бүгүн Жогорку Кеңештеги депутаттардын жарымы ар жолку чакырылышта ар кайсы партия менен келишкендер. Ошон үчүн жекече суроолор болушу керек. Шайлоо алдында элге берген убадаларын эң көп болсо 20 пайызга аткарышты. Эл "Кана өткөндөгү убадаңарды аткаргандыгыңар?" деп сурайт да. Анан бизде депутаттар көбүнчө ач-кыйкырык, куру убадаларды, популисттик маанайдагы сөздөрдү айтыша берет. Ал эми депутаттын негизги милдети болгон мыйзам чыгаруу ишин унутуп коюшат. Андыктан кайдагы моралдык укук? Анан калса ушул чакырылыштагы партиялар эң чабал депутаттардын тобун алып келишип, коомчулукка ар кандай терс мүнөздөгү шылдыңдоолорго кабылышты", - дейт Шакиев.
КЕЛДИБЕКОВ: "Бийликти узурпациялаганга көмөк көрсөткөн партиялардын кайра Жогорку Кеңешке шайланып келишине моралдык укугу жок"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков ар бир партиянын шайлоого аттанганга укугу бар экенине токтолду.
"Парламентте отурган партиялардын кайра шайланып келишине моралдык укугу барбы же жокпу айтуу кыйын. Бааны шайлоочулар, эл бериши керек. Булардын укугу бар, тигилердики жок деп айткан туура эмес. Баары мыйзамдуу түрдө укуктуу. Менин оюмча, парламентаризмди бузганга Жогорку Кеңештеги бир-эки партиянын тиешеси бар. Аттарын атабай эле коёюн капа болушат. Алар өздөрү эле түшүнөт. Парламентаризмдин өзөгүн, бийликти узурпациялаганга көмөк көрсөткөн партиялардын кайра Жогорку Кеңешке шайланып келишине моралдык укугу жок деп ойлойм", - дейт Келдибеков.
СУЛТАНБЕКОВ: "Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары өзүн начар жагынан гана көрсөттү"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков КСДПнын айрым депутаттарын үлгүлүү деп эсептей турганын айтты.
"Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары өзүн начар жагынан гана көрсөттү. Бирок оппозициялык маанайдагы КСДП фракциясынын саткын эмес депутаттарын үлгүлүү деп эсептесек болот. Саткындарсыз КСДПнын депутаттарынын шайлоого барууга толук моралдык укугу бар. Алар өлкөдө болгон баш аламандыкты токтотуп, чектен чыгып кеткен, Конституцияны бурмалап, тээп ойногондордун баарын жоопкерчиликке тартып, саясий элитаны толугу менен төңкөрөт эле", - дейт Султанбеков.
АСАНБЕКОВ: "Парламенттеги партиялардын бирөөсүнүн да кайрадан шайлоого баруусуна моралдык укуктары жок"
Саясий ишмер Темирбек Асанбеков парламенттеги партиялардын бирөөсүнүн да кайрадан шайлоого баруусуна моралдык укуктары жок деген пикирде.
"Азыркы саясий-экономикалык маселелерди оор абалга алып келген, парламенттеги партиялардын бирөөсүнүн да кайрадан шайлоого баруусуна моралдык укуктары жок. Аткаруу бийлигинин өзүлөрүнүн колдоосу менен түптөп коюшкан. Бирге жооп берип милдет алуунун ордуна, сын айтымыш болуп, популисттик ураандар менен өзүн пиар кылган депутаттар бийлик институттарынын кадыр-баркын таптакыр кетиришип, өтө оор кризиске алып келишти", - дейт Асанбеков.