Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык Кытайдан кредит катары алынган 386 миллион доллардын изи кайда кеткенин аныктоого алып келди. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык аудит (мекеменин каржылык отчётторун текшерүү) жүргүзүүнү сунуштады.
Жаралган маселенин негизинде SUPER.KG порталы собол жүргүзүп, экономика тармагында тажрайбасы бар депутаттардан, серепчилерден жооп алды.
САРЫБАЕВ: "ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү - бул макоолук"
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү кадамы - акылсыздык. "Эл аралык аудит өткөрүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок, бул болбогон кеп. Муну Эсептөө палатасы эле тактап, аныктап берип коёт. Ал болбосо өзүбүздүн эле билимдүү балдар бар, ошолордун деле аныктоого күчү жетет. Эл аралык аудит өткөрүү - корккондук. "Бул өзүбүздүкүлөр баарын ачыктап коёт, ошондуктан эл аралык эксперттерге кайрылабыз, аларга каражат берип ишти оң жагына чечип алабыз" деген эле нерсе. Эл аралык аудит өткөрүү - макоолук, маселени чечүүгө өзүбүздүн күчүбүз жетип турса, аудиттик компанияга олчойгон каражат берүүнүн эмне кереги бар", - деди Сарыбаев.
ҮМБӨТАЛИЕВ: "Аудиттик компания деле ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусундагы маселелерден алыс кетпейт"
Эксперт Расул Үмбөталиевдин айтымында, ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү ашыктык кылмак эмес, бирок аудит өткөрүүгө азыр убакыт дагы, каражат дагы жок. "Эл аралык көз карандысыз аудит өткөргөнүбүз туура болмок, бирок азыр, чынын айтканда, аудит өткөрүүгө биздин убактыбыз дагы, акчабыз дагы жок.
Буга чейин эле депутаттык комиссиянын корутундусу менен канча каражатка кычкач, көзөмөл камералары алынганы анык болуп калды. Алынган каражаттар өз баасынан 10 эсеге чейин кымбат болуп жатканы белгилүү болду. Эл аралык аудит өткөрүп койсок, бир тарабынан жакшы болмок, себеби Кытай тарап Арбитраждык сотко кайрылып калса, биз аудиттин корутундусуна таянмакпыз. Экинчи жагынан аудиттик компания деле депутаттык комиссиянын корутундусундагы маселелерден алыс кетпейт, камеранын, кычкачтын канча кымбат экенин алар деле жазат", - деди Үмбөталиев.
ЖАПАРОВ: "ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүү - жоопкерчиликти кийинкиге жылдырып коюу амалы"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүү жоопкерчиликтен качуу аракети экенин белгиледи. "Бул элди алаксытып, жоопкерчиликти кийинкиге жылдырып коюу амалдарынын бири. ЖЭБ кыргыздыкы болсо, жеп-ичкендер, туура эмес чечим кабыл алгандар кыргыздар болсо, эмне үчүн эл аралык аудит келиши керек. Биздин эле Эсептөө палатасы бүтүрсө болот. Кытайдын өкмөтүн күнөөлөгөндөн алыс болушубуз керек, себеби Кытайдын Азия өнүктүрүү банкы бар, ага эмнеге барбайбыз, так ошол Эксимбанкка бара калышат. Бул банк Кытайдын кызыкчылыгын коргогон банк. Кытайдын өкмөтүнө же Азия өнүктүрүү банкына барса, "кайра кантип төлөйсүңөр" деген суроого так жооп бермейинче акча бермек эмес да", - деди Жапаров.
АКИМОВА: "Бардык аудиттер пайдалуулугун санап берет дегенден алыс болушубуз керек"
Экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимова ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүүдөн мурда эки тараптын келишиминде аудит өткөрүү боюнча макулдашуу барбы же жокпу, ошону караш керектигин айтты. "Эл аралык аудит чоң долбоорлор боюнча жүргүзүлүшү керек. Бирок биринчи кезекте келишимдин шарттарын карап чыгыш керек, эгерде келишимде жазылган болсо, анда аудит өткөрүлсө болот. Келишимдин негизинде смета (киреше жана чыгашалардын тизмеси) түзүлөт, ошол келишимде ошондой берене барбы же жокпу, ошондон көз каранды.
Бул убакка чейин мамлекеттер ортосундагы чоң долбоорлорго биздин Эсептөө палатасы аудит жүргүзгөнүн көрө элекмин. Эл аралык келишимдерде биздин мыйзамга караганда эки өлкөнүн ортосундагы келишим негиз болуп берет.
Ал эми эл аралык аудит "бардык стандарттар боюнча каттоо жүрдүбү же жокпу" деген гана суроого жооп берет, ал эми мамлекеттик аудит болсо пайдалуулугун карап берет. Ошондуктан бардык эле аудиттер пайдалуулугун санап берет дегенден алыс болушубуз керек", - дейт Акимова.
ӨМҮРКУЛ уулу: "Эл аралык аудит жүргүзүү депутаттык комиссиянын чечимине жараша болот"
Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү зарылчылыгы аз экенин айтат. "Депутаттык комиссия түзүлгөндөн кийин алар чечет: керек десе аудит жалдайт, кереги жок десе, укук коргоо органдарына өткөрүп берет. Укук коргоо органдары бул суроону өздөрү эле чече алат деп ойлойм. Эл аралык аудит жалдасак, алар деле бааларга болгон айырманы толук чыгарып бериши мүмкүн. Лицензиясы барбы же жокпу билбейм, бирок биздин деле санап бере ала турган институттарыбыз бар, алар деле санап берет", - деди Өмүркул уулу.