Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: "Кандай гана келишим болбосун, шашылыш кабыл алынбашы керек"
Депутат, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Чыныбай Турсунбековдун айтымында, бардык эл аралык келишимдерде Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы каралышы керек.
"Негизи кандай гана чечим болбосун, шашылыш кабыл алынбашы керек. Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы кандай өлкө менен келишим болбосун, артыкчылыктуу болушу зарыл. Эгер артыкчылык жок болсо, бул чоң өкүнүчкө алып келет, элге да чоң таасирин тийгизет.
Азыркы маалыматтарда, Кыргыздын Кытайдагы элчилигине 9 миллион долларга чейин имарат куруп беришет деп айтып жатышат. Бул элге ачык жеткирилиши керек да. Муну артыкчылык катары кабыл алабызбы, ошону такташыбыз зарыл. Биздин элчилик ал жакта ижарада турса керек. Бирок кандай нерсе болбосун, ачык чечилгени туура. Эл ага жакшы баа берсе анда маселе жок. Бардык нерсе алдын ала ойлонуштурулушу, элге жеткирилиши маанилүү", - деди Турсунбеков.
КАЗАКБАЕВ: "Бул маселени өкмөттүн ишинин шалаакылыгы деп билем"
Депутат, мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул окуя боюнча мындай дейт.
"Мындай жерлердин баары эл аралык келишимдин негизинде берилиши керек. Менин маалыматыма караганда, Кытайга 3 гектар жерди ижарага берүү боюнча келишим 2003-жылы эле түзүлгөн. Жылдык акысы менимче, 10 миң доллардын тегерегинде. Эми азыр президентибиздин Кытайга болчу сапарынын алдында муну эл аралык келишимге чыгарып коёлу дешкен го. Бул туура маселе. Биз Кытайдагы эле эмес, бардык өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз турган жерлерди менчикке сатып алышыбыз керек. Ал Кыргыздын менчиги болушу шарт.
Ошондой эле биздеги алардын элчиликтеринин жерин да бергенибиз туура. Эл аралык Вена конвенциясына ылайык, элчиликтин имараты кол тийбестикке ээ. Акыркы күндөрү бул маселе да саясатташып кетти. 2003-жылдан бери эле Кытай элчилиги ижарага алып иштетип келе жаткан. "Бишкек шаардык кеңеши макул болбой койду, эртеси кайра колдоду. Тышкы иштер министри өзү кирип чыкты" - деп саясий оюнга айландырышууда. Мен бул маселени өкмөттүн ишинин шалаакылыгы деп ойлойм. Себеби эртерээк баарын түшүндүрүп, Бишкек шаардык кеңеши менен иштеп коюшу керек эле", - деди Казакбаев.
ЖУНУС УУЛУ: "Чоң өлкөлөргө жер бергенден кийин тең ата сурай албаганыбыз өкүндүрөт"
Депутат Алтынбек Жунус уулу Кытай Бишкектен өзүнө миллиондогон долларга чоң элчилик салганын айтты. "Элчилик турган жер мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында эле бөлүнгөн. Бул чечим жокко чыгарылса, имаратты көчүрүп кете албайт. Ошондо эле берилген жер, кечээ шаардык кеңештин депутаттары берип койгон жок. Мурда эле 49 жылга берилген, азыр мыйзамдаштырып коюшту. Бирок мени кызыктырган суроо: Кытай бизге эмнени берди?
Кытайдагы биздин элчиликке барганмын. Ал чоң дипломатиялык шаарчада жайгашкан. “Ошол жактан бизге жер берди” деп жатышат. Билишимче, кытай тарап бизге берген жок. Биз бир тараптуу эле берип койдук. Кечээ шаардык кеңештин жыйынында бир да депутат кытайлар бизге эмне бергенин сурап койгон жок. Келишим да көрсөтүлбөптүр.
Эми Кытайга 3 гектар жер берген маселеден чыр чыгаруунун кажети жок. Кытай - улуу кошуна. Бирок Кытай тараптан да калыстык болуп, бизге да ошондой жер берилсе туура болмок.
Мисалы, Орусиянын Бишкектеги элчилиги “Кыргызалтындын” имаратын күчкө салып алып койгон. Биздин жакшы көргөн жерлерибизге чоң өлкөлөрдүн элчиликтеринин кийлигишүүсүн байкасак болот. Ошол жерлерди бергенден кийин тең ата сурай албаганыбыз мени өкүндүрөт", - деди Жунус уулу.
АЛИМБЕКОВ: "Буга чейин Кытайдагы элчилигибиздин арендасына 3 миллион доллар короттук"
Депутат, парламенттин мурунку вице-спикери Нурбек Алимбековдун пикиринде, бул келишим президенттин Кытайга боло турган сапары алдындагы туура эле дипломатиялык кадам болду.
"Бизге Кытайдан 25 сотых жерге жаңы курулган имарат элчилигибизге берилет экен. Эми эки тараптын базар бааларын карап чыгыш керек деп ойлойм. Бул эки мамлекет ортосундагы чоң келишим болуп жатат. Тышкы иштер министрликтери аркылуу чечилип, даяр болуп калыптыр. Биздин министрлик деле жакшы эле иштеген болуш керек деп ишенем. Негизинен жерлерди 5 жылга же 49 жылга алышат.
Биз 3 жыл мурун Кытайдын Пекин шаарына иш сапар менен барганыбызда “буга чейин Кыргыз элчилигинин ижарасы үчүн 3 миллион доллар кеткен” деп айтышкан эле. Бул кийин ЖМКларда да жазылып жүргөн. Мындай чоң каражат төлөгөнчө жердин бизге өтүп калганы туура эле болмок. Бул келишимге туура көз караш менен карашыбыз керек. “Жерибизди Кытайга берип жиберди, алданып калдык” дегидей ал жерде 2 баштуулар отурган жок. Акыл-эси бар, тышкы саясатты түшүнгөн патриоттор отурат деп ойлойм. Президентибиздин Кытайга сапарынын алдында мунун чечилиши жакшы эле дипломатиялык кадам болду", - деди Алимбеков.
АЛТЫМЫШЕВ: “Кытайга жер берүү чечими шашылыш кабыл алынганы жакшы эмес”
Журналист Тынчтык Алтымышев Кытайдын элчилигине Бишкектен жер тилке берүү маселесине айтылган сын-пикирлер Кытай тарапты капа кылышы мүмкүн дейт.
“Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, Кыргыз тарап бул келишимден утуп жатыптыр. Биз буга чейин Кытайдагы элчилигибиздин ижарасына аларга салыштырмалуу кымбат төлөп келген экенбиз. Азыркы келишимге ылайык, 9 миллион долларга Пекиндеги жаңы имарат курулуп, ал жерде кызматкерлердин жатаканасы, жарандарды кабыл алуучу жайы жайгашмакчы. Муну жетишкендик катары түшүндүрүүдө. Бирок келишимдин процедурасы одоно болуп калды. Буга чейин түрктөр 84 гектар жерди 49 жылга алып, университет куруп иштетип келе жатышат. АКШ, Орусия да база куруп, ижара убактысы бүткөндө чыгып кетүүдө.
Президенттин Кытайга сапары алдында шаардык кеңешке келишимдин документин ала келгени туура эмес болду. Шашылыш кабыл алынганы жакшы эмес. "Муну сөзсүз колдоп бергиле" дептир. Ошентсе анан коомчулукта туура эмес ой кетет да. Эми Кытай “биз менен иш кылганда эле ызы-чуу кыла бересиңерби” деп капа болсо керек. Мунун баары биздин тийиштүү кадрлардын шалаакылыгынан келип чыкты”, - деди Алтымышев.