КҮНСОБОЛ: Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген собол салды.

ИКРАМОВ: “Күчүнө кирген жаңы кодекстер учурдагы өкмөттүн убагында кабыл алынган эмес. Азыркы өкмөттү “түкүрүк өкмөт” деп атаган туура эмес”

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жаңы кодекстер мамлекетке керек деген пикирин айтты.

“Негизи азыркы өкмөттү “түкүрүк өкмөт” деп атаган туура эмес. Бул кодексти башка өкмөт кабыл алган. Азыркы өкмөт буга чейин кабыл алынган мыйзамдар боюнча маалымат каражаттарына жарыялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес. Ушунун айынан азыркы өкмөткө сын-пикирлер айтылып жатат.
Жарандарыбыз да мурдагыдай көчөдө каалагандай түкүрбөй же таштанды ыргытпай калышты. Адам өз чөнтөгүнөн айып пул төлөгөндө гана коомубуз тазалыкка, тартипке келет экен. Бул мыйзам, кодекстер боюнча элдин чуулдаганынан өкмөт артка кайтпашы керек эле. Бул мамлекетибиз үчүн керек мыйзам”, - дейт Икрамов.

КАДЫРБЕКОВ: “Азыркы өкмөт кандайдыр бир реформа жасап, өлкөдөгү саясий же экономикалык кырдаалды өзгөртүүгө көзү жетпейт”

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков өкмөттү президент көрсөтүп, анын кишиси болгону үчүн бардык көйгөйлөрдүн чечилбей жатканы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун чабалдыгынан экенин айтты.

“Бул өкмөттөн бир нерсе күтүп деле кереги жок. Себеби бир-экөөнөн башкасынын бардыгы эле шайлоого катышып, бир лидерликке сыпаттарын көргөзүп саясатка келген кишилер эмес. Булар өмүр бою бюрократтар болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эч качан саясатчы болгон эмес. Азыр өкмөттү президент көрсөтүп, анын кишиси болгону үчүн бардык көйгөйлөрдүн чечилбей жатканын өлкө башчы Жээнбековдун чабалдыгынан деп айтсак болот. Мындан тышкары бул өкмөттүн кандайдыр бир реформа жасап, өлкөдөгү саясий же экономикалык кырдаалды өзгөртүүгө көзү жетпейт. Себеби буларда элден алган мандат жок. Бардыгы саясий конъюнктурага карап, өмүр бою унчукпай жүрүп кызматка келген кишилер. Мурдагы өкмөттөрдүн реформаларын бышырып, пиар кылгандай болуп жатат. Фундаменталдуу көрсөтө турган багыты же концепциясы жок. Эгерде бири-бирин көзөмөлдөгөн күчтүү өкмөт керек десек, Конституцияда көргөзүлгөндөй, өкмөттү парламенттин ичинде атаандаштык аркылуу парламентарийлер өздөрү чыгарып курашы керек. Өкмөттүн мүчөлөрү дагы ошондой жол менен келиши зарыл. Жетинчи кабаттан кимди көрсөтсө ошону шайлап коё бербей”, - деди Кадырбеков.

КАЗАКБАЕВ: “Эл түкүрбөй калганы эле болбосо, башка жыйынтык жок”

Саясий серепчи Марат Казакбаев азыркы өкмөт иштей албай жатат деген пикирин айтты.

“Жаңы жылдан бери түкүрүккө көп айып пул салынды, ал чындык. Бирок эл түкүрбөй калганы эле болбосо, башка жыйынтык жок. Өзүң деле түкүрүнгөндөн коркосуң. Калган иштер боюнча, чынын айтканда, максаттарына жете албай жатышат. Себеби жыйынтык жок болууда.

Мисалы, видеопроект боюнча иштер ишке ашпай турат. Өкмөткө тиешелүү шарттар түзүлгөн, ага карабастан премьер-министр, министрлер кабинети ишти аткара албай жатышат. Азыркы премьер-министрди президент эле сактап турат. Эгер март айына чейин абал өзгөрүлбөсө, премьер-министр өзү эле кызматтан кетип калышы керек.

Ал эми “түкүрүк өкмөт” деп Момбеков атады, бирок антип айтканга болбойт го, мен азыркы өкмөттү “начар” деп эле атап, иштей албай жатканын айта алам", - дейт Казакбаев.

ШЕСТАКОВ: "Өкмөттүн куралышы жана азыркы ишине Жогорку Кеңеш жоопкерчилик алышы керек"

Саясий серепчи Игорь Шестаков учурда депутаттар түрдүү сындарды айтуу менен кийинки парламенттик шайлоого даярданып жатышат деген пикирде.

"Азыркы тапта депутаттар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына даярдыктарды көрүп жатышат. Менимче, депутаттардын 80 пайызы креслолоруна кайрадан кайтып келүүнү каалашат. Ошондуктан өкмөт аларга шайлоо алдындагы бута болуп берет. Алар күнү-түнү өкмөткө карата "атып" башташат. Тилекке каршы, өкмөт да буга негиз берип жатат. Министрлер кабинетине азыр "3" деген бааны берсе болот. Өкмөттө, менин оюмча, көп өзгөрүү болгон жок. Курамы дагы жыл сайын өзгөрүп жатканын унутпашыбыз керек. Азыркы өкмөттү отставкага кетирип, жаңы өкмөттү алып келгенде деле ишинде айырмачылыктар болуп кетпейт. Менимче, өкмөттүн ишин анализдеп, баалоо үчүн аларга жок дегенде 2-3 жыл иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Өкмөттүн тез алмашуусуна байланыштуу баш аламандык карапайым элдин жашоосун жакшыртпайт жана Кыргыздын экономикасына терс таасирин тийгизет. Инвестиция тармагына тийгизген кесепетинен инвесторлордун саны кескин азайып кеткенин көрүп жатабыз. Өкмөттү баалоо менен биз парламентке дагы баа берип калабыз. Сапар Исаковдун өкмөтү Жогорку Кеңештеги ички саясий күрөштөн улам таратылбады беле. Азыркы Сапар Исаковго байланыштуу кылмыш иштери бул башка нерсе. Анын ишине саясий баа берилген жана саясий кызыкчылыктардан улам таратылган. Момбековдун өзүнөн "өкмөттүн куралышына өзүңүз жоопкерчилик аласызбы?" деп сураш керек. Өкмөттү тез-тез алмаштырып баштаган Жогорку Кеңештин 2010-жылдагы чакырылышынын ишин 2015-жылы келген парламентарийлер улантышкан. Бардык нерсеге чиновниктер күнөөлүү, ал эми өкмөттүн курамына өзүнүн партиясындагы кадрларды сунуштаган депутаттар күнөөлүү эмеспи? Өкмөттүн куралышы жана азыркы ишине Жогорку Кеңеш жоопкерчилик алышы керек. Премьер-министр партиялардын көз карашы менен эмес, качан гана өзү министрлерди дайындап баштаганда өкмөттүн ишин башкача анализдешибиз мүмкүн. Азырынча бул шайлоо алдындагы оюндар", - деди Шестаков.

КЫДЫРБАЕВ: "Буга чейин кабыл алынбай келген маселелер ушул жылы ишке ашты, бул да жетишкендик"

Экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаев болсо өкмөттүн жетишкендиктерине токтолду.

“Биринчиден, ачык асман саясаты жана мыйзамдык нормалар боюнча маселе 2012-жылы көтөрүлүп, бирок быйыл гана чечилди. Буга чейин ишкерлердин, туризм тармактын өкүлдөрүнүн атынан ачык асманды ишке ашыргыла деп талап кылган күнү да ишке ашпай келген. Бул аябай маанилүү жана чоң жетишкендик деп ойлойм. Бул жерде социалдык фонддун текшерүү милдетин салык кызматына өткөрүп бергени.

Бул маселени мен өзүмдүн тажрыйбамда 2006-жылдан баштап, серепчилер, адистер өкмөттө ким болбосун которгула деп айтып чыккам. Мындайча айтканда, бир маселени чечүү үчүн эки жумуш кылып жатышкан. Мына ушул жылы гана ишке ашырылды. Бул менин көз карашым боюнча чоң жетишкендик. Мен серепчи катары экономика тарабынан эле баалайм. Үчүнчү маселе - бул бизнес акыйкатчылыгын түзүү боюнча кол коюлду. Ушул аракеттерди мен аябай баалайм. Бул кадам ишкерлерди, алардын укуктарын коргоо жана колдоо боюнча жасалган чоң жетишкендик. Албетте, сот системи тез арада өзгөрбөйт, текшерүү органдары да өзгөрүлбөшү мүмкүн, бирок ушул сыяктуу кадамдар жакшы нерсеге алып барат деген ойдомун”, - дейт Кыдырбаев.

ТУРДУКУЛОВ: “Азыркы өкмөттү “өз көлөкөсүнөн корккон өкмөт” деп атаса болот"

Жарандык активист Адил Турдукулов президентке да, парламентке дагы көз карандысыз өкмөт башчы келсе дейт.

“Азыркы өкмөттү “өз көлөкөсүнөн корккон өкмөт” деп атаса болот. Анткени президенттик шайлоо өттү, жаңы бийлик келди. Жаңы бийлик, анын ичинде өкмөттөн эң алгылыктуу, орчундуу, Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрө турган идеяларды жана программаларды күтүп жаткан. Бирок жаңы идеялар эмес, эски идеялар ишке ашпай жаткандыгы абдан өкүнүчтүү деген ойдомун. Себеби “Жунда”, “Жер-Үй” сыяктуу ишканалар дагы деле иштебей, жумушсуздук мурдагы эле деңгээлде болуп жаткандыгы ойлондурат. Мындан тышкары экономиканын өсүшү 3,5 пайыз болгону биз күткөн жыйынтык эмес. Бул дүйнөлүк экономикадан артта калып жаткандын белгиси экенин түшүндүрөт. Ошондуктан президент парламент менен кошо жаңы өкмөттү түзүшү керек. Ал жерге президентке да, парламентке дагы көз карандысыз өкмөт башчы келсе деген үмүт болуп жатат”, - деди Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан