КҮНСОБОЛ: Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?

Коммерциялык эмес IRI уюмунун 2018-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында, КСДПга болгон элдин ишеними төмөндөп кеткени белгилүү болду. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы КСДПны колдой турганын билдирген. Ушул эле уюмдун мындан 4 жыл мурун жүргүзгөн иликтөөсүндө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өтүп, партия мурдагыдай таасирдүү болбой, анын катары суюлуп жаткандыгы боюнча сөз козголду. Буга партия өкүлдөрү кезинде өз кызыкчылыгын көздөп партияга киргендер эми артын салып кетишкенин айтышты. Жыйындын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышып, өз сөзүндө "эң кыйын кездерде да партия күчүн сактап кала алат" деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?" деген собол салды.

ТУРДУКУЛОВ: "Бийлик тараптан эл күткөн аракеттер болбосо оппозициялык партиялардын парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүгү болот"
Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, эл күткөн аракеттер жасалса бийликчил партиялардын парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенге мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.
“Менин оюмча, бул жерде бийликтин жасаган саясатына байланыштуу болот. Эгерде азыркы бийликтин экономикалык тармактарда орчундуу секириги болсо, сот реформасы башталса, парламентаризмди орнотуу күч алса, сөз эркиндигине басым болбосо, тышкы саясат туруктуу жүрсө анда көбүнесе бийликчил жана бийликтин алдында иштеген партиялардын шайлоодо жеңишке жеткенге мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Өзгөрүү болбой, реформалар жасалбаса, эл күткөн аракеттер болбосо анда оппозициялык партиялардын, анын ичинен КСДПнын парламентке өтүүгө жолдору жана мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтканы туура, буга чейин көбүнесе бийликке жагынгандар КСДПга кирүүгө аракеттенсе, эми ошол социалдык, демократиялык кандайдыр бир идеялары, оппозициялык көз карашы бар адамдар партияга кошулуп, алар менен коалиция түзүүгө жолдор ачылат деген ойдомун. Менин оюмча, КСДПнын кийинки шайлоодо өтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептейм”, - дейт Турдукулов.
ЖОРОБЕКОВ: "КСДП эки шайлоодогудай лидерлик позициясын сактай албайт"
Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробековдун айтымында, парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай албайт.
“Эки жолу катары менен КСДП лидерлик позицияны ээледи. Курманбек Бакиев кеткенден кийин “Ак-Жол” партиясы жок болуп, “Ата Мекен” жана КСДП калган болчу. Азыр кырдаал өзгөрүп, Атамбаевдин баркы кетти. Кийинки шайлоодо КСДП мурдагыдай көпчүлүк добушту албайт. Ага чейин жаш, креативдүү адамдарды алып келип, Атамбаев өзү көшөгөнүн артында туруп, башкарса мурунку шайлоодогудай позициясын сактай алышат”, - дейт Жоробеков.
ШЕСТАКОВ: "КСДП учурда партия эмес, бөлүнгөн партизандык отряд болуп калды"

Саясий серепчи Игорь Шестаков КСДП партиясынын мүчөлөрү эки жаатка бөлүнүп, бүгүнкү күндө ич ара түрдүү позицияны карманып жүрүшкөнү тууралуу айтты.

"Алгач КСДП партиясы өзүн кандай багытта көрсөтүп жатканын талдап алуу керек. 2017-жылы бийликтин күчтүү партиясы болуп турган КСДП былтыр жок болгон. Азыр партизандык отряддарга бөлүнүп кетти. КСДП фракциясы, "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы бар жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бар. Алсак, КСДП фракциясы бийликтин позициясында болуп жатат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылар болсо оппозиция катары өзүн көрсөтүп жатышат. Менимче, ири кадрдык өзгөрүү болот. Өкмөттөгү мүчөлөр, Жогорку Кеңештеги депутаттар мөөнөтүнүн аягына чейин иштешет деп ойлойм. Бирок ошол эле учурда кийинки парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар партиялардан орун камдаганга аракет кылышат. Ал эми Атамбаевдин айланасындагылар 2020-жылы оппозициялык уюм катары чыгышат. Ал уюмдун орду мурунку КСДПдай болобу же жокпу азыр айтуу кыйын. Бүгүнкү күндө ар кандай болуп чачыраган партизандык отряд болуп жатат", - деди Шестаков.
КАЧКЫНБАЕВ: "КСДПнын парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке киргенге мүмкүнчүлүгү чоң"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев "КСДП деп азыр биз кимди түшүнөбүз, маселе ошондо болуп жатат" деп сөзүн баштады.
“Алмазбек Атамбаев айтып жаткан тазаланган КСДПны түшүнөбүзбү же Атамбаевсиз КСДПны түшүнөбүзбү? Учурда аталган партиядан үчөө бар. Биринчиси - Жогорку Кеңештеги азыркы курам, экинчиси - Атамбаев жаңыдан түптөп жаткан азыркы курам, үчүнчүсү - Атамбаевсиз КСДП болуп бөлүнүүдө. Азыркы эски курам Атамбаевге же Атамбаевсиз КСДПга кошулат. Менин оюмча, парламенттик шайлоонун алдында юридикалык жактан сот аркылуу талашканга чейин барышы мүмкүн. Бирок Атамбаевдин финансылык, маалыматтык ресурсу чоң. Парламенттик шайлоодо биринчи орунда болуп Жогорку Кеңешке кире албаса дагы, 2-3-орунда болуп киргенге мүмкүнчүлүгү чоң”, - деди Качкынбаев.
МАМАСАЛИЕВ: "Алмазбек Атамбаев ресурстарын туура иштетип, шайлоого чейин сактап калса жетиштүү депутаттык мандатка ээ боло алат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин айтымында, КСДП бүгүнкү күндө өзүнчө саясий бренд болуп калган.

"Адилеттүүлүк үчүн айтышы керек, КСДП - элге таанымал, Кыргыз мамлекетинде өзүнүн тарыхы бар саясий партия. Ушул партия аркылуу бир топ белгилүү инсандар чоң саясатка келгенин эскертким келет. Ал эми келе жаткан шайлоодо мурункудай лидерлик позициясын сактай алабы же жокпу - бул чоң маселе. Себеби бийлик да шайлоого карата саясий долбоорлорун жүргүзүп жатат. Эгерде Алмазбек Атамбаев азыр колдонгон медиа жана башка ресурстарын туура иштетип, шайлоого чейин сактап калса, ошондой эле партиянын тизмесине таза жана кадыр-баркы бар инсандарды тартса, анда жетиштүү депутаттык мандатка ээ боло алат. Орустар айткандай "ага жетиштүү баа бербей коюу мүмкүн эмес", - деди Мамасалиев.

КЫЛЫЧОВ: "Жакында КСДПнын катары жаңы жүздөр менен жаңыланып, тазаланып, партия мурдагыдан дагы күчтүү болот"

Жарандык активист Алга Кылычов билдиргендей, КСДПнын мартта өтө турган съездинде бардыгы белгилүү болот.
“Жакында КСДПнын катары жаңы жүздөр менен жаңыланып, тазаланып, партия мурдагыдан дагы күчтүү болот. Март айында өтө турган съездинде бардыгы белгилүү болот. Азырынча ушуну гана айта алам. Ал эми иликтөө боюнча КСДП айрым партиялардан артта калып калганы тууралуу айтсам, кеп ким кандай иликтегенинде. Бирок бул КСДП фракциясынын депутаттары боюнча болсо макул боло алам”, - дейт Кылычов.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан