КҮНСОБОЛ: Өкмөт Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга бермек болуп жатат. Стратегиялык объектилерди иштетүүгө өкмөттүн өз дарамети жетпейби?

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Манас", "Ош" жана башка аэропортторду тышкы башкарууга берүү тууралуу план бар экенин билдирген. Андан кийин өкмөт мүчөлөрү бул демилге аэропорттордун өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганын айтышкан. Кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекетинин аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет" деп белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга бермек болуп жатат. Стратегиялык объектилерди иштетүүгө өкмөттүн өз дарамети жетпейби?" деген собол салды.

ОРМОНОВ: "Жакшы иштеп жаткан ишканаларды тышкы башкарууга берүүнүн кажети жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жакшы иштеп жаткан ишканаларды тышкы башкарууга берүүнүн кажети жок экенин айтты.

"Аэропортту азырынча тышкы башкарууга бере элек. Учурда изилдеп жатышыптыр. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында дагы бул маселени көтөргөнбүз. Анда мен өз оюмду айткам. Жакшы иштеп жаткан ишканаларды берүүнүн кажети жок. Чыгашалуу болуп жаткан аэропортторду тышкы башкарууга берсе болот. Ысык-Көлдүн аэропортун берсе болот. "Манас" аэропортун тышкы башкарууга берген туура эмес", - дейт Ормонов.

ЭРГЕШОВ: "Манас" аэропортун дүйнөлүк стандартка туура келе тургандай кылып каражат салууга акчабыз жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов өкмөттүн стратегиялык объектилерди иштетүүгө дарамети жетет деген пикирде.

"Манас" аэропорту жылына 2 миллиарддан 2 жарым миллиард сомго чейин пайда табат. Болгону ошол аэропортту дүйнөлүк стандартка туура келе турган кылып каражат салууга акчабыз жок болуп жатат. Аэропортторду сатып жаткан жок, убактылуу ижарага бергенге сүйлөшүп жатышат. Алматы шаарынын аэропортун түрк компаниясы алды. Эми Нур-Султан шаарынын аэропортун беребиз деп сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт Эргешов.

МАМАТАЛИЕВ: "Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берип койгонго болбойт"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берип койгонго болбой турганын айтты.

"2018-2019-жылды карап көрсөк, аэропорттон киреше түшүп жатат. Аэропортторду башка жаранга, башка компанияга же башка мамлекетке берүүнүн кереги жок. Банкрот болуп, кыйналып иштете албай жатсак, анда бул маселени койсо болот эле. Аэропортторго жаңы нерселерди киргизейин десе менеджерлерди, маркетологдорду алуу керек. Башкаруу толугу менен Кыргыз мамлекетинде болушу керек деп эсептейм. Компанияларды алып келсин бирок өзүбүзгө иштетүү зарыл. Аларга аэропортту башкарууга бергенге болбойт. "Манас" аэропорту стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелет", - дейт Маматалиев.

ЖАПАРОВ: "Өкмөт аэропортторду бир канча убакытка гана тышкы башкарууга берүүнү сунуштап жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт аэропортторду бир канча убакытка гана тышкы башкарууга берүүнү сунуштап жатканын айтты. "Аэропортторду өкмөт эч кимге сатпайт, бир канча убакытка гана тышкы башкарууга мүмкүнчүлүк бере алат. Мисалы, Түркия мамлекети канчалык өнүгүп, өскөн болсо дагы өздөрү "Стамбул" аэропортун жакшы иретке келтире албагандан кийин европалык авикомпанияларга берип, эң сонун кылып иштетип алышты. Аты чыккан компанияларды чакырып келип, аэропортторду эл аралык системге кошуу зарыл. Ачык-айкындуулук менен жакшы компанияларды алып келүү керек", - дейт Жапаров.

МАСАЛИЕВ: "Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берүү мамлекеттин алсыздыгынын белгиси болуп калат"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берүү мамлекеттин алсыздыгынын белгиси болуп калат деген пикирде.

"Алар Жогорку Кеңештин жыйынында ишкананы өкмөт башкара албай жатканын айтып жатышат. Өкмөт эмес, биз башкара албай жатабыз деп айткыла деп билдирдим. Башкара албасаңар кызматыңарды тапшырып кеткиле деп айттым. Силер өкмөт эмес, өкмөттүн кызматкерисиңер, бул багытта туура эмес кетип жатасыңар деп билдирдим. Аэропортторду бирөөгө башкарууга берген туура эмес. Бул улуттук стратегиялык борбор, коопсуздуктун дарбазасы болуп эсептелет. Аны жеке менчикке берген жакшы эмес. Аэропортторду тышкы башкарууга берүү мамлекеттин алсыздыгынын белгиси болуп калат", - дейт Масалиев.

КЕЛДИБАЕВ: "Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берүү элдин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берүү элдин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн деген оюн айтты.

"Кыргыз өлкөсүндө стратегиялык объекттерди мамлекет башкарыш керек. Мамлекеттик объекттерди менчикке же болбосо ижарага берүү туура эмес. Бир дагы мамлекет стратегиялык объектилерди жеке адамдын колуна, чет өлкөлүктөргө бербейт. Аэропорттор тышкы башкарууга берилсе коррупциялык жолдор менен ар кандай товарлардын өтүп кетишине шарттар түзүлүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекет өзү көзөмөлдөш керек. Мындай демилге элдин нааразычылыгын жаратышы ыктымал", - дейт Келдибаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан