"Өкмөт абанын булганышы боюнча маселени чечүүдө жетишерлик иш алып барбай жатат" деп бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.
"Бишкек жана Ош абасы өтө булганган шаарга айланды, бул жакта дем алуу органдарынын ооруларына чалдыккан балдардын саны да өсүүдө. Бул багытта өкмөт тиешелүү иш-аракеттерди көрбөй жатат. Дүйнөдө булганган аба менен күрөшүүгө жардам берген ар кандай фонддор иш алып барат. Өкмөт ушул сыяктуу фонддор менен иш алып барышы керек. Мындан сырткары, Ош шаарында таза суу маселеси да курч бойдон калууда. Гранттык каражаттарды бөлүштүрүүдө ушул маселени да эске алсаңыздар", - деди депутат.