КҮНСОБОЛ: Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. Кыргыз саясатында оппозиция болууга Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?

18-июлда Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп аттанган Таалайбек Сарыбашов шайланган. Бишкек шаарына да мэрликке Азиз Суракматовдон башка талапкер көрсөтүлгөн жок. Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталы "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деп собол салды.

КАЗАКБАЕВ: "Жогорку Кеңеште Текебаев, Бабанов, Мадумаровго окшогон лидерлер болсо мамлекеттин демократиялык өнүгүшүнө түрткү болот эле"

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев оппозициянын системдүү, системдүү эмес, конструктивдүү же радикалдуу деген түрү боло турганын белгиледи. "Республика-Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңешке, шаардык кеңешке келгенде конструктивдүү оппозиция болобуз деп жарыялаганбыз. Конструктивдүү оппозиция деген бирөөнү бийликтен кетсин же радикалдуу жолдор менен такыр эле бардыгына каршыбыз дегенге жатпайт. Бир чечимге макул эмес болсок ага өз оюбузду айтып, каршы чыгабыз. Жогорку Кеңештеги, Бишкек шаардык кеңештеги, Ош шаардык кеңештеги фракциянын программалары иш жүзүндө жасалып жатса колдон келишинче жардам беребиз. Ошондуктан биз конструктивдүү оппозиция болдук. Бишкек жана Ош шаарында чындыгында мэрликке талапкер чыгара алган жокпуз. Азыркы учурда "Республика-Ата Журт" оңой эмес убакытты өткөрүп жатат. Партиянын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов сыртта жүргөндө ага кылмыш иши ачылып, Кыргыз мамлекетине убактылуу кайта албай турат. Дагы бир тең төрагасы Камчыбек Ташиев, тилекке каршы, парламентке келбей калды. Ош шаардык кеңештеги фракция талапкер сунуштаган жок. Бишкек шаардык кеңештен фракциянын ичинен талапкер көрсөтүү боюнча ар түрдүу сунуштар болгон. Бирок сунуш кылынган талапкерлер баш тартып коюшту. Талапкер көрсөтүлбөгөндөн кийин аттарын атабай эле коёюн. Жогорку Кеңештеги фракция ичинен дагы сунуштар болгон. Бирок алар дагы баш тартышкан. Ошондуктан талапкер көрсөтүлгөн жок.

Демократиялык өнүккөн мамлекетте сөзсүз түрдө оппозиция болуш керек. Системдүү, системдүү эмес, конструктивдүү же радикалдуу болобу оппозиция болуусу шарт. Кыргыз мамлекетинде андай оппозиция бар. Азыркы учурда көзгө көрүнбөгөн саясий чыңалуулар болуп жатат. Ошондуктан көпчүлүк күчтөр саясий кырдаалды байкап, талдап турат.

Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаровго окшогон партия лидерлери болсо мамлекеттин демократиялык өнүгүшүнө түрткү болот эле. Бирок ар кандай себептер менен айрымдары мыйзам алдында жооп берип, кээ бирлери Жогорку Кеңешке шайлоодон өтпөй калды. Бул табигый көрүнүш. Эң негизгиси саясий куугунтук болбошу керек. Мамлекет демократиялык нукта өнүгөбүз десек, ар бир өлкөдө оппозиция болушу кажет. Бирок бардыгы мыйзамдын алдында бирдей болсун. Ошону менен катар эле президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракети токтобошу керек. Бул коррупцияга каршы күрөшүүнү ар бир саясатчы, ар бир жаран колдошу зарыл. Коррупция - мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө тоскоол болгон чоң илдет. Муну жеңүүнүн башка жолу жок", - деди Казакбаев.

БААТЫРБЕКОВ: "Өмүрбек Чиркешовичти деле оппозициячыл деп айтууга болбойт"

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун пикиринде, оппозициянын мэрликке талапкер көрсөтпөгөнүнүн себеби шайлоодо жеңиле турганын билген.

"Өмүрбек Чиркешовичти деле оппозициячыл деп айтууга болбойт. Оппозициянын түрү бар, баары жакпайт деген оппозиция жана конструктивдүү оппозиция. Учурда Бишкек шаардык кеңешинде “Республика-Ата Журт" оппозицияда болуусу зарыл. Алардын көрсөтпөгөн себеби шайлоодон жеңишке жетерине көзү жетпесе керек. Менин оюмча, ошол себептен алар талапкер көрсөткөн жок. Чынында эмне себептен талапкер көрсөтүшкөн жок өздөрү билет болуш керек. Учурда кыргыз саясатында оппозиция бар деп эсептейм. Ошондуктан коомдо ар түрдүү көз караштар чыгып жатат. Учурдагы оппозицияны конструктивдүү оппозиция деп атасак болот", - деди Баатырбеков.

НЫШАНОВ: "Оппозиция мэрлик кызматка талапкерин чыгарса деле өтпөйт"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов бүгүнкү күндө оппозиция талапкер чыгарса боло турганын айтып, бирок ал талапкер 100 пайызга өтпөй турганын белгиледи.

"Оппозиция талапкерин көрсөтсө деле өтпөйт. Суу жетпеген жерге арык казгандай болуп калат. Ошондуктан оппозиция күчү жетпегени үчүн мэрликке талапкерин чыгара албайт. Оппозиция талапкер чыгарып тоскоол болгондон көрө көпчүлүк коалиция сунуштаган адамды колдоп коюп жатат. Ал эми Текебаев тууралуу айта турган болсом, ал оппозициячыл болуп төрөлгөн. Мындай адамдар тарыхта аз болот. Кээ бири бийликке жеткенден кийин өзүнүн позициясын өзгөртүшөт. Бирок бул киши пикирин өзгөртпөй, бардык жерде оюн айтып жүрөт", - деди Нышанов.

АРТЫКОВ: "Текебаевди оппозициянын желеги же белгиси деп эсептебейм"

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков оппозициянын аталган шаарларга мэрлик кызматка талапкер чыгарууга алы жеткен жок деген пикирде. "Текебаев дайыма бийлик менен ойноп келген. Оппозиция болуп жүргөндө соодалашып жүргөн. Мен Текебаевди оппозициянын желеги же белгиси деп эсептебейм. Оппозиция алы жетпеген үчүн мэрликке талапкер чыгарган жок болуш керек", - деди Артыков.

БЕКЕШЕВ: "Азыркы учурда реалдуу оппозиция жок"

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдиргендей, өлкөдөгү саясатта реконструкция болуп жатат. "Менин оюмча, азыркы тапта реалдуу оппозиция жок. Саясатта реконструкция болуп жатат. Бир топ түшүнүксүз процесстер болуп калды. Текебаев - тажрыйбалуу саясатчы. Бирок ал учурунда оппозицияда, бийликте да болгон", - деди Бекешев.

ЖАМАЛДИНОВ: "Оппозиция талапкерлер чыгара берүүдөн чарчады"

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов кыргыз саясатында оппозиция жеңиле берип чарчады деген оюн айтты.

"Учурда оппозиция талапкер чыгара берүүдөн чарчады. Талапкер деле шайлоодо теңме-тең атаандаш боло турган болсо талапкерлигин коёт да, өтпөй турганын билип талапкерлигин коюудан баш тартып жатса керек. Турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы, көпчүлүк коалиция кимди көрсөтсө ошол өтүп жатат. Менин оюмча, көпчүлүк коалиция бир эле талапкерди чыгарбашы керек, жок дегенде эки талапкер чыгарып анан кимиси мыкты экенин таразалап тандашса болмок. Текебаев деле дайым атаандаш катары чыккан эмес. Учурда деле оппозиция бар. Азыркы бийлик, өкмөт жаңы келди, убакыт аз эле болду. Учурдагы оппозиция иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Убакыт өтүп, бийликтин ишинде катачылык кетсе, оппозиция көтөрүп чыгуучу маселелер пайда болот", - деди Жамалдинов.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Азыр бизде каршы пикир айткандар бар, бирок накта оппозиция жок"

Укук коргоочу Калича Өмүралиеванын айтымында, оппозициянын өзүнүн платформасы болушу керек.

"Оппозиция өзүнүн платформасы бар күч болушу абзел. Өз оюн айта алуусу шарт. Азыр ким өз оюн айтып жатат? Айткандардын баарын камакка отургузуп коюшту. Эл коркот. Саясатта жүргөндөр болсо пикирин айтып чыкпай жатат. Эл өз бийлигине оппозиция болуп жүрсө, бул мамлекеттин шору да. Өмүрбек Текебаевди оппозиционер эле деп айтышат. Бирок ал да айрым маселелерде бийлик менен кызматташып кетмек. Мисалга, ЖЭБ маселесин келтирсек болот. Азыр бизде каршы пикир айткандар бар, бирок накта оппозиция жок", - деди ал.

РЫСКУЛБЕКОВ: "Оппозициялык фракция мэрлик кызматка талапкер сунуштоо мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок"

Юрист Эрик Рыскулбеков оппозициянын милдетин шаардык кеңештеги азчылык коалиция аткарышы керектигин билдирди.

"Биздин мыйзамда оппозициядан альтернативдүү талапкер чыгаруу укугу азчылык коалицияга берилген. Бирок алар муну колдонушкан жок. Бул шайлоочуларга карата берилген белги. Кийинки чакырылышта бизге мындай депутаттар керек эмес. Мэрликке талапкерди премьер-министр да сунуштаса болмок. Бирок ал да бул кадамга барган жок. Азиз Суракматов буга чейин Жогорку Кеңеште депутат болгон, шаардык кеңешти жетектеп келген таанымал эле инсан. Мен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга “эмне үчүн сөзсүз Суракматов талапкер болушу керек? Башка татыктуу талапкер жок беле?” деп суроо бергим келип жатат. Негизи эле коалиция талапкер ким болот деп талкуу кылдыбы? Жок дегенде партия ичинде бир нече талапкер чыгып, праймериз жолу менен тандап алынышы керек эле да. Биз буга чейин бийлик тарабынан сунушталып келген Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду көрдүк го. Эмне үчүн кайра эле ушундай жол менен келип жаткан Суракматовго мүмкүнчүлүк беришибиз керек?" - деди Рыскулбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер ар кандай себептерден улам комментарий берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан