Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген собол салды.
МАДУМАРОВ: “Оппозиция болуш үчүн тоодой жүрөк керек. Бүгүнкү күндө андай саясатчыларды парламенттен көргөн жокмун”
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга өзүнүн пикирин билдирип, ачык айтып жүргөн инсандардын баары чыныгы оппозиция экенин белгиледи.
“Оппозиция тек гана саясатта болбойт. Азыркы көрүнүштөргө өзүнүн терс көз караштарын жазып жүргөн акындар, сын көз караш менен макала жазып жүргөн журналисттер - оппозиция. Жалгыз эле саясатчы оппозиция болбойт. Саясий партиялардын ичинен бүгүнкү күндө өзүнүн пикирин ачык билдирип, көз карандысыз ойлорун айтып жүргөн биздин “Бүтүн Кыргызстандан” башка бир дагы партия калган жок.
Парламентте оппозиция болбогондун кесепетинен ушундай окуялар болуп жатат. Эмне гана маселе каралбасын, жогорку жактан ким кандай сунуштарды киргизбесин, баары бир атанын жана бир эненин балдарындай. Парламентте кайчы пикирлер дээрлик айтылбайт. Оппозиция болуш үчүн тоодой жүрөк керек. Бүгүнкү күндө андай саясатчыларды парламенттен көргөн жомун”, - дейт Мадумаров.
ЖОЛДОШЕВА: “Учурда өлкөдө оппозиция жок”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева оппозиция - демократиялык өлкөнүн өнүгүүсүнө негизги түртө турган күчү экенин айтты.
“Тилекке каршы, азыркы учурда биздин өлкөдө оппозиция жок. Оппозициялык маанайдагы инсандар бар. Ал эми парламенттеги оппозициялык фракциялар өздөрүнүн милдеттерин так аткара албай жатышат. Демократиялык өлкөдө сөзсүз түрдө оппозиция болушу зарыл. Анткени оппозиция бар жерде өнүгүү болот жана бийлик көп ийгиликтерге жетет. Себеби оппозиция тарабынан бийликке канчалык негиздүү сын-пикирлер айтылса, бийлик кетирген кемчиликтерин, каталарын көрүп, угуп өз убагында оңдоп турмак”, - деди экс-депутат.
МИСКЕНБАЕВ: “Учурда чыныгы оппозиция - бул Алмазбек Атамбаев”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаевди жамандоо менен алек деген пикирин айтты.
“Мурунку депутат катары айтсам, Жогорку Кеңеште оппозиция бар экенин байкаган эмесмин. Азыркы учурда баары бийлик тарапта болуп жатат. Президент Сооронбай Жээнбековду Алмазбек Атамбаев "досум" деп алып келген эле. Жээнбеков иш кылбай эле 25 жылдан бери достошуп жүргөн адамын бир жылдан бери жамандап келе жатат. Өзгөрүү жок, экономика артка кетти. Атамбаевди жамандоо менен ал абийир таппайт. Атамбаевди эч качан саясаттан чийе албайбыз. Менин оюмча, чыныгы оппозиция Атамбаев болот”, - деди Мискенбаев.
САСЫКБАЕВА: “Парламентте оппозиция жок болуп жатат”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева чыныгы оппозициянын күчү көрүнбөй турганын билдирди.
“Парламентте оппозиция жок болуп жатат. Жогорку Кеңеште оппозиция күчтүү болбосо, өнүгүү болбойт. Көп стратегиялык маселелер, мыйзам долбоорлор туура эмес кабыл алынганын көрүп туруп унчугушпайт. Мисалы, жараатты ачып туруп дарылаш керек да. Аны ачпай туруп дарылаганда пайда болбойт. Ошондуктан болгон маселелерди ачык чыгарып, чечүү зарыл”, - деди Сасыкбаева.
КАРАСАРТОВА: “Адамдарды сындабай, алардын басып жаткан жолун сындаган саясатчылар жагат”
Укук коргоочу Рита Карасартова партиялык систем болгондуктан парламентаризм тез арада өнүгүп кетпейт деген пикирде.
“Шаардык кеңештерде дагы партиялык систем болгондон кийин кээ бир учурларда күлкүлүү нерселерди көрөсүң. Жогорку Кеңеште бири-бири менен оппонент болуп жүргөн фракциялар шаардык кеңештерде коалиция түзүп алган болушат. Оппозиция өнүгүшү үчүн убакыт керек. Бүгүнкү күндө оппозиция деп аталган фракциялар дайыма эле бийликтин көз карашына башкача көз караштарын көрсөтө албайт.
Оппозициялык маанайдагы саясатчылар бар. Бийлик жактан мыйзам бузулуп калганда элге пикирин таратып турган саясатчылар бар. Мисалы, Равшан Жээнбековдой саясатчылардын адамдарды сындабай, ошонун басып жаткан жолун сындаганы жагат”, - дейт Карасартова.
АБДРАХМАН: "Оппозиция десе эле элдешкис душмандар деп түшүнүү туура эмес"
Журналист Шайырбек Абдрахман учурдагы оппозиция деп “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттарын жана эркин депутат Жанар Акаевди айта ала турганын билдирди.
“Алар оппозициялык пикирлерин айтып келет. Оппозиция десе эле элдешкис душмандар деп түшүнүп жатпайбызбы. Негизи оппозиция деген сөз “талкууда каршы пикир айтуу” деген түшүнүктөн келип чыккан. Мурда биз оппозиция десе, элдешкис душмандарды түшүнүп келгенбиз. Азыркы учурда өнүгүүгө жетип бара жатабызбы же мезгилдин талабыбы, бийликтин жасап жаткан айрым кадамдарын туурасын "туура" деп, туура эмесин "туура эмес" деп айткандарды оппозициялык пикирдеги адамдар деп айтса болот.
Мисалы, өзүнүн пикири бар депутаттар Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов оппозициялык пикирдеги депутаттар эмеспи? Оппозиция болуу үчүн сөзсүз душман болуп, куугунтукталып бири-бирин кубалаш керекпи? Мындай түшүнүктөрдү башкача өңүттө дагы кароо зарыл”, - деди Абдрахман.