КҮНСОБОЛ: Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дейт. Эгемендүү өлкөнүн парламент депутаттарынын мындай маалыматтарды жайылтып жатканы туурабы?

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып билдирген. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, учурда депутатты сындап жатышат.

SUPER.KG порталы "Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дейт. Эгемендүү өлкөнүн парламент депутаттарынын мындай маалыматтарды жайылтып жатканы туурабы?" деген собол салды.

КАДЫРБЕКОВ: "Депутаттын минтип айтып жатканы таң калычтуу"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков саясатчылар коомго так маалыматтарды айтышы керек деген пикирде.

"Саясатчы болгондон кийин парламентте болобу, же башка жерде болобу так маалыматтарды айтышы керек. Бир маалыматты божомолдоп айткан болбойт. Мындай сурамжылоо же изилдөө жүргүзбөй туруп, Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп айткан туура эмес. Депутаттын минтип айтып жатканы таң калычтуу", - дейт Кадырбеков.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деген пикир туура эмес"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Акылбек Жапаровдун пикири туура эмес деген оюн билдирди.

"Депутаттын минтип айтканы туура эмес, негиз да жок. Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдобойт. Бизде канча президент, канча депутаттар шайланып жатат. Алар Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн күйбөгөндүктөн, Орусиянын курамына кирүү боюнча ойлогондор да бар. Алар алсыздыктан айтып жатышат.

Акылбек Жапаров азыркы Конституция боюнча элдин өкүлү эмес. Элдин өкүлү болбогондон кийин элдин атынан сүйлөбөй эле койсун", - дейт Мукар Чолпонбаев.

ТАЛГАРБЕКОВ: "Депутаттын 90 пайыз эл Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дегени ашыкча болуп калды"

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков депутаттын айтканы туура эмес болуп калды деген пикирде.

"Акылбек Жапаров өзү тажрыйбалуу депутат. Анын минтип айтканы ашыкча болуп калды окшойт. Мындай чоң маселени иликтөө жүргүзүп анан айтыш керек да. Ошон үчүн бул туура эмес. Мындай чоң маселелерди абайлап айтып жүрүш керек. Акылбек Жапаров өзү депутат, илимдин доктору болсо, мындай пикирди айтпаш керек эле. Ал өзү мындан жыйынтык чыгарат деп күтөбүз", - дейт Талгарбеков.

АЙБЕК МЫРЗА: "Депутаттын Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдойт деген маалыматы калп"

Жарандык активист Айбек Мырза депутаттын пикири жалган маалымат экенин айтты.

"Депутаттын пикири туура эмес, бул сепаратизм, чыккынчылык, биз суверендүү мамлекетпиз. Акылбек Жапаров жалган маалыматтарды таратып жатат. Ал эч кандай изилдөөлөрдү жүргүзбөй эле өзүнүн ою менен мындай идеяларды көтөргөнү туура эмес. Кыргыз эли буга окшогон депутаттарды шайлабашы керек. Ал шайлоо алдында орустарга жагынуу аракетин көрүп жатса керек. Акылбек Жапаров мурунку чакырылышта "Ар-Намыс" партиясы менен депутат болгон. Ал партияны Орусия колдойт деген сөздөр айтылып жүрөт. Акылбек Жапаровдун сөзүнө прокуратура баа бериши керек", - дейт Айбек Мырза.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деген пикири үчүн жооп бериши керек"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров депутаттын мындай пикирине таң калып жатканын билдирди.

"Депутаттын Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп айтканы туура эмес, жаңылыштык. Анын пикирине таң калып жатам. Башында бул фейк маалымат экен деп ойлогом. Көрсө чындап эле ушинтип айткан экен. Ошол сөзү үчүн ал жооп берүүгө тийиш. Кечирим сурап же эмненин негизинде ушундай пикирди айтып жатканын далилдеп берсин", - дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан