"Мадина" кафесинин ээси, ишкер Хуфур Абдурахеман BMW X5 унаасын айдап чыккан бойдон 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылды. Кармалгандардын экөө мурда милицияда иштеп кеткени айтылууда. Ошондой эле шектүүлөрдүн арасында уюшкан кылмыштуу топтун да мүчөсү бар экени жазылууда.
SUPER.KG порталы "Бишкекте бизнестин өкүлүн белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, бир нече күндөн кийин анын сөөгү табылды. Кылмыш кримдүйнөнүн өкүлдөрү тарабынан жасалганы айтылды. Бийлик качан кримдүйнөнү ооздуктайт?" деген собол салды.
БОКОЕВ: "Бул иштин башталышын көрө элекмин, көрүп калсак айталы"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев кримдүйнөнү ооздукталышы боюнча иштин башталышын көрө электигин айтты.
"Бул иштин башталышын көрө элекмин, көрүп калсак айталы. Ишкердин өлүмү боюнча кылмыш ишинде кимдер бар экенин билбейм, таанышкан жокмун. Негизи кылмыштуулук менен күрөшүү укук коргоо органдарынын негизги иштеринин бири. Биздин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жакын арада бул тууралуу маселени карашы керек. Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча кандай иштер аткарылып жатат? Бул чоң маселени карабай жүрө берсек, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бийликке, жергиликтүү бийликке аралашып кетиши мүмкүн. Өтө опурталдуу маселеге көңүл буруу зарыл", - дейт Бокоев.
СУБАНБЕКОВ: "Кримдүйнөнү ооздуктоо боюнча укук коргоо органдары иштеп жатышат"
Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков бийлик, ички иштер органдары иштеп жатышат деген пикирде. "Ишкер жоголгон күнү парламенттен бул маселе көтөрүлгөн. Бир ишкерди белгисиз бирөөлөр алып кетип ошол бойдон жок деп айтканбыз. Анын сөөгү табылганын жана кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматты интернеттен окуп калдым. Укук коргоо органдары иш алып барып жатышат. Кылмышка шектүү адамдардын арасында мурда милиция кызматкери болуп иштегендер дагы жүрүшөт. Кыргызда "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген сөз бар эмеспи. Эми алар колу менен кылганды мойну менен тартып, жазасын алышсын", - дейт Субанбеков.
БАКИРОВ: "Ишкердин өлүмү боюнча окуя көпчүлүктү чочутуп, инвесторлорду кооптондурушу мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бул жакшы эмес көрүнүш деген пикирде. "Мындай окуя ишкерлерди чочутуп, инвесторлорду кооптондура турган кырдаал болуп калды. Кылмышка ИИМдин кызматкерлери да аралашкан деген маалымат айтылып жүрөт. Бул нерсени уюшкан кылмыштуу топ ишке ашырганы көрүнүп турат. Тергөө аныктап, жазасын бериши керек. Уюшкан кылмыштуу топтор 5-10 жылга салыштырмалуу тынчып калгандай болду эле. Бул окуя кайрадан өткөн учурларды эстетип жатат. Премьер-министр тапшырмаларын берди. Мындан улам жыйынтык болушу керек", - дейт Бакиров.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков бул көп нерседен кабар бере турганын айтты. "Баарынан мурда, киши колдуу болгон ишкердин арты кайырлуу болсун.
Бул окуя ашыкча комментарийди талап деле кылбайт. Бүгүнкү абалды даана чагылдырып жатат. Кримчөйрөгө мурдагы орган кызматкерлеринин дагы катыштыгы болгону айтылды. Бул көп нерседен кабар берет.
Мамлекетибиздеги реформаны Ички иштер министрлигинен баштасак абдан орундуу болот.
Каракталган сумма көп деле болбошу мүмкүн, бирок бул кабардын өзү эле инвестициялык жагдайыбызга жана өлкөбүздүн престижине тескери таасирин тийгизет. Маалыматтык доордо жашап жатабыз. Элдин мамлекетке болгон ишеними азайып баратат. Баш аламандыкты токтотуу мезгили келди. Башкы командачыдан эл талап кылышы зарыл. Көп нерсе чегинен ашып бара жатат", - дейт Исаков.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Бийлик кримчөйрөнү тез арада ооздуктоосу зарыл"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бийлик кримдүйнөнү тез арада ооздукташ керек деген пикирин айтты.
"Бул албетте, өкүнүчтүү окуя болду. Адамдын өмүрүнө кол салуу боюнча көрүнүш өлкөгө залакасын тийгизет. Ошол адам өлтүрүүгө катыштыгы бар дегендердин арасында мурда күч органында иштегендердин болгону тынчсыздандырат. Бийлик кримдүйнөнү ооздукташ керек. Мындай окуялар буга чейин да болуп келген", - дейт Токтонасыров.