Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданды. Ал жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканын айтты. Депутат эл өкүлдөрүн фейк маалыматтарга каршы күрөшүүгө чакырды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутаттар арызданууда. Социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү керекпи же мындай күрөш сөз эркиндигине коркунуч жаратпайбы?" деген собол салды.
МОМБЕКОВ: "Социалдык тармак жакшы адамды жаман деп элдин пикирин өзгөртө албайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков социалдык тармакка чек коюунун кажети жоктугун билдирди.
"Социалдык тармак маалымат каражаты болуп эсептелбейт. Бул адамдар арасындагы пикирлер, агымдар. Агымдар ачыкка чыгып жатса, алар менен күрөшүү бул болбогон нерсе. Дүйнө жүзүндө буга чектөө жок. Социалдык тармактын зыяндан пайдасы көбүрөөк. Бул аркылуу элдин пикирин аныктаса болот. Каалайбызбы, каалабайбызбы социалдык тармак бул күзгү жана үлгү. Күзгүнүн алдына кыйшык отуруп алып, аны талкалаштын кажети жок. Ошондуктан мен социалдык тармактарга чек коюп, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирет деген сөздөн алысмын. Анткени кандай болгон учурда да сен жакшы адам болсоң, социалдык тармакта сени жаман деп элдин пикирин буруп коё албайт. Сен жөнүндө пикирди социалдык тармак өзгөртө албайт", - дейт Рыскелди Момбеков.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү үчүн эки багытты өнүктүрүү керек"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү үчүн эки багытты өнүктүрүү керектигин айтты.
"Биз социалдык тармактагы, жалпы медиалык платформадагы, ар кандай көз караштагы, керек болсо жалданма адамдар менен дагы күрөшүүнүн механизмин билбейбиз. Эгерде социалдык тармактарда кайсы бир жалданма пикир жазгандарга мыйзам кабыл ала турган болсок, анда анын көзөмөлдөө жана адилеттүүлүк механизмин табуу оор болуп калат. Ошондуктан биз андай жолдорду тандабашыбыз керек. Жалданма болсо дагы алар пикирин жазганга укуктуу. Ошону менен бирге башка багыттагы сөз эркиндигин өнүктүрүү зарыл. Мисалы Кыргыз мамлекетинде бүгүнкү күндө "фактчек" деген уюм бар. Маалымат каражаттары, социалдык тармактагы жалданма колдонуучулар бир нерсе жазса чын же калп экенин "фактчектке" окшогон уюмдар иликтеп, коомго берип турушу керек. Иликтөө жана журналистиканы өнүктүрүү шарт. Эки багытты өнүктүрө турган болсок, жалданма журналисттердин, жалданма социалдык тармактын колдонуучуларынын көз карашы алыска барбай калат", - дейт Жээнбеков.
АМАНБАЕВ: "Социалдык тармактагы маалыматтарды көзөмөлгө алуу туура эмес"
Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев сөз эркиндиги деп эле ойго келгенди жаза берген туура эместигин айтты. "Сөз эркиндиги мыйзам чегинде, так маалыматка таянып, коомчулукка жарыялоо болуп эсептелет. Ошондуктан азыркы Кыргыз мамлекетинде социалдык тармактагы маалыматтарды көзөмөлгө алуунун кереги жок. Бул коомчулукка керек. Мамлекеттик чиновниктердин, депутаттардын иштери боюнча жазган пикирлерге чек койгонго болбойт. Социалдык тармактагы маалыматтарды көзөмөлгө алуу туура эмес. Маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүндө жалган маалымат таратуусуна жол берилбеши керек", - деди Аманбаев.
ТУРДУКУЛОВ: "Фейктер экстремисттик көз караштагы маалыматтарды таратпаса аларды куугунтуктабаш керек"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов социалдык тармактардын колдонуучулары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү этиканы сакташы керек деген ойдо. "Социалдык тармактардын колдонуучулары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү этиканы сакташ керек деген ойдомун. Аларды мыйзам нугунда укук коргоо органдары же сот системи аркылуу артынан түшүп кармаган бул сөз эркиндигине болгон кандайдыр бир кысым. Эгерде ошол фейктер улуттар аралык араздашуу, экстремисттик көз караштагы маалыматтарды таратпаса, аларды куугунтуктабаш керек", - дейт Турдукулов.
КАРАСАРТОВА: "Социалдык тармактарда комментарий жазып отургандардын артында бийлик өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери турат"
Укук коргоочу Рита Карасартова билим тармагын оңдосок фейктер өзүлөрү эле чыгып калат деген пикирде. "Эгерде депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн бийликте отуруп алып, демилге көтөрүп жатса, эртеңки үнү өзүнүн башына тиерин унутпасын. Саясий абал бат-бат өзгөрүп турат. Кечээ эле Карамушкина сөз эркиндигине кол салып жүргөн. Бүгүн кайрадан жарандык коомдон жардам сурап жатат. Эгер биз билим тармагын оңдосок, фейктер өздөрү эле чыгып калат. Фейк маалымат таратуу, жалданма адамдарды отургузуп социалдык тармактарда комментарий жазып отургандардын артында бийлик өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери турат. Маалымат коопсуздугу менен Улуттук коопсуздук кызматы иштеш керек. Бакыт Төрөбаевге Ирина Карамушкинанын тагдыры сабак болуш керек", - дейт Карасартова.
УСЕНОВА: "Мамлекет маалымат булактарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга умтулуш керек"
Медиа эксперт Бегаим Усенова талашка түшкөн маалымат менен ага карата атаандаштын ой-пикири болгондо гана күрөшсө болот деген ойдо.
“Менин кесиптешим Авланбек Жумабаев айткандай, алгач депутаттар өздөрү тастыкталбаган маалыматтарды жаратпашы керек. Алар шайлоонун алдында укмуштуудай убадаларды берип келгендерин унутпасын. Чынында, мындай демилгелер көбүрөөк цензурага окшошуп калат. Жалган, тастыкталбаган маалыматты таратуу, адамдын беделине шек келтирүүчү, намысына тийген, жек көрүүчүлүктү тутанткан, зордук-зомбулукка шыкактоо сыяктуу маалыматтарды тараткандарга карата өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык, укуктук баа берилерин депутаттар билбей калышы мүмкүн эмес. Мындан тышкары, кандай гана маалымат болбосун, ага карата жаралган талкууга тыюу салынбашы керек. Айрым өзгөчө кырдаалдар учурунда (кырсык, массалык баш аламандык, жаратылыш кырсыктары) мамлекет өзү бейтарап маалыматтарга ээ боло албай калат. Мындан улам тастыкталбаган маалыматты жайылтууга бөгөт коюунун эң оптималдуу чечими - мамлекет коомдун алдында ачык-айкындуулугун жоготпошу керек. Башкача айтканда, коомдук маанилүү окуяларда маалыматты толук, ачык бериши шарт. Мамлекет маалымат булактарынын ачык-айкындуулугун жана ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга умтулуусу зарыл. Бул багытта жарандык коом жардамга келет. Булардын баары ачык жана эркин талкуунун негизинде гана ишке ашат", - деди ал.