Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.
КАРАШЕВ: “Өкмөт чечкиндүү реформага барса алдыга жылабыз”
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөттө такыр эле иш болгон жок деп айта албай турганын билдирди.
“Иш-аракеттер болду. Ошол эле мезгилде реформалар кечеңдеп жатат. Өкмөт башчы бир жыл иштеп, эми көзүбүз жетти, реформа жасайбыз деп жатат. Чечкиндүү, кардиналдуу реформаларга барбасак экономика өспөй тура берет. Өкмөттү улам-улам алмаштырганда туруктуулук болбой, инвесторлор дагы келбей калат. Өкмөттүн ишине канааттандырарлык деп колдоп мүмкүнчүлүк берүү керек. Бирок кардиналдуу реформа жасалбаса алдыга жылбайбыз”, - дейт Карашев.
МОМБЕКОВ: “Өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айтууга моралдык акым жок”
Депутат Рыскелди Момбеков Абылгазиев баштаган өкмөт бир жыл ичинде көрүнүктүү иш жасай алган жок деген пикирин билдирди.
“Азыркы аткаруу бийлигине ашыкча сын айтып келген эл өкүлү катары алардын берген отчётун канааттандырарлык эмес деп эсептейм. Себеби бир жылдын ичинде алар тарабынан бир дагы көрүнүктүү иш жасалган жок, бир дагы инвестор тартылган жок. Бул жөнөкөй факт. Экинчиден, эл өкүлдөрү берген ишенимди актай албады, бюджеттин киреше бөлүгүнө белгиленген план-тапшырманы аткара алышкан жок. Тактап айтканда 6,9 миллиард сомго аз акча жыйналды. Демек, өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айтууга моралдык акым жок”, - дейт Момбеков.
СУЛАЙМАНОВ: “Өкмөттү жаман десек, жакшы өкмөттү бизге эч ким бербейт”
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн өкмөттүн отчётун колдой турганын айтты.
"Өкмөттү көпчүлүк коалиция түзгөн. Өкмөттү жаман десек, жакшы өкмөттү бизге эч ким бербейт. Жетишпегендиктерди, багыттарды айтып жатабыз. Бүгүн өкмөттүн отчётун колдоп беребиз”, - дейт Сулайманов.
ТУРДУКУЛОВ: "Өкмөт президентти кылчактап карап турат, отчётунда да буга чейин президенттин парламентте сүйлөгөн сөзүн кайталады"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов өкмөт мындай темп менен иштесе өлкө өнүгө албайт деген оюн айтты.
"Өкмөт башчы дайыма президентке көз каранды болуп келген. Конституция өзгөргөндөн кийин премьер-министрдин ыйгарым укуктары көбөйөт деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Азыр деле өкмөт президентти кылчактап карап турат. Жакынкы күндөрдө эле президенттин парламентке келип сүйлөгөнү өкмөттүн ишин толук кандуу көзөмөлдөп жатканынан белги берди. Премьер-министр болсо ошонун эле сөзүн кайталап айтып жатат. Жаңы бийлик келгенден кийин эл кандайдыр бир амбициялуу талаптар, максаттар аткарылат деп күткөн. Бирок бүгүн өкмөт башчы ички дүң продукция 4 пайызга өстү деп жетишкендик катары айтып жатат. Бул жөн гана бир жерде тургандык эмес, артка кеткендин белгиси. Мындай темп менен биз өнүгө албайбыз.
Мурда бийлик кандайдыр бир коррупциялык схемалар менен болсо да инвесторлорду тартууга аракет кылып, гранттарды алып келчү. Азыркы бийлик болсо мамлекеттик мурунку аткаминерлерди абакка отургузуп койду. Инвестор керек десек, элди ууландыра турган уранды айтып жатат. Акчаны бюджетке толтургула деген талапты койсок, жаңы кодексти ишке киргизип, элдин үстүнө салык салып жатышат. Жада калса ошол "Коопсуз шаар" да туура эмес системде жүргүзүлгөндүктөн элдин түйшүгү артты. Бул көрүнүш сөзсүз түрдө нааразычылыкты күчөтөт. Жумушсуздук өсүп жатат, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан аткезчилик боюнча алдыда турган мамлекет болуп жатабыз, жумуш орундарын түзөбүз дегени менен тышкы мигранттардын саны өсүүдө. Өкмөт статистикалык гана функцияны аткарып жаткандай таасир калтырды", - дейт Турдукулов.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Президент өкмөттү колдоп жатканда бардыгы аларды мактап жатып калышат”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, өлкөдө өкмөттүн эффективдүүлүгүнө президент, анын тегерегиндегилер, мамлекет башчыларга кызмат кылган уюмдар гана баа берет.
“Өлкө башчы алардын баарына өкмөттү колдоп жатканы боюнча команда берет. Президент колдоп жатканда бардыгы өкмөттү мактап жатып калышат. Ошонун айынан Абылгазиев “жакшы иштеп жатабыз” деп айтып жатат. Бирок экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардыгы артка кетүүдө. Өкмөткө болгон элдин ишеними күндөн-күнгө артка кетип жатат. Бирок президент колдогон үчүн бардыгы өкмөттүн иши жакшы, эффективдүү болуп жатат деген коомдук пикирди элге сиңиргенге аракет кылышууда. Бул туура эмес. Жалпы эл бүгүнкү күндө өкмөттүн алсыздыгын, колунан көп нерсе келбей турганын, программасы жок экенин, экономикалык маселелерди чече албастыгын түшүнүп калды”, - дейт Жээнбеков.
ТОКТОНАСЫРОВ: “Өкмөттүн элдин жашоосун оңдоого багытталган иш-аракеттери жок”
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өкмөттүн отчётуна канааттандырарлык деп баа берилгендиги ыза кыла турган көрүнүш деген пикирде.
“Эмненин негизигинде Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп айтып жатат? Бул туура эмес. Элди шылдыңдагандык. Абылгазиев айтып берсинчи кайсы жерде ишкана ачылды? “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды, бирок эч нерсе оңдолгон жок. Элдин жашоосун оңдоого багытталган иш-аракеттер жок. Өкмөттүн отчёту канааттандырарлык эмес деп табылышы керек. Парламент Абылгазиевге сыйыңыз менен отставкага кетиңиз деп айтышы керек болчу”, - деди Токтонасыров.
АЙТИКЕЕВ: “Бул өкмөт өзүнүн чоң реформалары менен көпчүлүктүн эсинде калган жок”
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт жыл башында жаңы кодекстерди ишке киргизүүсү менен бир топ сын-пикирлерге кабылганын айтты.
“Бул өкмөт өзүнүн чоң реформаларды, чоң өзгөрүүлөрдү жасоосу менен көпчүлүктүн эсинде калган жок. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт жыл башында жаңы кодекстерди ишке киргизүүсү менен бир топ сын-пикирлерге кабылды. Ошондой эле “түкүрүк өкмөт” деп эл ичинде айтылып калды. Кыргыз-Казак чек арасындагы бүгүнкү абал - жүк ташуучу унаалардын өтпөй турганы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тышка экспорттолбой калганы көрүнүп жатат. Депутаттар өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп койгону абсурд.
Коомчулукта өкмөткө нааразычылыктар чоң. Ошондой эле депутаттардын арасында дагы нааразычылыктар бар болчу. Буга чейин президент Жогорку Кеңеште сүйлөп, көрсөтмө берип кеткендей болду. Парламент ошондон кийин өкмөттү колдой баштады. Ага чейин сындап келишкен. Президенттин сөзүнөн кийин маанай өзгөрдү. VI чакырылыштын депутаттары бир дагы өкмөткө “канааттандырарлык эмес” деп баа койгон эмес. Бардык өкмөттү колдоп келишкен. Буларда позиция жок экенин айтса болот. Мунун далили - Сапар Исаковдун өкмөтүнө 20 күн мурда канааттандырарлык деп баа беришип, өлкөдөгү саясий абал өзгөргөндө, экс-президент менен президенттин ортосундагы тиреш ачыкка чыкканда Ак Үйдүн көрсөтмөсү менен 20 күндөн кийин мурдагы чечиминен артка кайтышкан”, - дейт Айтикеев.
ОРОЗБАКОВ: "Чындык деген киши азыркы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айта албайт"
Саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикиринде Кудай деген, чындык деген киши Абылгазиев баштаган өкмөттү жакшы иштеди деп айта албайт.
“Жок, кошулбайм. Менин түшүнүгүмдө ал Кыргыз өлкөсүнүн эгемен жылдарындагы болгон премьер-министрлеринин ичинен эң чабалы. Эч кандай реформа жок. Экономика токтоп калгандай сезилет. Жада калса жөнөкөй деп эсептелген аткаминерлердин санын да кыскартканга жараган жок. Бул киши дагы бир кишиге өтө жагат. Ал киши качан кетет экен деп күтө берет көрүнөбүз.
Мен бүгүн отчётун угуп отурсам, Абылгазиев Кыргыз өлкөсүнүн рейтингин көтөрүп салдым деп жатат. Буга мисал кылып Бүткүл дүйнөлүк банктын бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги дегенин айтты. Кыргыз өлкөсүндө бизнес жүргүзүүнүн шарты жакшырса келбейт беле инвестор, кана келгени? Эгерде банктын рейтинги бизнес жүргүзүүнүн шартын объективдүү чагылдырса, Кытай эч качан өнүкмөк эмес. Анткени ал ошол рейтинг боюнча дайыма дүйнөдөгү өлкөлөрдүн эң артында болуп келген. Абылгазиев отчётунда айткан 2018-жылдагы ички дүң продукциянын өсүшү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч. Мен кыргыз президенттери башкарган жылдардагы орточо экономикалык өсүштү эсептеп чыктым. Акаев башкарган 2001-2005-жылдарда ал 4,8 пайызды, Бакиев башкарган 2006-2009-жылдары 5,7 пайызды, Атамбаев башкарган 2012-2017-жылдары 5 пайызды түзгөн. Жээнбеков менен Абылгазиев башкарган 2018-жылы 3,5 пайыз. Бул да жакшы, быйыл өсүш таптакыр эле болчудай эмес. Алгачкы үч айдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр алтын кенин кошпогондо өсүш 1 эле пайыз. Орусияга санкция киргизип, кыйын жыл болду дейт. Эмне башка өлкөлөргө жеңил болуптурбу? Экономикалык өсүш Тажикстанда 7,3 пайыз, Өзбекстанда 5,1 пайыз, биздин көрсөткүчтү Орусиядагы абал артка тартып жатса, ЕАЭБден чыкпайбы, чын эле тоскоол болуп жатса. ЕАЭБ тоскоол болсо Арменияда экономикалык өсүш 5,2 пайызды түзбөйт эле да. Абылгазиев өкмөттү 10 жыл башкарса да бир ишти жасарынан күмөнүм бар. Мен аны жаңы дайындалганда эле айткам”, - дейт Орозбаков.