Спецназдын өлүмү жана милиция кызматкерлеринин жаракат алышы боюнча кылмыш иши ачылды

Кой-Таштагы жаңжалда каза болгон атайын даярдыктагы жоокердин жана күч органдарынын жаракат алган кызматкерлеринин окуясы боюнча кылмыш иши ачылды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтары курал колдонуу менен УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, массалык башаламандык башталган. Жаңжалдан 2 атайын даярдыктагы жоокер жаракат алып, алардын бири каза болгон. Экинчи спецназдын абалы оор болуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Мындан тышкары 1 милиция кызматкеринин абалы оор делинип жандандыруу бөлүмүндө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130 (адам өлтүрүү), 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деди маалымат кызматынан.

Аталган министрликтен белгилегендей, Кой-Таштагы жаңжалда күч түзүмдөрү жарандарга карата курал колдонгон эмес.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bars88
2019-08-08 10:27:01
Спецназга эле жалка.Атса элди аттын деп камалат атпаса башкасы атып олуп атат
+11
JaneEr
2019-08-08 10:32:29
Кимге керек эле кан тогуу?
+4
jemile
2019-08-08 10:48:48
Байкуш спецназ, ал да кыргыздын уулу болчу, ошон үчүн кол көтөрө алган эмес каршылыка
+9
bond02
2019-08-08 10:50:28
Мына эми кармагыла Атамбаевди буга чейин куноосун далилдей албай жаттынар беле?
+5
Ka2sr1
2019-08-08 12:06:34
bond02,
Атамбаевти камамак түгүл Жээнбековтун бийликте турганга эч кандай моралдык да укугу жок. Жээнбеков жогол. Ушундан коро сен олсон болмок. Эл азаматсынар. Жээнбековтун приказына жеңилбегиле.
0
Dj.
2019-08-08 12:58:18
Томон жактагы киргиз! Кыйналбай кыргызча эле жазчы! Бул кыргыз тилдуу сайт. Сен адашып кирип алдын башка эшикке!
+8
Alixan-Nookat.2015
2019-08-08 11:05:02
Элдик кошуун чыгып Атамбаевдин тарапташтарын чагымчылдыка алданбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Түндөгү мастар соолукса түшүнүшөт болуш керек, спецназ баланын өлүмүнө Атамбаев жооп бериш керек.
+2
nuri9999
2019-08-08 11:13:59
Эгер ашанын куноосу жок болгондо биринчи суракта эле барып эл алдында куноосу жок экенин далилдеп келет эле. Жактоочулары тарапташтары кой барба деп каршылык корсоткон кундода мен барамын эл алдында ак экенимди жузум жарык экенин далилдейм деш керек эле. Бозуган кыз олом деп энесин коркутат болуп эми элдин артына жашынып бей куноо балдардын ажалына себепчи болуп отурат бети жок алкаш
-1
gute
2019-08-08 11:23:04
Элдерге ок чыгаргандары учун кылмыш ишин ачпайсынарбы ?
Же озунор го озунор кылмыш ишин ачкынар келбей жатабы ?
-2
Globalnews
2019-08-08 12:43:36
Аша будь мужиком, не используй бездельных людей ради своей бескорыстной цели, не дай умирать невинным простым людям. Уважаемый президент, быстро и тактично задержи его, иначе ситуация в стране не утихнет, и ты не сможешь продолжать свою антикоррупционную работу. Аша - мастер провокационной политики! Хватит людям мозги промывать! Люди, вы тоже очнитесь! совсем уж заблудились, народу и стране нужен МИР! Хватит бесконечно быть живым оружием некоторых эгоистов!
-4
Altunbek20
2019-08-08 13:14:43
Атамбаев чык,элдин артына жашынбай ак болсон,сен учун карапайым уулдар олуп жатат,чыныгы канкор болдун
-2
sabira.1990
2019-08-08 13:43:29
Атамбаевчыгалбай жатса кк ажатканага кириштен коркуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан