Экс-депутат Равшан Жээнбеков 7 сааттан кийин сурактан чыкты

Бүгүн, 15-августта экс-депутат Равшан Жээнбеков ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка кирген. Ал эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, 17:00дө чыкты.

Маалым болгондой, суракта Кой-Таштагы видеолор каралгандан кийин Жээнбековду коё беришти. Эртең, 16-августта саат 11:00дө кайра суракка барары маалым болду.

Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочу менен келүүсүн айтышкан. Бул тууралуу экс-депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. Ал эми убактылуу жактоочусу Замир Жоошев Равшан Жээнбеков төртүнчү ирет суракка чакыртылып жатканын айткан.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков 7 сааттан кийин сурактан чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-08-15 20:54:23
Акча болсо эле сүйлөй турган адам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан