8-9-августта Бишкекте орун алган баш аламандыкта бейбаштык кылгандардын бири кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиргендей, кармалган жаран патрулдук милициянын унаасына зыян келтирген.
"Бишкек ШИИББинин мобилдик батальонунун кызматкерлери 9-августта түнкү саат 01:00 чамасында баш аламандык учурунда күзөткө чыгышкан. Чыгыш-5 кичи районуна жакын аймактан жолдун четинде турган белгисиз адамдардын бири милициянын кызматтык унаасын (Ниссан Санни үлгүсүндөгү) таш менен урган. Анын кесепетинен унаанын алдыңкы терезеси талкаланган. Материалдык чыгым 12 миң сомду түзгөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 1994-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү келтирилген чыгымды төлөп берген. Учурда Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.