Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө коомдук тартипти орнотуу максатында Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүздү.
"Сүйлөшүүнүн негизги максаты кан төгүлбөстөн Атамбаевдин колго түшүп берүүсүн жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы белгиленген. Бирок Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон жок. Ал атышууга даяр экендигин белгиледи. Ошондо Кашкар Жунушалиев атышуу бул жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилеп, өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып, Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген.
Сүйлөшүү жүргүзүлүп жаткан учурда Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит болгон. Кундуз Жолдубаева “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз” деп айтып жатты. Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы 3 мүнөт убакыт берилген. Үйдүн ичиндеги Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп, чыгууга даярданып калган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сыртттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенген. Өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан, кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Мындан улам, анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.
Андан сырткары, айрым жагдайлар 7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө иликтөө иш-чаралары боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүп, кошумча маалыматтар текшерилип жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен кээ бир маалыматтар азырынча ачыкталбай тургандыгын да белгилейбиз. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди", - деп жазылат маалыматта.