Текебаевдин иши каралып жаткан Жогорку Соттогу процесске келгендердин баары киргизилген жок

Бүгүн, 21-августта Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу каралып жатат.

Буга чейин 16-июлда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларынын арызынын негизинде ишти кайра карамак. Анда соттук отурум 21-августка жылдырылган.

Бирок Жогорку Сотто өтүп жаткан процесске келгендердин баары киргизилген жок. Алардын арасында сотту чагылдырууга келген журналисттер да бар. "Атүгүл Текебаев менен Чотоновдун ишине тиешеси жок өз жумуштары менен келгендер мекеменин ичине киргизилбей турат. Алар мындай көрүнүшкө учурда нааразы болуп жатышат", - дейт жеринде жүргөн кабарчыбыз.

Азыркы тапта процесстин жүрүшүндө жактоочулар иштин жаңы жагдайлары тууралуу сөз алып сүйлөшүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
islamidin
2019-08-21 17:27:01
Акталып чыксындар эми
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан