Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алууга" беренеси боюнча шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бул боюнча Карамушкинага маалымат берилген.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.