Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча бүгүн депутаттар билдирүү жасайт

Бүгүн, 21-майда саат 14:00дө Жогорку Кеңеште экс-депутат, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маалымат жыйын өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган маалымат жыйынында Текебаевдин иши боюнча ачылган жаңы жагдайларга соттун көңүл буруусун талап кылышмакчы. "Маалымат жыйынга "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын мүчөлөрү жана депутаттар катышат. Ошондой эле эркин депутат Жанар Акаев да болот", - дешти "Ата Мекенден".

Маалымат жыйынынан кийин адвокаттар Текебаевдин иши боюнча жаңы ачылган 5 жагдайды тизмектеп, Жогорку Сотко арыз менен кайрылышмакчы.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан