Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.
Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген собол салды.
ШЕСТАКОВ: "Салянованын ишинде эч кандай саясатты көргөн жокмун"
Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, учурда коомдо адилеттүү соттук чечимдерге талап жогору.
"Аида Салянованын ишинде эч кандай саясатты көргөн жокмун, бирок ишти саясий боёкко айлантуу аракети болууда. Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып жатат. Алексей Елисеев Максим Бакиевдин эң жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү. Максим Бакиев кандай иштегенин 2010-жылдын 7-апрели көрсөттү. Эгер Салянованын ишинде саясат бар болсо, ал 3 жашар наристеси бар экенине карабай азыр абакта отурмак. Анын кызынан кичүү балдары бар энелердин эркинен ажыратылган учурлар бар эмеспи. Албетте, Салянованын күнөөсү канчалык болгонун жакшылап териштирүү зарыл. Бирок "Саляновага каршы саясий куугунтук болду" деп эсептебейм.
Карганбек Самаковдун ишин дагы саясий деп айтуудан алысмын. Ал жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталууда, бул экономикалык маселе. Балким, башында саясий жагы болгон, бирок ал Алмазбек Атамбаев менен эмес, Өмүрбек Текебаев менен чырдашып кеткен. Эгер Самаковдун ишин саясий десек, анда Сапар Исаковдун ишин да саясий деп баалоого туура келет.
"Элдик парламент" боюнча да териштирүү керек. Бул кыймылдын мүчөлөрү мамлекетке канчалык коркунуч жаратканын аныктоо керек. Менин оюмча, "Элдик парламент" курч билдирүүлөрүнө карабай, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыра ала турган саясий күч болгон эмес. Анын мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге каршы чыгышкан, бирок алар менен бирге жүздөгөн же миңдеген жарандар чогуларына ишениш кыйын.
Албетте, бул бардык иштер бирдей эмес. Ар бирин өз өзүнчө караш керек. Учурда коомдо адилеттүүлүккө суроо-талап жогору", - деди Шестаков.
КАЗАКБАЕВ: "Саясий куугунтук кимге болгонун жана болбогонун тарых көрсөтөт"
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин айтымында, бардык жагдай мыйзам жолу менен иликтенип, чечилиш керек.
"Биз көз карандысыз, өз алдынча мамлекетпиз, Конституциябыз бар. Соттолгон адамдардын бардыгы соттун чечими менен соттолгон. Алардын бошой турганын же бошобой турганын сот гана чечет да. Саясий куугунтук болгонбу, болгон жокпу, кээ бир саясатчылардын ою менен аныктай турган болсок, анда биздин мамлекетибиз жоголот. Бардык нерсе мыйзам жолу менен чечилиши керек.
"Саясий куугунтук болду" деген пикирдин жаралышына соттор адилеттүү болбой калганы коомдогу аларга болгон ишеним төмөндөп кеткени себеп болууда. Учурда президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагында эрктүүлүк бар экенин элге жарыялады, бул чоң жоопкерчилик. Айтылган мындан аркы аткарылчу иштерге мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, коомчулук, баарыбыз жардам кылышыбыз керек.
Баса белгилеп кетейин, саясий куугунтук болдубу же болгон жокпу сот чечет, соттор акыйкат болсо, коомдо мындай түшүнүктөр өзүнөн өзү азаят. Мен азыр ким саясий куугунтук менен камалганын айта албайм. Кимге саясий куугунтук болуп, кимге болбогонун убакыт, тарых көрсөтөт", - деди Казабаев.
ЖЕТИМИШБАЕВ: "Соттор бир белгини күтүп, иш алып барып жаткандай таасир калтырууда"
Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаевдин пикиринде, "саясий негизде соттолгон саясатчылар бийлик алмашканда эле акталып кетиши керек" деген жаңылыш ой, мыйзамдын жолу менен иш алып барышыбыз керек.
"Бул соттолгон саясатчыларды кандай деңгээлде болсо да, сот күнөөлүү деп соттогон. Адилеттүү болобу, адилетсиз болобу, сот кескен, сурак болгон. Эми "президент алмашты" деп эле аларды чыгара коюу тездик менен аткарылчу иш эмес. Иш процедурасы бар, мыйзам сакталыш керек, жаңы ачылган жагдайлар болуш керек. Дагы бир тарабынан мамлекет башчынын көз карашы да өз таасирин берет.
Жакында өткөн Кубанычбек Кадыровдун сотунда сот алардын жылын кыскартты, бул өсүш десем болот. Соттун чечимин буза берүү да мыйзам бузуучулук, ошондуктан биз убакыт беришибиз керек. Бул иштер кайра ачылып, процесс кайра жүрүшү керек, буга убакыт кетет.
Биздин соттор учурда көз карандысыздыкка жете албай келүүдө, өз эрки менен чечим чыгарган соттор көчөдө калып, бийликти уккандар кылчактап, бүдөмүк чечимдерди чыгарып жашоосун өткөрүүдө. Бул өкүнүчтүү. Учурда деле соттор чечкиндүү иш алып барган учур боло элек, соттор да бир белгини күтүп иш алып баргандай таасир калтырууда", - деди Жетимишбаев.
АКМАТАЛИЕВ: "Жээнбеков сотторго эркиндикти берди"
Саясий серепчи Алмазбек Акматалиевдин айтымында, соттор өз алдынча чечим чыгаруу кадамын жасай албай, мурунку калыптанган абалдан чыга албай жатышат.
"Атамбаевдин убагында бир топ саясатчыларга саясий куугунтук болуп,айрымдар саясий жагдайдан улам соттолгону - бул факт. Азыркы соттор мурда бир жерди карап көнүп калышкан, сот тармагында ошондой психологиялык абал калыптанып калган, ошондон чыга албай жатышат.
Учурда мурдагыдай жогору жактан көрсөтмө берүү жок, Жээнбеков сотторго эркиндикти берди. Болгону соттор өз алдынчалыкка ээ боло албай жатат.
Дагы бир жагдай "карга карганын көзүн чокубайт" дегендей, бири соттосо, кийинкиси актай албай кыйналып жатышат. Сот бийлиги эч жактан көрсөтмө күтпөш керек, азыр Жээнбеков айтып соттолгондор акталып кетсе, анда Атамбаевдин тушундагы көрүнүштөн айырмасы кайсы? Соттор өз алдынча чечим чыгарууга жетишип, өздөрү кетирген катачылыкты өздөрү түздөш керек", - деди Акматалиев.
АИЛЧИНОВА: "Азыркы бийлик камактагы саясатчыларды чыгаруудан коркуп турат"
Журналист Жамиля Аилчинова (Насирова) азыркы бийлик өз кызыкчылыгынын айынан саясатчыларды абакта кармап турат деген пикирин билдирди.
"Азыркы бийлик "отуздай саясий мотив менен камалгандарды чыгарып жиберсек, алар дагы кыйкырып тынчыбызды алат" деп коркуп турат. Алар камалып турганда эл да бийликтен сестенет, элди сындыруунун жалгыз оптималдуу варианты дешип, аларды дагы 1-2 жыл камакта калтырчудай. Өмүрбек Текебаевдин чыгышы да күздөн кийин болчудай, анткени чыгарып жиберсе, шайлоодо көп орун алып кетеби деп сарсанаа болуп турушат. Садыр Жапаровдун да ишин создуруп барып, күздөн кийин чыгарат, анткени анын да партиясы бар. Бийликке мекенчилдердин кереги жок, анткени, кылган иштерибиздин былыгын чукуп коёбу деп кабатыр болушат. Эгер бийлик "Кумтөрдөгү" үлүш 67/33 пайыз менен калуусун кааласа, анда Жапаровду былтыр күздө эле абактан бошотмок. Демек, "Кумтөр" баягы Атамбаевдин кезиндегидей таз кейпинде калып кетеби деген тынчсызданууга толук негиз бар.
Аскарбек Шадиевди качырып жибергенден кийин бийликке болгон мендеги үмүттүн 50 пайызы өчтү. Анын 2 миллиард долларлык оокатына эми ким ээлик кылат? Анын тагдырын бир эле адам чечкендей болуп калды, анын ким экенин жакшы билесиңер", - деди Аилчинова.
БАЙСАЛОВ: "Сегизбаев-Жолдубаева баштап берген инерция менен иштер уланууда"
Саясий ишмер Эдил Байсалов камактагы саясатчылар президенттин ырайым жарыялоо укугунан пайдаланышы керек деген пикирде.
"Алардын баары мурунку президенттин тапшырмасы менен соттолуп, камалган. Эми жаңы президент таза иштесин деп жатабыз да, ошол эле учурда андан "сотторго саясий буйрук бер, бошотуп актап өкүм чыгарып беришсин" деп күтүүдөбүз. Соттор менен прокурорлор болсо баягы эле Сегизбаев-Жолдубаева баштап берген инерция менен иштерин улантууда.
Президенттин колундагы ырайым жарыялоо укугунан болсо пайдалангысы жок. Мисалы, Текебаев түздөн-түз баш тартып жатат. Мен ал келтирип жаткан себептерди түшүнө албай койдум. Эч жерде "президенттин ырайымы менен бошотулсаң, күнөөңдү моюнга алгандай болосуң" деген норма жок. Жакында эле мына Малайзиянын падышасы түрмөдөн оппозиция лидери Анвар Ибрагимге ырайымын көрсөтүп бошотту. Бул мамлекет башчысынын эң негизги укуктарынын бири, кимди кааласа актап, кимдин жазасын кыскартып, кимдикин күнөөсүн кечет", - деди Байсалов.
Аталган соболго жооп алуу үчүн экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеевге кайрылдык, бирок алар жооп берүүдөн баш тартты.