"7 күн ичинде 7 жылга чоңойдум" дейт "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунан четтетилген оюнчу

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 8-күнү "кызыл кемселчендерден" ырчы Калыс Жакыпов кетти. Команда мүчөлөрү ага каршы 4, Шерхан Абкуловго каршы 1 добуш беришти. Оюнчулардын айтымында, Калыс Жакыпов менен алардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Ага Айгерим Эшимдин долбоордон четтетилгени себеп болгон. Мындан улам, команда мүчөлөрү ага каршы добуш беришкенин айтышты.

Ал эми Калыс Жакыпов оюндан четтетилгенин буйруктан дейт. "Бул долбоорго катышып калганым буйруктан болду. Буйрук экен, оюндун ортосунда кетип жатам. Жалпылап айтканда, мага долбоор аябай жакты. Буга чейин адамдарды айырмалай албасам, бул долбоордон кийин адамдарды ылгаганды үйрөндүм. 7 күн мени 7 жылга чоңойтту", - дейт ал.

Четтетилген оюнчуну узаткандан кийин, оюнчуларга команда жоюлганы, мындан ары ар ким өзү үчүн ат салышары айтылды. Катышуучулардын бардыгы кызыл кемсел кийишти.

Андан кийин редакция жана "Козу гриль" тарабынан оюнчуларга бир козунун эти тапшырылды. Бир аптадан бери ысык тамакты, этти сагынып калганын айтышып, ыраазычылыктарын билдиришкен катышуучулар "эми 3 күн бою эт жеп жата беребиз го" дешти.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов жана ырчы Айгерим Эшим кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

"Эже, жаштарга кошулуш керек". Катышуучу жигиттер Замира эжесин кайда сүйрөп кетишти? (8-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан