SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусу уланууда. "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын ортосунда бүгүн кандай кызыктуу мелдештер орун алат? Катышуучулар эмне себептен сөгүнүшүүдө? Алар бакалардан эмнеге капкак талашты? Тайпаларды алдыда дагы кандай сыноолор күтүп жатканын бүгүн, 18-сентябрда кечинде көрө аласыздар.
Реалити-шоу долбоорунун талабына ылайык, катышуучулар 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.