"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору. Катышуучулар күчтүү атаандашына каршы добуш беришип, аны оюндан четтетишти

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунан төртүнчү оюнчу кетти. Долбоордун 5-күнүндө күчтүү каршылаш делинген оюнчуга эки команда тең каршы добуш беришти.

Дегенибиз, утулуп калган "Көк кемсел" командасы жашыруун добуш берип, анда Азамат Аманидиновго каршы 2, Деңиз Маданбековго каршы 2 жана Кудайберди Айтбосуновго каршы 1 добуш берилди. Бул жерде эки оюнчунун добушу бирдей болуп калгандыктан, "Кызыл кемсел" командасы дагы аты аталган эки оюнчуга добуш беришти. Кызыгы "кызыл кемселчендердин" 6 оюнчусу тең Деңиз Маданбековго каршы добуш берип, ал долбоордон четтетилди.

Катышуучулар Деңиз Маданбековду узаткандан кийин, эмнеге ага каршы добуш бергендерин айтышты. Көпчүлүгү ал күчтүү оюнчу экенин айтып, өздөрүнүн жеңишин камсыз кылуу максатында тандаганын билдиришсе, айрымдары Азамат Аманидиновго каршы добуш көп болуп калбасын деп жөн эле Деңизди тандап алгандары менен түшүндүрүштү.

Ал эми долбоордон төртүнчү болуп четтетилип жаткан Деңиз Маданбеков долбоор абдан кызыктуу болгонун билдирди. "Ушул долбоордун уюштуруучуларына рахмат. Бул жакка келгенден бери күнүгө кызыктуу оюндар өттү. Бул долбоор эсте каларлык мүнөттөрдү тартуулады", - дейт ал.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, андан кийин Нуркыз Кожонова четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Добуш берүүдө күтүүсүз окуя орун алды (5-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан