"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 12-күнүндө бир оюнчу четтетилип, 3 оюнчу калды. 14 кишинин арасынан суурулуп чыккан катышуучу финалга өттү.
Өз каалоосу менен оюндан чыгып, атаандаштарынын жеңүүсү үчүн жол ачып берген Саниа долбоордон четтетилди. Финалга өткөн оюнчулар Саниага ыраазычылыгын билдирип, анын күчтүү жана эрктүү экенин баса белгилешти.
Айгерим Ибрагимова: "Мен эжемди, курбумду дагы таба алдым. Ал Саниа. Анын бүгүнкү чечими чындыгында күтүүсүз болду".
Ал эми жеңишке бир кадам калганда өз эрки менен багынып берген Саниа бүгүнкү чечими тууралуу буларга токтолду. "Финалга чыккандар, чындыгында силер жеңишке татыктуусуңар. Силердин жеңишиңерди каалайм. Долбоордон четтетилген "Кызыл кемсел" командасынын оюнчулары мени жаман көрүп жатса керек. Шерхан Абкуловду алып калса болмок, баланчага каршы добуш берсе болмок деп. Бирок атаандаштарымдын арасынан Кудайберди Айтбосунов менен Марска күйөрмандык кылып келгем. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым.
Бул долбоорго келип, сырттан тааныган ырчыларды жакындан билдим. Мыкты инсандарды жолуктурдум. Эң негизгиси долбоор адилеттүү өтүп жатат", - деп коштошту.
"Мен оюн башталганда кызыксыз болсо керек деп ойлогом. Бирок таймаш башталганда кызыктуу болуп кетти. Таймаштын алгачкы күнүндө оюндан четтетилген Чыпалак баатырды сыйлап калдым. Ал кетип жатканда мага "сен жеңишиң керек!" деп кетти. Ал эми Замира Хатамова оюн башталгандан бери эле мага колдоо көрсөтүп, ишеним артып жатты", - дейт Марс.
Ырчы Кудайберди Айтбосунов оюнчулар тууралуу кеп салып, долбоордон четтетилген катышуучуларга кайрылды.
"Долбоордун катышуучуларынын аркасы менен ушул күнгө чейин таймашып келе жатабыз. "Жаңылбас жаак, мүдүрөлбөс туяк болбойт" дейт го. Балким байкабай катуу айтып алып, көңүлүн оорутуп алгандырмын. Ошондуктан бардык оюнчулардан кечирим сурайм", - деди ал. Анын бул кайрылуусуна башкалары дагы кошуларын билдиришти.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу, "Bizon" энергетикалык суусундугу жана "Шах" чайы. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.