"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинен сүрөттөр

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. "Супер баатыр" Кубогунун жана 100 миң сомдун ээси ырчы Марс болду. Экинчи орунду ырчы Кудайберди Айтбосунов багындырып, 50 миң сом менен сыйланды. Ал эми үчүнчү орунду Айгерим Ибрагимова камсыздап, 20 миң сомго ээ болду.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды кум жээктен SUPER TV`нын жамааты тапшырды.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Замира Хатамова, Шерхан четтетилген. Ал эми Саниа өз эрки менен утулуп, долбоордон кеткен.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Финал. Баш байге кимге буйруду? (14-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
akmanai
2019-09-29 03:15:39
Сыйлыктар силерге буйруган экен. Сыйлыгынар куттуу болсун. Жашоонун жалан жакшы сыйлыктарына арзып журо бергиле! Куттуктайм!
0
shankol88
2019-09-29 06:56:48
Саал АДИЛЕТҮҮ кылып башкачараак ойлоп тапкыла өз күчү менен жеңетурган кылып ошондо кызыйт менин жеке пикирим...
+4
jike
2019-09-29 08:56:46
Айдаганын беш эчки ышкырыгын Таш жарат болуптурго.
+3
karona12
2019-09-29 12:02:43
эл ичинен тандасанар жакшы болмок ырчылардые ынтымагы кетиши мумкун мындайда.
+4
admin_portal
2019-09-29 12:37:19
karona12, саламатсызбы! Долбоорго катышуу үчүн каалоочулардын баарына тегиз шарт түзүлгөн.
-3
mirkaa5182
2019-09-29 22:41:13
Супер эми кийинкисинде карапайым адамдардан да көбүрөк алгыла, а так жалаң артистерди чогулуп калмай болуп атат, мисалы мага окшогон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан