"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 12-күнү күтүүсүз окуялар менен коштолду. Ырчы Саниа таймаштан кийин эмоциясын жашыра албай ыйлады. Ал көзүнө жаш алганынын себебин атаандаштарын бир туугандай көрөрүн, алардын жеңишке жетүүсүн каалап жатканы менен түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү оюнда Саниа өз каалоосу менен оюндан чыгып кетти.
"Атаандаштарым менен бир туугандай эле мамиледе болуп калдым. Көзүнөн мончок жашы чууруп... Менин эмоцияларымдын оюнга тиешеси жок. Булар оюн башталгандан тарта эле өздөрүнүн күчтүүлүгүн, бардык кыйынчылыктарга чыдай ала тургандыгын көрсөтүп келе жатышат. Алар күчтүү экенин өзүм, үй-бүлөм, досторум дагы баалайт. Азыркы оюнда аягына чейин тура алмакмын. Буттарым деле ооруган жок, чакадагы суу деле төгүлүп, кулаган жок. Бирок карасам атаандаштарымдын буттары талып баштады.
Мен башынан эле ушул үч адамдын жеңишин каалап келгем. Алар жеңишке татыктуу. Өзүмдү алсызмын деп эсептебейм. Мен дагы күчтүүмүн. Бирок мен бул долбоорго акча үчүн келген эмесмин. Эң негизгиси адамдын көңүлү жана туруктуулугу. Мен таймаш үчүн ыйлаган жокмун, болгону сезимдеримди жашыра албай, эмоцияга алдырып жатам".
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу, "Bizon" энергетикалык суусундугу жана "Шах" чайы. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.