"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору уланууда. Таймаштын 9-күнүндө ар бир оюнчу өзү үчүн күрөшүп, кол тийбестик тумарын алууга ат салышты.
Бул ирет 7 оюнчу кум жээкке чогулуп, "Супер-Инфону тандайбыз, мезгилден артта калбайбыз" аталышындагы оюн ойношту. Анда ар бир оюнчу "Супер-Инфо" гезитин тартылган жиптен өйдө эки колу менен көтөрүп турушту. Оюн старт алгандан баштап оюнчуларга чектөөсүз убакыт берилди. Оюнчулардын чыдамкайлыгын таразалаган таймашта биринчилерден болуп Марс Мамаев чыкса, анын аркасынан Саниа чыкты. Алар 8 мүнөттө оюндан чыкты. 17 мүнөттө Айгерим Ибрагимова колдору талып, чыдабай кеткенин айтып, көзүнө жаш алды. Анын айтымында, өзүнөн бир топ жаш улуу Замира Хатамовадан биринчи чыгып кеткени аны ызалантты.
Мектепте тентек болуп, бурчта колу, бутун көтөрүп көп турганын, азыр ошонун пайдасы тийип жатканын айткан Шерхан Абкулов таймаштын 22 мүнөтүндө оюндан чыкты. Эгер аарылар болбогондо, оюндун аягына чейин гезит көтөрүп турарын билдирди.
Ал эми Кудайберди Айтбосунов оюндан 26 мүнөттөн кийин чыкты. Анын чыгышына аарылар себеп болду.
Оюн талаасында Замира Хатамова менен ырчы Назэль калды. Замира Хатамова Бишкекке барганда бардык катышуучуларга балмуздак алып берерин айтса, Назэль тойго чакырса, көңүл үчүн барарын билдирди. Колдору талыса дагы чыдамкайлыгы менен гезитти көтөрүп турган эки айым чакалайдын чак түшүндө 3 саат 40 мүнөт турушту. Ырчы Назэль тартылып турган жипке колун тийгизип алып, жеңишти Замира Хатамовага алдырып жиберди. "Акыркы мүнөттөргө чейин чыдаганга туура келди. Оюн башталар алдында көбүрөөк тамактанып алыптырмын, гезитти көтөрүп турганда кускум келип аябай кыйналдым. Буга чейин өгүз тартыш оюнунда колумду оорутуп алгам", - дейт Замира Хатамова.
Күндүн катуу ысыгында 4 саатка чукул эки колу менен көтөрүп турган оюнчулар темир айымдар аталды.
Жигиттер мынча убакыт гезитти көтөрүп тура албасын айтышып, таң калып, оюндан кийин эки айымдын колун укалап беришти.
Кол тийбестик тумарын тагынган Замира Хатамовага редакциянын атынан саат жана тамак-аш берилди.
"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов, ырчылар Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов кеткен.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.